Корей Эл-Демократиялык Республикасы

Википедия дан

Коре Эл-Демократиялык Республикасы
кор. 조선민주주의인민공화국

Герб
Туу Герб
Урааны : кор. 强盛大國
≪К?чт?? ?н?кк?н ?лк?≫
Гимн : ≪Мекенге болгон с?й?? ыры≫
КЭДР д?йн?л?к картасында
Эгеменд??л?к к?н? 9-сентябрь 1948-жылы

Жапония дан)

Расмий тили Корей тили
Борбор шаары Пхеньян
Ири шаарлар Пхеньян , Хамхын , Кэсон
Башкаруу формасы Социалистик республика
Мамлекеттик ке?ешинин т?рагасы Ким Чен Ын
Аянты
? Жалпы
97 - д?йн?д?
120 540 км²
Калкы
? Бааланган ( 2011 )
? Жыштыгы

24 457 492 адам ( 49 )
193,54 ад./км²
Акча бирдиги КЭДР вонасы
Домени .kp
ISO коду KP
ЭОК коду PRK
Телефон коду +850
Убакыт аралыгы UTC +9

Корей Эл-Демократиялык Республикасы ( кор. 朝鮮 民主主義 人民 共和國 (Чосон Минджуджуи Инмин Конхвагук)}}, кыт.  朝鮮民主主義人民共和國), Т?нд?к Корея ? Чыгыш Азия дагы Корей жарым аралчагы нын т?нд?г?нд? жайгашкан мамлекет. Т?нд?к т? Кытай , т?нд?к-чыгышта Орусия , т?шт?кт? Корей Республикасы ( Т?шт?к Корея ) менен чектешет. Батышта Сары де?из ге, чыгышта Жапон де?изи не чыгат. Борбор - Пхеньян калаасы. 1948-жылдын Аяк оона айынын 9 ке?ештер басып алган жерде КЭДР курулган. Мамлекеттин расмий башкы ою (идеологиясы) - Ким Ир Сен менен Ким Чен Ир ойлоп-тапкан чучхе ою ("к???л борборунда адам турган философиялык башкы ой"). ?лк?д?г? бийлик Корей эмгек партиясы нын, Ким Чен Ир атту Улуу Башкарма нын колунда.
Корей жарым аралынын т?нд?к б?л?г?н жана материктин бир аз чет-жакасын ээлейт. Батышынан Сары де?из, чыгышынан Япон де?изи менен чулганат (жээк сызыгынын жалпы узундугу 2495 км). Т?нд?г?н?н Кытай, Россия (Туманган дарыясы аркылуу), т?шт?г?н?н Корей Республикасы менен чектешет. Аянты 122,8 ми? км 2 . Калкы 24 720 407 (2013). Борбору ? Пхеньян. Расмий тили ? корей тили. Акча бирдиги ? вона. КЭДР административдик-аймактык жактан 9 провинциядан, 1 шаардан, 1 борборго баш ийген райондон турат. Кэсон (Т?шт?к Хванхэ провинциясы) жана Кымган (Канвондо провинциясы) атайын экономикалык зоналары, ошондой эле ?зг?ч? баш ий??д?г? ? Нампхо шаары (Т?шт?к Пхёнан провинциясы) ?з?нч? административдик статуска ээ. КЭДР ? Бириккен Улуттар Уюмунун (1991), Бейтарап уюмдарынын (1975) м?ч?с?. Администрациялык-аймактык б?л?н?ш? (2009):

  • Борборго баш ийген шаар.
    • Борборго баш ийген район.

Акимчилик (административдик) б?л?н?ш? [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

2004-жылга караганда, Т?нд?к Корея 9 дубанга (провинция, корейче: 도, 道 [ то ]), 2 мамлекеттик маанидеги шаар (корейче: 直轄市 , 直轄市 [ чикхальси ]) жана 3 атай акимчилик аймак. Борбор калаа - Пхеньян .

Калкы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Корей дер - гомогендик улут. КЭДР да ири улуттук аздыктар жок, жалгыз эле кытай (божомолчо 50,000) жана жапон (божомолчо 1800 киши) улуттардын ?к?лд?р? бар.

Калктын саны: 23,113,019 (2006) ?м?рд?н узундугу: Жалпыча - 71,65 жыл (эркектер - 68,92 жыл, айымдар - 74,51 жыл (2006)) Т?р?л?шт?н де?гели: бир айымга 2,1 наристе (2006). Тилдер: корей тили ; билимд??л?к - 99%

?лк?н?н калкынын басымдуу б?л?г? (99,7 %и) ? корейлер; ошондой эле кытайлар (0,2%и), филиппиндер, мо?гол, орус, вьетнам ж. б. улуттар да бар. Т?р?л??н?н т?м?нд??с?н?н калктын санынын ?с?? темпи баса?доодо. Т?р?л?? 1000 адамга 14,6 бала, ?л?м-житим 7,3 адам туура келет. Фертилд??л?к: 1 аялга 2 бала. Сырткы миграция дээрлик жокко эсе. 1990-жылдардын 2-жарымынан к?м?ск? эмиграция (негизинен Кытай менен Корей Республикасына качуу) к?ч?г?н. 15 жашка чейинки ?сп?р?мд?р ?лк?н?н калкынын 22,9%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15? 64 жаштагылар) 68,2%ин, 65 жана андан улгайгандар 8,8%ин т?з?т (2008). Орто эсеп менен 100 аялга 95 эркек туура келет. ?м?рд?н к?т?лг?н орточо узактыгы 72,2 жыл (эркектердики 69,5, аялдардыкы 75,1 жыл; 2008). Калкынын орточо жыштыгы салыштырмалуу жогору: 1 км 2 жерге 194,7 адам (2009). Э? жыш отрукташкан жерлери ? Т?шт?к Пхёнан (339,2 адам), Т?шт?к Хванхэ (299,7 адам); э? сейрек отурукташкан жерлери ? ?лк?н?н т?нд?г?. Шаар калкы 60% (2007). Ири шаарлары: Пхеньян (калкы 3198,9 ми?; 2009), Хамхын (580,9 ми?), Нампхо (467,0 ми?), Хыннам (359,6 ми?), Кэсон (351,5 ми?), Вонсан (340,2 ми?), Чхонжин (329,4 ми?), Синыйжу (285,9 ми?), Хэжу (227,2 ми?), Кангэ (207,8 ми?) ж. б. Иштеген калктын 63%тейи ?н?р-жай менен тейл?? ч?йр?с?нд?, 37%тейи айыл-чарба, токой жана балык чарбаларында эмгектенет.

