Филиппин

Википедия дан
Филиппин.

Филиппин ( англ. Philippines, пилипинче Pilipinas), Филиппин Республикас ы (англ. Republic of Philippines, пилипинче Republika eg Pilipinas) - Т?шт?к-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Батышынан Т?шт?к Кытай , чыгышынан Филиппин, т?шт?г?н?н Сулавеси дениздери менен чулганат. Тынч океандагы Филиппин а-нда жайгашкан. Аянты 300 ми? км2. Калкы 102,1 млн (2012); негизинен тагал, себуано , илокано, бинис айя, хилигайнон, бикол, вараи ж.б. улуттун ?к?лд?р? жашайт. Дини - католицизм. Расмий тилдери - англис жана пилипин (филипин; тагал тилинин стандарт варианты) тилдери. Борбору - Манила ш. Адм.-айм. жактан 17 адм. районго (80 провинциядан турат), 2 автономия облуска б?л?н?т. Шаар калкы 65%. Ири шаарлары; Манила , Кесон-Сити , Давао . Акча бирдиги - филиппин песосу.

Филиппин - БУУнун ( 1945 ; 1946-ж. чейин АКШ протектораты), ЮНЕСКОнун (1946), ЭВФтин ( 1945 ), Азия-Тынч океандык экономикалык кызматташуусунун (1989), Б?тк?л д?йн?л?к соода уюмунун (1995) м?ч?с?. Мамлекеттик т?з?л?ш?. Филиппин - унитардык мамлекет. Ф-дин Конституциясы 1987-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана ?км?т башчысы - президент (6 жылдык м??н?тк? шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогоркуорганы - кош палаталуу парламент (Сенат жана ?к?лд?р палатасы) Ф-де к?п партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Лакас (Кампи) Христиан жана мусулман демократтар, Элдик коалиция, Либералдык партия, Улутчул партия, Байан, Демокр. партия, Лабан, Пверса Масан, Бириккен оппозидия, Филиппин Компартиясы ж. б. T а б и я т ы. Филиппин архипелагы т?нд?кт?н т?шт?кк? 2000 км, батыштан чыгышка 900 км созулат. Негизинен 7100 аралдан турат. Ирилери: Лусон, Минданао , Самар, Негрос, Палаван, Панай, Миндоро жана Лейте. Аралдарынын жээктери булун-буйткалуу, чыгышы тик. Жээктеринде шурулуу (коралл) рифтер, ички де?издеринде (Сибуян, Висаян ж. б.) к?пт?г?н кысыктар бар. Рельефинде бийиктиги 1500-2000 м болгон тоолор басымдуу. Э? бийик жери 2954 м (Апо тоосундагы чоку). Жез, темир, никель, кобальт, хромит, сымап, к?м?р кендери бар. Климаты тропиктик муссондук, т?шт?г?нд? субэкваторлукка ?тм?. Жылдык орточо температурасы 2428°С (т?нд?г?нд?). Жаан-чачыны 1000-4000 мм.

Ири дарыялары: Минданао, Агусан, Пампанга, Анго ж. б. К?лд?р?: Бай, Тааль, Ланао. Латерит кызыл жана боз топурагы басымдуу. Филиппиндин аймагынын жарымына жакынын тропик токою (46%) ээлейт. Анда пальма, каучук, баньян (тыт дарагы), апитонг, майяпис, лауан, бамбук, орхидея, татымалдар басымдуу. Де?из де?гээлинен 1200 м бийиктикте бадалдар жана шалбаа ?с?т. Фаунасы ?т? ар т?рд??. Канаттуулардын жана жердесууда жашоочу сойлоочулардын бир нече т?р? кездешет. Сууларында балыктын т?р? к?п. Ошондой эле бермет алынуучу моллюскалардын ар кандай т?рл?р? кездешет. К?пт?г?н улуттук парктар, фауна резерваттары, ботан. бактар жана токой заказниктери уюштурулган.

