Жест тили

Википедия дан

Жест тили ? туюнтуу, билдир?? м?мк?нч?л?г? тыбыштык тилдер сыяктуу акустикалык негиз, акустика -артикуляциялык базага таянуу менен ишке ашпастан, паралингвистикалык кинетикалык ишаарат аркылуу маалымат алмашууну ж?нг? салуучу коммуникативдик система.

Жест тили д?л?йл?рд?н ?з ара баарлашуусун теск??ч? негизги, ат?г?л жападан жалгыз каражат. Бирок ал вербалдык баарлашуу кырдаалында да маалыматты толуктоочу, адамдын психологиясын, эмоционалдык абалын туюнтуучу каражат катары колдонулуу м?мк?нч?л?г?н? ээ экендиги да талашсыз.

Тыбыштык тилден Жест тилинин негизги айырмачылыгы ? алардын маалымат бер??, маалымат алмашуу каражаттарынын ар т?рд??л?г?нд?. Жест негизинен, колдун кыймылы аркылуу аткарылат жана ал жестикулятордук компонент деп аталат. Мындан сырткары Жест тили мануалдык эмес компонентке кирген к?зкараш, беттин к?р?н?ш?, баштын, дене-бойдун кыймылы сыяктуу компоненттер аркылуу да берилет.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4