Тарыхы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

1945-жылына чейин Жапония нын к?з карандыгынын астында болгон. 2-Д?йн?л?к Согуш тун б?тк?нд?н кийин 38-паралелден т?нд?г?р??к Корейдин жери Ке?ештик Бирдиги нин астында калган, т?шт?шт?р??к жакта - Кошмо Штаттар дын. КСРБ менен АКШ нын ортосунда бир мамлекет куруу боюнча келишпестиктин айынан 1948-жылында эки б?л?к ?км?тт?р, т?нд?к ( КСРБ ге багытталган) жана т?шт?к ( АКШ га багатталган), т?з?лг?н. Эк??с? баардык Кореянын башкарууга талаптанган.

1948-ж. 9-сентябрда Корей жарымаралчагынын т?шт?г?нд? Корей Республикасы курулганына жооп катары КЭДР уюштурулган. Башындан бери ?лк?д?г? бийлик КЭПтин ( Корей Эмгек Партиясы нын) колунда болгон. Чарба тармагында пландык ?н?м (экономика) орнотулган; божомолчо 1949-жылындан тарта болгон ?н?р жай , ички жана тышкы соодалашуу тармактар ?км?тт?н к?з?м?л?нд? болууда.

Министрлер кабинетинин т?рагалыгына Ким Ир Сен дайындалган. Конституциясы КЭДР жарыяланган к?нд?н к?ч?н? кирген. КЭДР 1948-ж. СССР, 1949-ж. Кытай Элдик Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди т?зг?н. Корей согушу (1950?53) б?тк?н со?, КЭДР ?км?т? б?л?нг?н чарбаны калыбына келтир?? жана андан ары ?н?кт?р??н?н, социалисттик кайра т?з??л?рд? ж?з?г? ашыруунун 3 жылдык планын (1954?56) бекиткен. Эл чарбасын ?н?кт?р?? планында ?н?р-жай жана айыл-чарба ?нд?р?ш?н калыбына келтир??, аны согушка чейинки де?гээлине жеткир?? гана эмес, эл чарбасын андан ары бир кыйла даражада жа?ыдан куруу да каралган. 1954-ж. ноябрда Корея эмгек партиясынын БКнын пленумунда коллективдештир?? (1954?59), 1956-ж. апрелде индустриялаштыруу (1956?61) ж?н?нд? чечим кабыл алынып, эл чарбасын ?н?кт?р??н?н 5 жылдык планы иштелип чыккан. Бул пландын ийгиликт?? ишке ашышына к?м?к к?рс?тк?н ?н?кт?р? ? СССР жана Кытай болгон. 1959-жылдары КЭДР алар менен достук, ?з ара жардамдашуу жана кызматташуу ж?н?нд? келишимдерди (1961-ж. 6-июлда СССР, 1961-ж. 11-июлда КЭР менен) т?зг?н. ?лк?н?н саясий жана экономикалык курулушунун башында Корея эмгек партиясы (КЭП) турган. 1950?60-жылдары КЭП жетекчилиги ?ч?н саясий к?р?шт? бийликке кайрадан Ким Ир Сен келген. Ал КПССтин саясий курсун сындап, СССР менен экономикалык жана аскер байланыштарын чектеген. 1972-ж. 4-июлда КЭДР менен Корей Респнын ?к?лд?р? эки ?лк?н? бириктир??н?н шарттарын аныктаган Биргелешкен билдир??г? кол коюшкан. Бул маселе тышкы к?чт?рд?н кийлигиш??с?з, улуттук консолидациянын негизинде жана тынчтык жол менен ишке ашырылууга тийиш болгон. 1972-ж. КЭДР жа?ы Конституция кабыл алып, ?лк?г? президент кызматын киргизген (алгачкы президенти Ким Ир Сен болгон). ЖЭЧ Президиуму жана Министрлер кабинети жоюлуп, Борбордук элдик комитет (БЭК) жана премьер-министр жетектеген административдик ке?еш т?з?лг?н. 1974-ж. БЭК бардык салыктарды жоюу ж?н?нд? мыйзам кабыл алган. 1970-жылдары КЭДРдин расмий идеологиясы - чучхе доктринасы жарыяланган. КЭДРде ядролук изилд??л?р активдештирилип, 1974-ж. атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке кирип, ядролук программаларды ишке ашыруу ?ч?н КЭРден жардам сураган. 1980-жылдары ?лк?д?г? экономикалык кризис, ошондой эле АКШ менен болгон мамиленин курчушу КЭДРдин СССР, КЭР, Чыгыш Европа ?лк?л?р? жана Корея Республикасы менен байланышын ке?ейт??г? шарт т?зг?н. 1984-ж. Ким Ир Сен СССР, Германия Демократиялык Республикасы, Венгрия, Польша, Румыния, Болгария жана Югославия ?лк?л?р?н? барып, кызматташууну ?н?кт?р?? ж?н?нд? келишимдерге кол койгон. 1994-ж. июлда Ким Ир Сен ?лг?нд?н кийин ?лк?н? анын уулу - Ким Чен Ир (1997-жылдан КЭП БКнын генералдык секретары) жетектеген. 1998-ж. Конституцияга о?доолор киргизилип, КЭДР Президентинин кызматы, БЭК жана Административдик ке?еш жоюлуп, Мамлекеттик коргоо комитетинин укуктары ке?ейтилип, ЖЭЧ Президиуму жана Министрлер кабинети калыбына келтирилген. Ким Ир Сен КЭДРдин ≪т?б?л?к президенти≫ деп жарыяланган. 1990-жылдары ?лк?н?н экономикасы т?м?нд?п, элдин социалдык абалы начарлаган. Бирок КЭДР ?км?т? аскер ишине ?зг?ч? к???л буруп, финансы жактан каржылап, 1998-ж. ?ч баскычтуу баллистикалык ракетаны сыноодон ?тк?рг?н. 2000-ж. июнда КЭДР менен Корей Республикасынын мамлекет башчылары - Ким Чен Ир жана Ким Дэ Чжун жолугушуп, эки мамлекетти бириктир?? ж?н?нд? декларацияга кол коюлган. 2002-ж. КЭДР жетекчилиги экономика ч?йр?с?н? ?зг?рт??л?рд? киргизген. ?лк?д? мамлекеттик зайымдардын облигациялары чыгарылып, вонанын рынок курсу киргизилип, ?н?р-жай ишканаларына жана айыл-чарба кооперативдерине пландан ашык чыгарылган продукцияларын ?з алдынча колдонууга м?мк?нч?л?к берилген. 2002-ж. 13-декабрда КЭДР ?км?т? ядролук программаларды жа?ыртууга жана ядролук реакторду курууну улантууга ниеттенгенин билдирген. 2006-ж. 9-октябрда ядролук куралдарды сыноону жарыялагандан кийин, 14-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук ке?ешинин чечими менен КЭДРге каршы эл аралык санкциялар киргизилген. 2007-ж. октябрда Пхеньянда ?тк?н корейлер аралык саммитте эки мамлекеттин ортосунда экономикалык жана гуманитардык кызматташууларды ке?ейт?? боюнча тынчтык келишими т?з?лг?н. 2008-ж. эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун ?н?г?ш?н ядролук куралсызданууга байланыштырган жогорку де?гээлдеги жолугушуулар Корей Республикасында бийликке Ли Мён Бак жетектеген жа?ы администрациянын келиши менен токтогон. 2009-ж. КЭДРдин ядролук куралдарды ?н?кт?р?? боюнча жасаган иш-аракеттери Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Ке?еши тарабынан айыпталган. 29-декабрь 2011-жылдан ?лк?н? Ким Сен Ирдин небереси, Ким Чен Ирдин 3-уулу Ким Чен Ын жетектейт.

