Венесуэла

Википедия дан

Боливариана Венесуэла Республикасы
исп.   Republica Bolivariana de Venezuela

Герб
Туу Герб
Урааны : ≪≪ исп.   Dios y Federacion ≫ ≪Кудай жана Федерация≫≫
Гимн : ≪Gloria al bravo pueblo (≪Кайраттуу элге да?к≫)≫
Расмий тили Испан тили
Борбор шаары Каракас
Ири шаарлар Каракас , Маракайбо , Валенсия
Президент
Вице-президент
Улуттук ассамблеянын
президенти
Николас Мадуро
Делси Родригес
Хорхе Родригес
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
? Жалпы
? Суу бетинин %.
32-орун - д?йн?д?
916,445 км²
3,2
Калкы
? Бааланган ( 2023 )
? Жыштыгы

30,518,260 [1] адам ( 50-орун )
33,74 ад./км²
ИД? ( САМ )
  ? Бардыгы

211,926 млрд [2]   $
ИД? (номинал)
  ? Бардыгы
  ? Ар бир жанга

92,210 млрд  $
3,474  $
АД?И   0,699 [3]  ( орточо ) ( 119-орун )
Этнохороним венесуэлалык, венесуэлалыктар
Домени .ve
ISO коду VE
ЭОК коду VEN
Телефон коду +58
Убакыт аралыгы UTC -04:00

Венесуэла же Боливариана Венесуэла Республикасы ( исп.   Venezuela ? Т?шт?к Американын т?нд?к б?л?г?нд? жайгашкан ?лк?. Т?нд?г?н?н Кариб де?изи жана Атлантика океаны менен чулганат. Батышынан жана Т?шт?к-батышынан Колумбия , т?шт?г?н?н жана Т?шт?к-чыгышынан Бразилия , чыгышынан Гайана менен чектешет.

Негизги маалымат [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Аянты 916,5 ми? км 2 . Калкы 25,3 млн (2006). Борбору Каракас шаары. Мамлекеттик тили испан тили. Акча бирдиги боливар. Венесуэла 23 штаттан, Федерация округунан жана федерация ээликтеринен [Кариб де?изиндеги аралдар тобунан (Лос-Рокес, Лос-Монхес, Лос-Эрманос, Лос-Тестигос ж. б.) жана аралдардан (Ла-Тортуга, Бланкилья, Орчила ж. б.)] турган федерация.

Администрациялык-аймактык б?л?н?ш? (2006) [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Жерлер

Аянты, ми? км2

Калкы,

ми?

Административдик

борбору

Федерация округу Штаттары

0,43

1808,9

Каракас

Амасонас

177,6

76,8

Пуэрто-Аякучо

Ансоатеги

43,3

1394,5

Барселона

Апуре

76,5

425,5

Сан-Фернандо-де-Апуре

Арагуа

7,0

1597,0

Маракай

Баринас

35,2

723,6

Баринас

Боливар

240,5

1366,2

Сьюдад-Боливар

Варгас

1,5

302,4

Ла-Гуайра

Гуарико

65,0

688,2

Сан-Хуанде-лос-Моррос

Дельта-Амакуро

40,2

104,9

Тукупита

Карабобо

4,7

2163,0

Валенсия

Кохедес

14,8

288,1

Сан-Карлос

Лара

19,8

1720,3

Баркисимето

Мерида

11,3

778,3

Мерида

Миранда

8,0

2539,6

Лос-Текес

Монагас

28,9

830,5

Матурин

Нуэва-Эспарта

1,15

428,1

Ла-Асунсьон

Португеса

15,2

795,9

Гуанаре

Сукре

11,8

827,4

Кумана

Сулия

63,1

3338,1

Маракайбо

Тачира

11,1

1070,8

Сан-Кристобаль

Трухильо

7,4

653,7

Трухильо

Фалькон

24,8

832,6

Коро

Яракуй

7,1

551,2

Сан-Фелипе

Федерация

ээликтери

0,12

1,9

-

Мамлекеттик т?з?л?ш? [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Венесуэла федерациялык мамлекет. Азыркы конституциясы 1999-ж. 15-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет жана ?км?т (Министрлер Совети) башчысы президент (6 жылга шайланат жана экинчи м??н?тк? кайра шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Улуттук ассамблея. Аткаруу бийлигин президент, вице-президент жетектеген ?км?т ж?з?г? ашырат. ?км?тт?н курамын президент т?з?т. Венесуэлада к?п партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Бешинчи Республика ?ч?н кыймыл, Демократиялык аракет, Социал-христиандык партия, Социализмге карай кыймыл, Коммунисттик партия ж. б.

Калкы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Негизинен венесуэлалыктар (96%), ошондой эле европеиддер (креолдор), негроиддер, метистер менен мулаттар, индейлер ж. б. жашашат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: аялдарыныкы 77,6, эркектериники 71,3. Орточо жыштыгы 1 км 2 жерге 27,6 киши. Христиан динин тутушат. Шаар калкы 88,8% (2005). Ири шаарлары: Каракас, Маракайбо, Валенсия ж. б.

