Меконг

Википедия дан
Меконг
lo/?????????/km/?????/vi/Song C?u Long
Луангпхабанг аймагындагы Меконг
Луангпхабанг аймагындагы Меконг
М?н?зд?м?
Узундугу 4 500 км
бассейндин аянты 810 000 км²
Суу чыгымы 15 000 м³/с
Суу агымы
Башаты
 · Орду Тибет тайпак тоосу
Аягы [[]]
 · Орду Т?шт?к Кытай де?изи
 · Бийиктиги 0 м
Меконг.
Меконг ( Лаос - Тайланд? ).

Меконг - Индикытай жарым аралындагы ири дарыя. Кытай , Лаос , Камбоджа , Вьетнамдагы аймактары (айрым жеринде Лаостун Мьянма жана Таиланд менен болгон чек арасы) аркылуу агат. Узундугу 4500 кмдей, алабынын аянты 810 ми? км 2 . Тибет тайпак тоосундагы (Тангла кырка тоосунан) башталып, Сина-Тибет тоосунун тере? капчыгайлары, Юньнань тайпак тоосу, Чыонгшон тоосунун батыш тармактары, Камбоджа т?зд?г? аркылуу агып, т?шт?к Кытай де?изине куярда саздуу дельтаны (аянты 70 ми? км 2 че) пайда кылат.

Негизги куймалары: Мун, Тонлесап (о?), У, Тхэн, Сан (сол). Негизинен жамгыр, жогорку агымында ошондой эле кар, бир аз м??г? сууларынан куралат. Жай-к?з мезгилдеринде суусу кирип, де?гээли 10?15 мге чейин к?т?р?л?т. Агымын ж?нг? салууда Тонлесап к?л?н?н мааниси зор. Нугу шаркыратмалуу (Кон ж. б.), босоголуу. Орточо чыгымы Пномпень шаары тушта 13,2 ми? м 3 /сек, айрым жылдары 67 ми? м 3 /секга чейин жетет. Жылына орто эсеп менен 1,5 км 3 шиленди агызып келет. Т?м?нк? агымында сугатка пайдаланылат. ?р??н?н суу жайпап жаткандыктан, анда шалы ?ст?р?л?т. Суу-энергетикалык ресурсу ?т? зор (75 млн кВт чамасында). 700 км, суу киргенде 1600 км аралыкка (Вьентьянга) чейин кеме ж?р?т; де?из кемелери 350 кмге (Пномпенге) чейин жетет. Боюнда Луангпрабанг, Вьентьян (Лаос), Пномпень (Камбоджа) шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]