Табияты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Жапон де?изинин жээги тоолуу, негизинен абразияак-кумуляциялык жана абразиябухта тибинде, Сары де?издин жээги т?нд?к-батышында ? т?з??, кумдуу, Нампхо шаарынан т?шт?кт? карай ? риас тибинде. ?лк?н?н аймагынын 4 / 5 б?л?г?н тоолор ээлейт. Т?нд?г?нд? кокту-колот, тере? капчыгайлуу орто бийиктиктеги Т?нд?к Корей тоолору байыркы тайпа? жондорду т?зг?н б?кс? тоолор менен кезектешип жатат. Т?нд?к-чыгышында Кытай менен чек арага жакын базальттуу Чанбайшань б?кс? тоосу жатат, анда ?лк?н?н э? бийик чокусу ? Пэктусан жанар тоосу (2750 м) жайгашкан. Корей жарым анын чыгышында Чыгыш Корей тоолору созулуп жатат. Жапыз д?б?-д??с??л?р менен токол тоолордун айрым б?л?кт?р? Сары де?издин жээктерине чейин жетет. Ири т?зд?кт?р? (Пхеньян, Хамхын ж. б.) негизинен де?из жээктей жайгашкан. ?лк?н?н басымдуу б?л?г? байыркы Кытай-Корей платформасынын т?нд?к-чыгыш чет-жакасында жайгашкан. КЭДРдин маанил?? кен байлыктары: жез (?лк?н?н т?нд?г?нд?), алтын (Т?нд?к Хванхэ, Т?шт?к Пхёнан, Т?шт?к Хамгён провинцияларында), коргошун, цинк (?лк?н?н т?нд?к, т?нд?к-чыгыш, борбордук б?л?кт?р?нд?), вольфрам (Маннён), молибден (Пусон), темир (ирилери ?лк?н?н т?нд?к-чыгышында жана батышында), к?м?р, магнезит, графит, пирит, флюорит ж. б. Мел??н муссондук климат м?н?зд??. Т?нд?к б?л?г?нд? континенттик климат даана байкалат: кышында т?нд?к жана т?нд?к-батыштан азия антициклонунун абасы (континенттик муссон) кирип, муздак, ачык жана кургак аба ырайын пайда кылат. Чыгыш жээги батышына караганда жылуураак, анткени Чыгыш Корей тоолору аны муздак континенттик муссондон тосуп турат. Январдын орточо температурасы т?нд?г?нд? ?21°Сден тоолордо ?40°Сге чейин т?м?нд?ш? ыктымал), т?шт?г?нд? ?7°Сге чейин. Т?нд?к Корей тоолорунда кышында туруктуу кар катмары пайда болот. Э? жылуу айынын (август, айрым жерлеринде июль же июнь) орточо температурасы т?нд?г?нд? 22°С, т?шт?г?нд? 24°С. Жайкы де?издик муссон июндан октябрга чейин жаан-чачынды мол алып келет. Жаан-чачындын жылдык орточо ?лч?м? т?зд?кт?рд? т?нд?кт?н т?шт?кт? (600?1400 мм), тоолордо бийиктеген сайын (900?1000 мм) ?с?т. Жайдын аягында жана к?з?нд? аймактын кыйла б?л?г? тайфундун таасиринде болот. Дарыя тармактары жыш. Аймагынын басымдуу б?л?г? Сары де?издин алабына кирет. Негизги дарыялары: Амнокан (Ялунцзян; узундугу 790 км), Тэдонган (400 км). Япон де?изине негизинен тоолордон башталган кыска дарыялар, ошондой эле ?лк?д?г? э? ири дарыялардын бири ? Туманган куюп, КЭДРдин т?нд?к-чыгыш чек арасы аркылуу агат (узундугу 520 кмден ашык). Ири дарыяларынын кыйла б?л?г? кеме каттоого ы?гайлуу. Дарыяларынын к?б? жамгыр же кар-жамгыр сууларынан куралат; т?нд?г?нд? к?п дарыялары то?уп калат. Дарыялары кышында тартылып, жайында ташкындайт. Аймак гидроэнергия ресурстарына бай. Дарыя агымын ж?нг? салуу, ирригациялык, суу менен камсыз кылуу максатында гидротехникалык курулмалар арбын салынган. Э? ири суу сактагычы ? Супхунхо (толук к?л?м? 12 км 3 ) Амноккан дарыясында курулган. Айдоо жеринин 73%и сугарылат. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 77 км 3 ди т?з?т. ?лк?н?н ар бир тургунуна жылына 3,4 ми? м 3 суу туура келет. Флорасы татаал ?с?мд?кт?рд?н 3 ми?ге жакын т?р?н?н турат; анын 10%и ? эндемиктер. Мурда аймагынын басымдуу б?л?г?н каптаган токой 20-кылымда толугу менен кыйылып жок болгон. Азыркы токойлуулук 68%ти т?з?т (к?ч?т отургузуунун эсебинен); жергиликт?? токой негизинен тоолуу аймактарда гана сакталган. Калк жыш отурукташкан жана жери ургаалдуу пайдаланылган т?зд?кт?рд? маданий ?с?мд?кт?р басымдуу. Токойду кыюудан эрозия жана суу ташкыны к?ч?г?н. Т?нд?к Корей тоолорунун этек б?л?г?нд? (500?800 м бийиктикте) жазы жалбырактуу, негизинен эмен токою таралган. Анын астында ко?ур (бурозём) топурак ??рч?г?н. Андан жогору кызыл карагай, корей кедри аралаш ийне-жазы жалбырактуу токой ?ст?мд?к кылат; ийне жалбырактуу токойдун (карагай, к?к карагай, кара карагай) ири массивдери кездешет; бул тилкенин астында тоонун иллювий-темирл?? к?л топурактары ??рч?г?н. Кэма б?кс? тоосунда баалуу кызыл карагай, корей кедри жана к?к карагай ?ск?н кедр-к?к карагайлуу токой массивдери бар. Токой 2000 м бийиктикке чейин ?с?т. Э? бийик кырка тоолордун капталдарын ээлеген ийри-буйру ?ск?н таш кайы?, жапалак кедрдин бадалдарынан, рододендрондон турган токой 2500 мден жогору мамык ч?п-э?илчект?? тундрага жана альп шалбаасына ?т?т. Чыгыш Корей тоолорунун жазы жалбырактуу токою т?рг? ?т? байлыгы менен ?зг?ч?л?н?т; анда эмен, ж?к? дарак, ак чечек ж. б. породалардын бир нече т?р? бар. 1500?2000 м бийиктиктен жогору карагай-к?к карагайлуу токой ?ст?мд?к кылат. Ири с?т эм??ч?л?рд?н (100д?н ашык т?р? бар, анын 12си жоголуу алдында турат) жет??г? татаал токойлуу аймактарда ТКЭСтин Кызыл китебине кирген амур жолборсу, кабылан, ак т?ш аюу, туяктуулардан ? уссури чаар бугусу, горал, кабарга кездешет. Т?лк?, карышкыр, кундуз ж. б. ке?ири таралган. Уялоочу куштардын 1Э8 т?р? бар, алардын 25и жоголуу алдында турат. Жээк зонасы орнитофаунага (кытан, даур турнасы, куназ, каз, ?рд?к, ак чардак, кара каз, баклан ж. б.) ?т? бай. Сойлоочулардын 20, жерде-сууда жашоочулардын 17 т?р? бар. Жээк суусу биол. ресурстарга (балык, краб, креветка, де?из кирписи, моллюска ж. б.) бай. ?лк?н?н жалпы аянтынын 2,6%ин Э0дан ашык корголуучу табигый аймак ээлейт. Эки коруктун аймагы (Пэктусан жана Кувольсан тоолору) ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген. Т?нд?к ке?диктин 38°ун бойлой кеткен демилитаризация зонасында жазылыгы 4 км болгон тилкеде жапайы жандыктардын жашоосу ?ч?н ы?гайлуу шарт т?з?лг?н.