Климаты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Т?зд?кт?? аймагынын басымдуу б?л?г?н? субэкватордук, сезондук нымдуу климат м?н?зд??. Жаанчыл сезон (инвьерно деп аталат) апрелден ноябрга, кургакчыл, ысык сезон (верано) ноябрдан апрелге чейин созулат. Жаан-чачындын жылдык ?лч?м? 800-1200 мм, айлык орточо температурасы жыл бою анча ?зг?рб?йт, 25-29°С. Венесуэланын Т?нд?к б?л?г?н?н т?зд?кт?? жана д?б?-д??с??л?? жээгинин климаты субэкватордук, кургакчыл (жаан-чачыны 280-400 мм, жылдык орточо температурасы 28°Сге жетет). Ориноко дарыясынын жогорку агымынын алабында жана Гвиана б?кс? тоосунун ага караган капталдарындагы климат экватордук, дайыма нымдуу; жылдык жаан-чачыны 2500-3000 мм. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу м?н?зд??. Айлык орточо температурасы бийиктеген сайын т?м?нд?йт: 800-1200 м бийиктикте 18-22°С, 2500-3000 м. бийиктиктен ?йд? 10°Сден ашпайт. Жаан-чачындын жылдык ?лч?м? айдарым капталдарда 3000-3500 ммге чейин жетсе, ал эми т?шт?к жана т?шт?к-батыш ылымта капталдары жана тоо аралык ?р??нд?рг? караган беттери кыйла кургакчыл. Кар чегинин бийиктиги Кордильера-де-Мерида тоолорунда 4700 м.

Табияты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]


Маракайбо к?л? .

Венесуэланын аймагынын 2 / 3 б?л?г?н? тоолуу рельеф м?н?зд??; батышын Колумбия Анд тоолорунун т?нд?к-чыгыш тармактары, т?нд?г?н Кариб Анд кырка тоолору, т?шт?г?н Гвиана б?кс? тоосу, борбордук жана т?нд?к-батыш б?л?кт?р?н Лъянос- Ориноко т?зд?г? жана Маракайбо ойду?у ээлейт. ?лк?н?н батыш чек арасын бойлой орто бийиктиктеги Сьерра-де-Периха кырка тоосу (бийиктиги 3750 мге чейин) созулуп жатат. Маракайбо ойду?унун Т?шт?к-чыгыштан бийик Кордильера-де-Мерида кырка тоосу (Боливар чокусу, 5007 м Венесуэланын э? бийик жери), чыгыштан Фалькон-Лара б?кс? тоосу (1990 мге чейин) чектеп турат. Ойду?дун борбордук б?л?г?н ээлеген ири лагуна к?л? Маракайбо Венесуэла булу?у менен туташат. Негизинен платформалык, тоолоруна б?кт?л?? структуралары м?н?зд??. Венесуэлада нефтинин, газдын, темир кен таштарынын ири запасы топтолгон. Нефтинин запасы боюнча д?йн?д?г? он ?лк?н?н ичине кирип, Латын Америкасында 1-орунду ээлейт. Нефть-газдын 5 бассейни бар, алардын э? ирилери Маракайбо, Ориноко бассейндери. Темир кен таштарынын запасы боюнча Латын Америкасында 2-орунда; анын ири кендери Карони дарыясынын алабында. ?н?р жайлык маанидеги к?м?р кендери Тачира, Ансоатеги, Сулия штаттарында. Боливар штаттында жогорку сапаттагы бокситтин ири кени, Миранда жана Кохедес штаттарында никель кенташтарынын кендери бар. Алмаздын чачыранды кендери Карони жана Ориноко дарыясынын алаптарынан табылган. Венесуэлада ошондой эле жез, коргошун, цинк, марганец, алтын, ильменит ж. б. кендери бар.

Анхель .