Tарыхы. 5-кылымдан Ф-дин азыркы аймагында ар кандай маданият жана элдердин аралашуусунун негизинде цивилизация калыптанган. Кийин Тайвань аркылуу австронезия тилинде с?йл?г?н Т?шт?к Кытайдын к?чм?нд?р?, 14-кылымда арабдар келип отурукташкан. 14-16-кылымда Ф. аймагынын к?пч?л?к б?л?г? явалык Мажапахит империясына караган. 16-кылымда Лусон, Панай, Себу а-нда жана Сулу архипелагында уруу башчылар башкарган жамааттар болгон. Т?шт?к Ф-дин калкы мусулмандашып, 15-кылымда борборлошкон мусулман султандыгы т?з?лг?н. 16-кылымдан аралдын т?нд?г?н? (азыркы Манила аймагына) европалыктар келе башташкан. Ф-ди 1521-ж. испан де?из саякатчысы Ф. Магеллан ачып, 1543-жылдан арал испан королу Филипп Пнин атынан аталган. 1565-71-ж. испаниялык колониячылар Ф-дин к?п б?л?г?н караткан. Испан конкистадору Мигел Лопес де Лагаспи куралдуу аскерлери менен аралга келип, Сан-Мигелди (алгачкы испан кыштагы) негиздеген. 18-кылымда мусулмандар жана жергиликт?? кытай жамааттарынын сепаратисттик кыймылдары к?ч алып, Испанияга каршы к?р?ш к?ч?г?н. 1898-ж. Ф. революциясын жетектеген революционерлер испан эз??с?н кулатып, 12-июнда к?з карандысыз Ф. республикасын жарыялаган. 1899-ж. 24-майда генерал Эмилио Агинальдо Ф-дин биринчи президенттигине шайланып, Конгресс т?зг?н. Бирок революционерлердин же?ишин АКШ ?з кызыкчылыгына пайдаланган. Ф-диктерге ≪жардам≫ деген шылтоо менен Испания-Америка согушун чыгарып, Ф-ге аскер т?ш?рг?н. Испания менен АКШнын ортосунда т?з?лг?н Париж тынчтык келишими (1898-ж. 10-декабрь) боюнча Испания АКШга Ф., Пуэрто-Рико, Куба, Гуам а-н 20 млн долларга берген. Бирок АКШ кийинки эле жылы Ф. республикасына каршы Филиппин-америка согушун (1899-1902) чыгарган. Согушта америкалык аскерлери Ф-дин президенти Эмилио Агинальдону колго т?ш?рг?н. 1902-ж. Ф. армиясы же?илип, АКШнын сырьё булагына жана АДФтин базасына айланган. 1935-ж. Ф. АКШ чегинде автономия статусун алып, Мануэль Кесон президент болгон. Ал Ф-дин к?з карандысыздыгы ?ч?н к?р?ш?н уланткан. 2-д?йн?л?к согуш мезгилинде Ф. аймагын япондуктар оккупациялап, Экинчи Ф. республикасы (1943-ж. 14-октябрь ? 1945 -ж. 17-август) т?з?лг?н. Архипелагдагы бардык бийлик япондуктардын колуна ?тк?н. Террордук режим орноп, концентрациялык лагерлер уюшулган. 1946 - ж. 4-июлда Ф-дин к?з карандысыздыгы жарыяланган. Президент Фердинанд Маркостун башкаруу мезгилинде (1965-86) Ф-де согуштук абал киргизилип, конституция кабыл алынып, диктатордук бийлик орногон. Анын диктатордук бийлигине каршы элдик толкундоолордон улам бийлик алмашылып, 1910-ж. Азияда биринчи президент-аял Корасон (Кори) Акино бийликке келген. Ал жа?ы конституция кабыл алып, америкалык согуштук базаны чыгарууга аракетинде. Азыркы учурда маочулардын ( Компартиясы) жана троцкийчилердин (Ф. жана Миндана Революциялык жумушчу партиялары), ошондой эле мусулман сепаратисттеринин (Моро улуттук-боштондук фронту, Моро боштондук ислам фронту, Абу Сайяфа тобу) к?т?р?л?шт?р? ?лк?н?н стабилд?? ?н?г?ш?н? кыйынчылыктардьг туудурууда. Ф. БУУнун м?ч?с?.