Чарбасы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

КЭДРдин экономикасында ≪?з к?ч?н? таянуу≫ курсу ж?рг?з?л??д? (анда оор ?н?р-жайын ?н?кт?р??г? артыкчылык берилет). 2002-жылдан Ички д?? продукциясынын (ИДП) ?н?г??с? байкалат (2002-ж. 1,2%; 2005-ж. 2,9%). Ошол эле учурда электр энергиясы, сырьё, т?рд?? материалдар, ?н?р-жай жабдуулары, азык-т?л?к жетишпейт; ?нд?р?ш каражаттарынын к?б? эскирген. 2000-жылдардын ортосунан баштап банк сектору, кеме куруу, фармацевтика продукцияларын жана керект?? товарларын чыгаруу боюнча к?пт?г?н (айрыкча Кытай, Корей Респнын компаниялары менен) биргелешкен ишканалар уюшулган. 1960-жылдардан расмий статистикалык маалыматтар жарыяланбайт, бардык маалыматтар баа бер?? м?н?з?нд? (эл аралык уюмдардын, т?шт?к корей маалыматтары). ИДПнин к?л?м? 40 млрд доллар (2008), аны киши башына б?л?шт?рг?нд? 1800 доллардан тура келет. ИДПнин структурасында ?н?р-жайынын ?л?ш? 43,1%, тейл?? ч?йр?с?н?к? 33,6%, айыл-чарбасыныкы 23,3% (2002). ИДПнин 2008-жылдагы ?н?г??с? терс мааниде (-1,1%) болгон. ?н?р-жайынын башкы тармактары ? минералдык сырьёлорду ?нд?р??, электр-энергетика, металлургия, машина куруу, химия, цемент, токой жана жыгач иштет??. Аскердик багыттагы продукцияларды чыгаруунун мааниси зор. Таш к?м?р казып алуу кыскарууда (1990-ж. 50 млн т, 2002-ж. 15 млн т); жылына 25?30 млн т к?р?? к?м?р казылып алынат. 2007-ж. 21,72 млрд кВт.с (1990-ж. 55,5 млрд) электр энергиясы ?нд?р?лг?н. Электр энергиясынын негизин ГЭС жана к?м?р менен иштеген ЖЭС т?з?т. ГЭС каскаддары Тэрёнган дарыясында (жалпы кубаттуулугу 750 ми? кВт) жана Туманган дарыясынын куймаларында (482 ми? кВт) курулган. Ири шаарларда жылуулук электр борборлору иштейт. КЭДРде электр энергиясы ?т? та?кыс; тиричиликти энергия менен камсыз кылууда ?зг?лт?кт??л?к м?н?зд?? (Пхеньян шаарынан башкасында). Электр менен камсыз кылуу системасы жана тармагы ?т? эскирген. Жа?ы Кэсон ? Мунсан электр ?тк?рг?ч? Корей Республикасынын энергия системасы менен туташтырылган. Де?из порттору жана нефть куурлары аркылуу Жакынкы Чыгыш ?лк?л?р?н?н, Кытайдан жана Корей Республикасынан нефть продуктулары импорттолот. Кара металлургиянын сырьёлук базасын 2 ири ? Мусан жана Ыллюль темир кендери т?з?т. Мусанда кен ачык жол менен казып алынып, 2 фабрикада ылганып, андан темир кен таштуу концентрат конвейер кууру (узундугу 98 км) аркылуу Чхонжин металлургиялык заводуна жеткирилет да, андан ары Кытайга ж?н?т?л?т. Ыллюль кенинин кен ташы Сонимдеги металлургия заводуна жана Кансо шаарындагы болот куюучу заводго жеткирилет. Кара металлургиянын ири ишканалары Чхонжин, Кимчхэк, Сонним, Нампхо, феррокуйма заводу Пурён шаарында жайгашкан. КЭДРде т?ст?? металл кен таштары (цинк, коргошун, жез, никель, вольфрам, молибден) казылып алынат. Т?ст?? металлургиянын негизги борборлору: Нампхо, Мунчхон, Хэжу, Мунпхён, Танчхон. Машина куруу ?н?р-жай негизинен куралдарды, аскердик техниканы жана ок-дары чыгарууга багытталган. Т?рд?? артиллерия куралдарын (артиллерия жана зенит куралдары, миномёт, пулемёт, автомат ж. б.), ошондой эле танк, орто жана жакын аралыктагы ракета, аскер кемелерин, суу асты менен ж?р??ч? кайык, аскер автомобилдерин ж. б. чыгарат. Ошондой эле тоо-кен жабдууларын, электроника буюмдарын, станок, жол куруу техникасын (экскаватор, кран, гидравлика жабдууларын), айыл-чарба техникасын (трактор, бульдозер, трактор тетиктерин), жыгач даярдоочу техника, тектиль жабдууларын чыгаруучу ишканалары бар. Транспорттук машина куруу ?