Бош убакыт

Википедия дан
Бош убакыт

Бош убакыт адамдагы ( жамаат , коомдогу) э? зарыл, керект?? иштерине кеткен убакытты чыгарып салгандан кийин калган, иш к?н?н?н сырткары мезгил ( к?н , жума , ай , жыл ).

Бош убакыттын чеги адамдардын тиричилик ишмердигиндеги жалпы убакыттын ичине кирген иш к?н? (кошумча эмгектенгенин кошкондо) менен жумуштан сырткаркы мезгилинин (анын ичине зарыл иштер менен колу бошобогон мезгил да киргизилет) ортосундагы айырма аркылуу аныкталат.

Азыркы коомдо Бош убакыт маселеси ?з?н?н татаалдыгы менен айырмаланат, тигил же бул коомго м?н?зд?? к?р?н?шт?рд? чагылдырып, ар-т?рд??, кээде карама-каршы мазмунга жык толгон. Социалдык-тарыхый категория катары Бош убакыт ?ч негизги чен-?лч?м менен м?н?зд?л?т: к?л?м? (чо?дугу), т?з?л?ш? (структурасы) жана мазмуну менен Бош убакыттын к?л?м?, биринчи кезекте, тигил же бул коомго м?н?зд?? иш мезгилинин узактыгына жараша болот, тактап айтканда жумуштан сырткаркы мезгилдин жалпы к?л?м?н? жараша.

Бош убакыт ?з?н?н т?з?л?ш? (уюшулушу) менен да м?н?зд?л?т. Алсак, бул ? жигерд?? чыгармачылык ишмердик (окуу, ?з алдынча билимин арттыруу, жекече (газета, журнал, китеп, ж. б.) жана жалпы (кино-театр, музей, ж. б.) маданий-рухий керект??л?р; дене машыгуулары (спорт); с?йг?н иши менен алектен??; пайдасыз эс алуу (ичимдик ич??, убакытты бошко кетир??, ж. б.). Демек, дайындуу иш менен алек болуу, анын сапаты ? Бош убакыттын мазмунун т?з?т.

Бош убакыт деген жумуш жана зарыл ?йд?г? кыймылдардан тышкары убакыт мезили. Ал да зарылдуу кыймылдардар тышкары ?з? ?з?нч? колдонгон убакыт - зарылдуу кыймылдар деген мисалы жеп-ич??, уктоо, жумушка баруу, окуу, ?йд?г? жумуштар, жана адеттеги стресс. Кээде бош убакыт менен зарылдуу иштер арасындагы айырмасы эркин колдонулат, мисалы кээ бир адамдар бош убакытында жумушуна тиешел?? иштер кылышат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8