Экономикасы. Филиппин - д?йн?д?г? жа?ы индустриялуу ?лк?. ИДПнин к?л?м? 324,8 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына б?л?шт?рг?нд? 3,3 ми? доллардан туура келет. Андагы тейл?? ч?йр?с?н?н ?л?ш? (% менен) 55,2, ?н?р жайдыкы 30, айыл чарбаныкы 14,9. Жез, никель, алтын, нефть жана жаратылыш газы казылып алынат. 2009-ж. 56,6 млрд кВт-с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) ?нд?р?лг?н. ?н?р жайдын башкы тармактары: электроника, электр-техникалык (микрочиптер, ноутбук, компьютер жабдуулары, жарым ?тк?рг?чт?р, интегралдуу микросхема, электр-тиричилик приборлору ж. б.), тамакаш (жемиш консервалары, суу май, кант), тиг?? жана бут кийим.

Башкы айыл чарба азыгы - к?р?ч. Ошондой эле ж?г?р?, кассава, батат, банан, бал камыш, абака, кокос жана май пальмасы ?ст?р?л?т. Чочко жана бодо мал (ж?к ташуучу) асыралат. ?й куштары багылат. Балык кармалат. ?лк?н?н экономикасында сыртта иштеген мигранттардын акча которуусунан т?шк?н киреше, эл аралык аутсорсинг бизнес-процесси (негизинен ири америкалык корпорациялар) жана чет ?лк?л?к туризм чо? роль ойнойт. Автомобиль жолунун уз. (ми? км менен) 201,9 (а. и. 21,7си асфальтталган), т. ж-нуку 0,9. Башкы де?из порттору: Манила, Кагаян-де-Оро, Себу, Давао. Де?из ж?к ташуусу ?н?кк?н. Экспортко электроника жана электр-техникалык буюмдары, транспорт жабдуулары, тигил?? кийимдер, бут кийим, жемиштер жана жез концентраты чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Т?шт?к Корея. Р. Карачалова, Ш. Керимова.

Маданияты. Ф. аймагынан байыркы маданият эстеликтери (оймо-чийме т?ш?р?лг?н Kapana буюмдар), зергерчилик буюмдар ж. б. табылган. Турак жай катары ?ст? пальма менен жабылып, капталдары урма дубал менен тосулган ?йл?р салынган. Кийин арх-расы испан зодчийлигинин таасиринде (бир катар турак жайлар, чирк?? имараттары, Илоилодогу Миагоа чирк??с?) курулган. С?р?т искусствосу 19-20-кылымда калыптанып, X. Де Луна, Ф. Идальго сыяктуу с?р?тч?л?р (19-к.), П. Антонио, С. Консьо, А. Накпиль ??д?? архитекторлор (20-к.) Ф. к?рк?м маданиятынын калыптанышына зор салым кошкон.

С?р?т искусствосунда К. Франсиско, В. Эдадес, Г. Окампо, В. Манансала ж. б-дын чыгармалары бар. Ф. профессионал музыкасы 19-кылымдан ?н?кк?н. 20-кылымдын башынан америка музыкасынын таасиринде же?ил музыка (жаз ж. б.) тараган. 1916-ж. Ф. университетинин алдында консерватория ачылган. Композиторлору: А. Молина, Ф. Буэнкамина, Ф. де Леон, X. Маседа ж. б. 70-жылдардан музыкалык театрлар, музыкалык коллеждер, симф., камералык жана улуттук оркестрлер, ыр-бий ансамблдери иштейт.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • ≪Кыргызстан≫. Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. ?. А. Асанов. К 97. Б.: ≪Кыргыз энциклопедиясы≫ башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4