н?р-жайына электровоз, локомотив, темир жол вагондорун, кеме, автомобиль (ж?к ташуучу автомобиль, автомобиль кураштыруучу ? же?ил, пикап, ж?к ташуучу чакан машина заводдору), троллейбус, автобус, велосипед чыгаруучу ишканалар кирет. Химия ?н?р-жай синтездик була, минералдык жер семирткич (калий, азот фосфор), синтездик чайыр, каустикалык сода, боёк, этилен, полиэтилен, камыштан була, резина-техникалык продукциялары, автомобиль шинасы, фармацевтика буюмдары ж. б. продукцияларды чыгарат. Цемент (2002-ж. 4 млн т ?нд?р?лг?н), кыш, айнек, фарфор, карапа буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. ?лк?н?н т?нд?к б?л?г?н?н тоолуу аймактарында жылына 600 ми? м 3 жыгач даярдалат. Целлюлоза-кагаз ?н?р-жай иштейт. Текстиль ?н?р-жай ж?н кездеме, тиг?? жана трикотаж буюмдарын чыгарат. Бут кийим, азем белек даядоочу ишканалары бар. Тамак-аш ?н?р-жайында к?р?ч актоо, ун, кант, балык, балык-консерва, шарап, пиво, тамеки даярдоо ишканалары иштейт. 21-кылымдын башталышынан ?лк?н?н аймагынын 14% аянты иштетилет (1990-жылдары 20%). Пайдаланылуучу жердин негизги массивдери батыш жана чыгыш жээктериндеги т?зд?кт?рд? ээлейт. Шор баскан жана кургакчыл жерлеринде ирригациялык иштер ж?рг?з?лг?н. 2000-жылдардын башталышында айдоо жердин 70%ке жакыны сугарылган. 1960?90-жылдары мамлекеттик жана кооперациялык ири чарбалар басымдуулук кылган. Минералдык жер семирткичтер к?п чачылгандыктан (шалы палдарынын 97% аянтына жер семирткич пайдаланылган), топурак деградацияга дуушарланып, агын суу, к?лд?р булганган. 1990-жылдардын ортосунан айыл-чарба техникасын пайдалануу жана жер семирткич чачуу кескин кыскарган; 21-кылымдын башында айыл-чарба иштери дээрлик кол менен ж?рг?з?лг?н. 2002-жылкы реформада коллективд?? чарбанын ордуна ?й-б?л?л?к жана жеке чарбалар т?з?л? баштаган. 1990-жылдардын ортосу ? 2000-жылдардын башталышындагы табигый кырсыктар (кургакчылык, суу каптоо) азык-т?л?кт?н та?кыстыгына алып келди. КЭДРге Батыш Европа ?лк?л?р?, АКШ, Корей Республикасы, Япония, Кытай азыкт?л?кт?н жардам бере баштады. ?с?мд?к айрыкча дан эгиндерин ?ст?р?? ?н?кк?н. Негизгинен к?р?ч (шалы талаасынын аянты 840 ми? га; 2007), ж?г?р? эгилет. Дыйканчылык негизги аймагы ? батыштагы т?зд?кт?рд?, анда шалы, ж?г?р?, буудай, арпа, дан буурчак, соя, ?лк?н?н т?нд?к б?л?г?нд? сулу, кара буудай, таруу, ак ж?г?р?, гаолян ?ст?р?л?т. Чыгыш жээктеринде техникалык ?с?мд?кт?р: пахта, кант кызылчасы, тамеки, к?н карама, кунжут, рапс, т?нд?г?нд? карт?шк?, т?шт?г?нд? батат ?ст?р?л?т. Капуста, помидор, бадыра?, сарымсак, ашкабак, т?рп жылына 2?3 жолу т?ш?м берет. Батыштагы т?зд?кт?рд? жана тоо этектеринде алма, алмурут, ?р?к, шабдаалы, кайналы, алча ?ст?р?л?т. Жибекчилик бардык жерде ?н?кк?н; женьшень, дары ч?пт?р чогултулат. 2007-ж. 3,2 млн чочко, 2,7 млн эчки, 0,57 млн бодо мал, 0,17 млн кой, 21 млн ?й кушу асыралган. Бодо малы негизинен айыл-чарбасында к?ч унаа катары пайдаланылат. Токой аянты 4,3 млн га, анын 3,7 млн гасы жет??г? татаал жерлерде болгондуктан, жыгач даярдалбайт. Япон жана Сары де?издерден балык (2007-ж. 268,7 ми? т; минтай, иваси, сайда, сардина, сельд, тунец, макрель) кармалат. Сары де?изден креветка, кальмар, осьминог, устрица, краб, трепанга кармалат, де?из балыры чогултулат. К?лм?л?рд? карп, канада форели ?ст?р?л?т.

