Муаммар Каддафи

Википедия дан

Каддафи , Муаммар бен Мохаммед Абдель Салям бен Хамид Абу Меньяр аль-Каддафи - (7. 06. 1942, Италиялык Ливия, Мисрата муниципалитети, Сирт шаары ? 20. 10. 2011, Ливия, Сирт шаары) ? Ливиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. Ливиянын ≪революциячыл жетекчилигинин≫ башчысы. ≪Эркин офицерлер≫ уюмун т?з??ч?л?рд?н бири. Полковник. Ливия университетинин тарых факультетин (1963), Ливиядагы аскер окуу жайын (1965), Улуу Британиядагы Боунингтон-Хис аскер окуу жайынын даярдоо курсун (1966) б?тк?н. 1969-77-ж. Революциялык командачылык ке?ешинин т?рагасы, 1970-жылдан Ливия Араб Республикасынын Куралдуу К?чт?р?н?н жогорку башкы командачысы жана Улуттук коргоо Ке?ешинин т?рагасы, 1970-72-жылдары премьер-министр, 1972-74-жылдары Араб социалисттик уюмунун т?рагасы, 1977-жылдан Жалпы элдик конгресстин генералдык секретары. 1969-ж. 1-сентябрда ливиялык армиянын жаш офицерлер тобу мамлекеттик т??к?р?ш уюштуруп, королдук бийликти кулатып, Ливия Араб Республикасы жарыяланган. Бийлик М. Каддафи башында турган Революциялык командачылык ке?ешке ?тк?н. 1970-ж. Ливия аймагындагы британдык жана америкалык согуштук базаларды жойгон. Египет президенти Г. А. Насер менен жакшы мамиледе болгон. 1971-ж. Египет, Сирия жана Тунис менен бирдикте Араб Республикалар Федерациясын т?зг?н. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун иш чараларына к?м?к к?рс?тк?н. 1973-ж. Ливиядагы чет элдик мунай компаниялары менен банктарды мамлекеттештирген. 1974-ж. ≪исламдык социализм≫ программасын жарыялап, ?лк?д? араб социалисттик уюмуна гана жол берип, башка партияларга тыюу салган. 1980-жылдары Ливияда экономикалык, административдик реформаларды ж?рг?з?п, согуш чыгымдарын кыскартууга аракеттенген. Батыш ?лк?л?р?, АКШ М. Кадаффини террористтерди жана террорчул уюмдарды колдойт деп таап, Ливияга каршы экономикалык ж. б. санкцияларды колдонгон. 2004-ж. бул экономикалык санкциялардын к?б? алынган. 2008-ж. август айында 200д?н ашык африкалык шейх, эмир, султан жана уруу башчылары тарабынан М. Каддафи ≪Африка королдорунун королу≫ болуп жарыяланып, 2009-ж. февралда Африка союзунун т?рагалыгына шайланган. 2010?11-ж. араб ?лк?л?р?нд? бийликтегилерге каршы демострация, протесттер к?ч алып, Ливияда Ливиянын Улуттук убактылуу ке?еши т?з?лг?н жана ?лк?д? граждандык согуш башталган. 2011-ж. 27-июнда Эл аралык кылмыш соту М. Каддафини камакка алууга уруксат берген. Сирт шаарын алуудагы согушта жарадар болуп, колго т?ш?п, ?лт?р?лг?н.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]