Тейл?? сектору [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

КЭДРдин улуттук банкы ? Кореянын ≪Чосон≫ Борбордук банкы (1946) акча каражаттары менен камсыз кылат, мамлекеттик бюжетти т?з?т; бардык провинцияларда, шаарларда жана уезддерде жергиликт?? ?к?лч?л?кт?р? (227) иштейт. Соода банкы (1959) сырткы соода операцияларын тейлейт. Атайын банктар, соода-экономикалык (≪Расон≫) атайын экономикалык зона т?з?лг?н. Туризм анча ?н?кк?н эмес; чет элдик туристтердин КЭДРге келишине чек коюлган. 2002-ж. 400 ми?дей турист келген (негизинен Корей Республикасы, Кытай, Россия, Япониядан келгендер); туризмден т?шк?н киреше 150 млн доллар чамасында.

Транспорту [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Ж?кт?н жана ж?рг?нч?н?н негизги б?л?г? темир жол аркылуу ташылат. Темир жолунун узундугу 5,24 ми? км (2006), анын 3,5 ми? кми электрлештирилген (2000). Темир жол батышындагы т?зд?кт?рд? жыш, т?нд?г?нд? жана т?шт?к-чыгыш чет-жакасында салыштырмалуу сейрек. Ири темир жол т?й?нд?р?: Пхеньян, Чхонжин; ошондой эле Хамхын, Вонсан, Саривон, Нампхо, Синыйжу. Автомобиль жолунун узундугу 75,5 ми? км. 1970?2000-жылдары ылдам ж?р?? автомагистралдары (узундугу 653 км) курулган. Велосипед транспорту (анын ичинде 3 д??г?л?кт?? ж?к велосипеди) ?н?кк?н. Де?из транспорту сырткы соода ж?кт?р?н?н к?б?н ташыйт. Ири порттору: Нампхо, Чхонжин, Хыннам, Нажин. Дарыя жолунун жалпы узундугу 2253 км. 77 аэропорту бар; башкы эл аралык аэропорту ? Сунан. Пхеньянда метрополитен иштейт.

Сырткы соодасы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Экспортунун наркы 1466 млн, импортунуку 2979 млн доллар (2006). Экспортко антрацит, темир кен таш концентраты, болот, т?ст?? металлдар, алтын, цемент, жибек жана жибек буюмдары, де?из продуктуларын чыгарып, сырттан нефть жана нефть продуктуларын, коксталуучу к?м?р, жыгач, азык-т?л?к (негизинен к?р?ч), машина куруу продуктуларын (анын ичинде электрондук буюмдар), минералдык жер семирткич алат. Ири соода шериктери: Кытай, Корей Республикасы, Россия.

Билим бер??с? [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

1975-жылдан жалпыга милдетт?? 11 жылдык акысыз билим бер?? киргизилип, ал бир жылдык мектепке чейинки, 10 жылдык мектепте (4 жылдык башталгыч, 6 жылдык орто) билим бер??н? камтыган. Кесиптик-техникалык билим бер?? орто билим бер?? менен айкалыштыра ж?рг?з?л?т. 15 жашка чейинки калктын сабаттуулугу 99%ти т?з?т (2008). 1991-жылдан жогорку билим бер??н? реформалоо ж?з?г? ашырылууда. 1995-ж. жогорку билимди реформалоонун долбоору ишке кирген. КЭДРде университеттер, мугалимдер жана техникалык институттары, адистештирилген коллеждер иштейт. Башкы илимий мекемелери, Жогорку окуу жайлары (ЖОЖ), китепканалары жана музейлери, анын ичинде Илимдер академиясы (1952), Ким Ир Сен атындагы университет (1946) Пхеньян шаарында жайгашкан.

Массалык-маалымат каражаттары [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

К?н сайын жалпы тиражы 5 млнго жакын 11 наамдагы гезит чыгат (2008): ≪Минчжу Чосон≫ (1946), ≪Нодом синмун≫ (1945), ≪Чосон инмингун≫ (1948), ≪Нодон чхоннен≫ (1948) ж. б., ≪Кыллоджа≫, ≪Чхоллима≫, ≪Чосон есуль≫, чет тилдерде чыгуучу ≪Корея≫, ≪Когеа Губау≫ ж. б. журналдары бар. Радиоуктурууну (1945-жылдан) КЭДР Борбордук жана Пхеньян радиостанциялары ишке ашырат. Телек?рс?т??н? 1967-жылдан Борбордук жана 1971-жылдан Кэсон телек?рс?т??с? ж?рг?з?т. Мамлекеттик маалымат агенттиги ? Корея телеграф агенттиги негизделген.

Адабияты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Корея 1948-ж. КЭДР т?з?л?п, адабияты социализм, жа?ы мамлекетти куруу идеяларын пропагандалаган (Сон Ён, Пак Се Ён). 1946-ж. Пхеньянда Т?нд?к Корея адабият жана искусство ишмерлеринин союзу негизделет. Анын негизги ишмерлери Т?шт?кт?н Т?нд?кк? саясий к?з карашына байланыштуу ?тк?н адабиятчылар (Ли Ги Ён, Хан Со Ря ж. б.) болушкан. Алгачкы жылдары сов. жоокерлердин эрдигине арналган поэтикалык чыгармалар пайда болгон (Пак Пхар Ян, Чо Ки Чхон). Чо Ки Чхондун япондорго каршы партизандык кыймыл ж?н?нд?г? (1930-жылдар) ≪Пэктусан тоолору≫ (1947) эпикалык поэмасы жана к?п ырлары интернационалдык духта жазылган. Корея согушу (1950?53) жана согуштан кийинки мезгилдеги адабият согуштун кесепеттерин к?рс?т??г?, чарбаны калыбына келтир??г? арналган. Совет адабиятынын салтын жолдоп, КЭДР жазуучулары публицистикага жана очеркке кайрылышкан. К?б?нч? карапайым адамдардын фронттогу жана тылдагы эрдигин с?р?тт?шк?н (Пён Хи Гын, Ли Тон Жун); ревялык к?р?шт?н жетекчиси катары Ким Ир Сенди да?ктаган чыгармалар жаралган (Ли Хи Чхан ж. б.). Поэзияда публистикалык маанай ке?ири ?н?кк?н (Пак А Жи, Ли Чон Гу, Ли Чон Суль). 20-кылымдын 2-жарымында партияны ?г?тт?? каражаты каралган адабиятта чучхе идеясы ?н?кк?н (Ли Пён Су, Ли Тон Жун, Пён Хи Гын). Корей Республикасындагы капитализм сынга алынган (Ом Хын Соп). Авторлор коллективи жараткан жана япон баскынчыларына каршы революциялык к?р?шт? жумушчу табынын ролун баяндаган ≪Г?л сатуучу аял≫, ≪Кандуу де?из≫ романдары ке?ири белгил??.

Архитектурасы жана к?рк?м с?р?т искусствосу [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

1950?53-жылдардагы Корея согушу б?тк?нд?н кийин архитектуранын ?н?г?ш? жапа чеккен шаарлар мн кыштактарды калыбына келтир??г? багытталган. Согуш жылдарында к?рк?м искусстводо агитациялык формадагы сатиралык плакаттар жана баракчалар чыгарылган. Согуштан кийин кайрадан корей салтындагы тушь жана суу боёк живописи: пейзаж ,≪г?л-чымчык≫ (с?р?тч?л?р Чха Де До, Ли Сок Хо), тарыхый жана турмуштук жанрлар (Ким Ён Чжун, Ли Пхан Чхан) жандана баштаган. Турмуштук жанрдагы чыгармалар, Май живописи техникасында иштеген с?р?тч?л?рд?н ошондой эле графика, скульптура жаатындагы чыгармалар социалисттик реализмге жакындашкан. Жасалма-колдонмо ?н?р?нд? карапа жана фарфор буюм жасоодо, жыгачка жана с??кк? оюу салууда, бамбук, буласынан буюм согууда байыртадан сакталган ыкмалар жа?ы техникалык де?гээл менен айкалыштырылган.

Музыкасы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Мамлекет т?з?л?ш?н?н алгачкы жылдарында музыкалык маданият элдик жана массалык ырлардан турган. Музыкалык театрда негизги жанр ? чхангык (классикалык музыкалык драма) жана кагык (улуттук салт менен орус жана европалык театрдын тажрыйбасынын негизинде жаралган заманбап опера; композиторлор Ли Мён Сан, Хван Хак Хын). 1945-ж. Пхеньянда Чо? симфониялык оркестр (азыр мамлекеттик симфониялык оркестр) т?з?лг?н. 1948-ж. Мамлекеттик к?рк?м театр ачылып, биринчи жолу Ли Мён Сандын ≪Чхунхян кыз ж?н?нд? баян≫ операсы коюлган. 1949-ж. Пхеньянда консерватория ачылган, 1953-ж. КЭДР композиторлор союзу т?з?лг?н. 1950?53-жылдары Корея согушу убагында Моранбон тоосундагы жер астындагы залда Ю. С. Мейтустун ≪Жаш гвардия≫ (1952), Ли Гон Унун ≪Менин бийиктигим≫, Пак Тон Силдин ≪Флотчу≫ опералары коюлган. 1955-ж. Мамлекеттик к?рк?м театрдын жа?ы имараты ачылып, КЭДРдин башкы музыкалык борбору болуп калды. Анда жа?ы опералар, чхангык драмалары жана орус кпассикалык опералары коюлган. 1955-ж. Мамлекеттик филармония уюшулган, ?лк?н?н музыкалык турмушунда Корей элдик армиясынын ыр-бий, Пхеньян ≪Мансуде≫ ыр-бий, Корея эл аспаптар ансамблдери зор роль ойногон. Пхеньянда салттык исквонун Апрель фестивалы ?т?п турат. 1980-жылдарда батыш музыкасынын элементтери кире баштаган. 2008-ж. КЭДРдин тарыхында биринчи жолу АКШнын симфониялык коллективи Нью-Йорк филармониялык оркестринин концерти болгон.

Театры жана бий ?н?р? [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

1947-ж. Пхеньянда Мамлекеттик ыкчам (кийинчерээк Мамлекеттик драма театр) жана анын алдында окуу жайы, 1948-ж. Пхеньян шаардык театры, Мамлекеттик куурчак театры, 1949-ж. Жаштар театры, Жумушчу театры ж. б. т?з?лг?н. Театр коллективдери башка провинцияларда да пайда боло баштаган. 1950?53-жылдары Корея согушунун убагында аскер б?л?кт?р?н? бригадалар оюн к?рс?т?шк?н. Согуштан кийин Пхеньянда ≪Моранбон≫ театры курулган, 1960-ж. Чо? театр ачылган. 1946-ж. Пхеньянда бий студиясы, 1952-ж. Цой Сын Хинин жетекчилиги менен Мамлекеттик балет студиясы т?з?лг?н. 1949-ж. тарыхый темадагы Чхве Ок Саманын ≪Паняволь чебинин баяны≫ балети жаралган. 1948-ж. Пхеньянда Мамлекеттик к?рк?м театр уюшулуп, анда корей композиторлорунун балеттери коюлган (Хван Хак Кын, Ким Ен Гю, Им Гын Мён). Провинцияларда улуттук жана европалык салттарды бириктирген туруктуу музыкалык-хореографиялык коллективдер т?з?лг?н. Пхеньянда музыкалык жана драма театрлары иштейт: ≪Мансудэ≫ к?рк?м театры, Чыгыш-пхеньян Чо? театры, ≪Чхолима≫ мамлекеттик драма театры, ≪Понхва≫ мамлекеттик к?рк?м театры ж. б. Театр жана бий искусствосуна Ким Ван У, Ю Ын Ген, Ван Сен Хва, Цой Ен Ай, Тен Дек Вон, Ким Дях Ын, У Голь Сон ж. б. зор салым кошушкан.

Киносу [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

1947-ж. Пхеньянда киностудия т?з?лг?н (1948-ж. мамлекеттик; 1958-ж. К?рк?м жана дарект?? фильмдердин корей киностудиясы). КЭДРде тартылган биринчи толук метраждуу фильм ≪Менин Мекеним≫ (1949). 1950?60-жылдарда кино искусствонун негизги жанры тарыхый-революциялык фильмдер болгон. 1959-ж. КЭДРдеги биринчи экрандаштыруу ж?з?г? ашырылган (≪Чхунхян ж?н?нд? баян≫, режиссор Юн Ен Гю). 1970?80-жылдары Ким Ир Сендин чыгармалары экрандаштырылган (≪Г?л салгыч≫, режиссор Чхве Ик Кю жана Пак Хак), дидактикалык комедиялар, к?п сериялуу киноэпопеялар (≪Белгисиз баатырлар≫, режиссор Ю Хо Сон жана Чхве Нам Сон) б?л?н?п калган ?й-б?л?л?рд?н азаптарын к?рс?тк?н фильмдер тартылган. 1980-жылдарда аскердик ?н?рд?н элементтери колдонулган (≪Хон Гиль Дон≫, режиссор Ким Гиль Ын, 1986), спорт ж?н?нд?г? фильмдер чыгарылган. Т?нд?к кореялык кинематографиянын ?н?г?ш?н? т?шт?к кореялык режиссор Син Сан Ок зор салым кошкон. (≪О, менин с?й??м≫, 1985; ≪Туз≫, 1985, Москва ЭКФтин сыйлыгы;) КЭДРде биринчи фантастикалык жомок (≪Пульгасар≫ фильми, 1985). 1990-жылдары 56 сериялуу ≪Улут жана тагдыр≫ киноэпопеясын тартуу ж?з?г? ашырылган. 1990?2000-жылдары ≪Стадиондун жашыл талаасында≫ (2001, режиссор Рим Чхан Бом), ≪Мектеп окуучусунун к?нд?л?г?≫, (2006, режиссор Чан Ин Хак) анимациялык ≪Император айым Чун≫ (200б) ж. б. фильмдери чыккан.

Мамлекеттик т?з?л?ш? [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

КЭДР дин азыркы Башкы мыйзамы ( конституция ) 1972-жылдын Бештин айынын 27 кабыл алынган, унитардык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. 27-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы ? социалисттик республика. Мамлекеттик бийликтин жогорку органы ? бир палаталуу Жогорку элдик чогулуш (ЖЭЧ), 5 жылга шайланат. ЖЭЧ Коргоо комитетинин т?рагасын жана анын орун басарларын дайындайт же кызматтан алат; мамлекеттик бюджетти жана эл чарбасын ?н?кт?р??н?н мамлекеттик планын бекитет; эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт; мыйзамдарды кабыл алат; конституциянын аткарылышын к?з?м?лд?йт ж. б. ЖЭЧти анын президиуму жетектейт. Президиумдун т?рагасы ички жана тышкы саясатта мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт; дипломатиялык ?к?лд?р менен элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алат жана тапшырат ж. б.; КЭДРдин Мамлекеттик коргоо комитети мамлекеттик бийликтин жогорку аскер жетекчиси жана мамлекеттик коргоо башкармалыгынын органы болуп эсептелип, аны т?рага жетектейт. Мамлекеттик бийликтин жогорку административдик-аткаруучу органы ? ?км?т. Кабинет т?рага, т?раганын орун басарлары, министрлерден турат. ЖЭЧке жооптуу. Негизги партиясы: Корея эмгек партиясы (КЭП). 1992-жылдын Чын куран айынын 9 жана 1998-жылдын Аяк оонанын айынын 5 ага ?зг?рт??л?р киргизилген. Баш мыйзамдын 1-беренеси КЭДРди б?тк?л корей калкынын кызыкчылыгын коргогон, эгемен социалистик мамлекет катары аныктайт. КЭДРдин Баш мыйзамына таянганда мамлекеттеги бийлик эмгектегендер, дыйкандар, эмгек интелегенция жана жалпыча эмгектенген эл-журтта.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]