Дарыя тармагы ?т? жыш; алар негизинен Ориноко д-нын алабына кирет, жайында ташкындап, жаанчыл сезондо ж?зд?г?н км 2 аянтты каптап кетет. Ориноконун Гвиана б?кс?тоосунан башталган о? куймаларынын (Карони, Каура ж. б.) нуктары босоголуу, шаркыратмалар к?п; анын ичинде д?йн?д?г? э? ири шаркыратма Анхель да бар. ?т? зор суу-энергетикалык потенциалынын бир аз б?л?г? гана пайдаланылат. Карони дарыясында суу-энергетикалык максатта курулган Гури суусактагычы д?йн?д?г? 10 ири суу сактагычтын катарына кирет. Венесуэланын т?шт?г?нд? Т?шт?к Американын э? ири эки суу системасы табигый туташат: Ориноконун жогорку агымында андан Касикъяре дарыясы б?л?н?п, Амазонканын сол куймасы Риу-Негруга кошулат. ?лк?д? 200д?н ашык к?л бар; алардын э? ирилери: Маракайбо ж. б. к?пт?г?н лагуна-к?лд?р, Кариб Анд тоолорундагы ?р??нд? жайгашкан Валенсия к?л? ж. б. Суу ресурстарынын 1 % гана чарбада пайдаланылат. Венесуэланын аймагынын басымдуу б?л?г?н? кызыл ферраллит, т?шт?г?н? жана т?шт?к-батышына кызгылт-сары жана сары ферраллит, к?б?нч? к?лд?шк?н, Ориноко дарыясынын ?р??н?н?, Маракайбо ойду?унун т?шт?к-батыш б?л?г?н? гидроморфтук глей жана саз топурактары, Венесуэла булу?унун жээктерине феррозём м?н?зд??. Венесуэланын аймагынын 56% ин токой ээлейт; жыл сайын токой аянты 2,2 ми? км 2 ге азаюуда. Венесуэланын т?шт?г?н жана т?шт?к-батышын гилей, Ориноко дарыясынын дельтасын жана Маракайбо ойду?унун т?шт?к-батыш б?л?г?н мезгил-мезгили менен суу астында калган дайыма жашыл токой жана саз, жээктерин мангр токою ээлейт. Кордильера-де-Мерида, Кариб Анд тоолорунун жана Гвиана б?кс?тоосунун капталдарына 800-1200 м бийиктикке чейин жалбырагын к?б??ч? жана жалбырагын к?б??ч?-дайыма жашыл токойлор (анакардиум, сейба же пахта дарагы, айдарым капталдарында дайыма жашыл токойдун баалуу дарактары, анын ичинде хинн дарагы, цедрел, воск пальмасы, папоротниктер, эпифиттер) м?н?зд??. Токойдон жогору (2200 мден ?йд?) Кариб Анд тоолорунун кыры ч?п ?с?мд?кт?р? жыш ?ск?н жана суйда? бадалдуу шалбаа субпарамос, Кордильера-деМериданын бийик б?л?кт?р? кылкандуу жана жаздык сымал ?с?мд?кт?? парамос менен капталган. Саваннанын ири массивдери Льянос-Ориноконун т?зд?кт?р?нд? кездешет. Венесуэлада жалпы аянты 53,5 млн га болгон коргоого алынган 176 аймак бар (2005), анын ичинде Канайма (Б?тк?л д?йн?л?к мураска катталган), Серрания-де-Неблина улуттук парктары.

Тарыхы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Байыртан бери Венесуэланын аймагын алгачкы жамааттык коомдун ар кайсы баскычында турган индей уруулары мекендеп келген. 1498-ж. бул аймак Колумб тарабынан европалыктар ?ч?н ачылган. ≪Венесуэла≫ аталышы ≪Кичи Венеция≫ дегенди билдирген. Бул мезгилде Венесуэланын 16-кылымдан испаниялык конкистадорлор Венесуэланы колониялай баштап, жергиликт?? урууларды кыра башташкан. Колонизаторлор балкамыш, пахта, тамеки плантацияларын т?з?шк?н, бир катар шаарларды курушкан. Африкадан негр кулдарды алып келишкен. Испаниянын колониялык эз??с? эл массасынын нааразылыгын пайда кылып, улуттук-боштондук кыймылын к?ч?тк?н. 17-кылымдын 2-жарымынан к?т?р?л?шт?р чыга баштаган. 1810-жылдан 1920-жылга чейинки улуттук-боштондук к?р?шт? В. Испаниянын эз??с?н?н бошонгон. Испан колонизаторлоруна каршы согушту С. Боливар жетектеп, 1821-ж. англичандардын жардамы менен Карабободо же?ишке жетишкен. 1830-ж. толук к?з каранды эместикке жетишкенге чейин В. Колумбия, Эквадор жана Панама менен бирдикте Улуу Колумбиянын курамында келген. 1830-ж. ?з алдынча к?з каранды эмес мамлекет катары т?з?лг?нд?н кийин, бир катар революцияларды жана диктатураларды башынан ?тк?рг?н. 19-кылымдын 70-жылдарынан баштап Венесуэлага чет ?лк?л?к капитал келе баштаган. К?б?нч? АКШ менен Англиянын капиталы кирген. Нефтини ?нд?р??н?н башталышы менен ?лк?д?г? социалдык-экономикалык абал бир кыйла жакшырган. Нефтини экспорттоонун жана АКШнын экономикалык жардамы аркасында 20-кылымдын экинчи жарымында Венесуэла экономикалык жактан бир кыйла жогорулай баштаган. Венесуэла 2-д?йн?л?к согуш мезгилинде Германия, Италия, Япония менен мамилесин ?з?п, 1945-ж. февралда Германия менен Японияга согуш жарыялаган. 1945-ж. октябрда мамлекеттик т??к?р?ш болуп, бийликке Демократиялык аракет партиясы келип, баштагыдан бир кыйла демократиялуу конституция кабыл алган. 1948-ж. ноябрда америкалык нефть монополиясы колдогон аскердик хунта т??к?р?ш жасап, бардык демократиялык же?иштерди жок кылды. Венесуэланын саясий жана экономикалык жактан АКШга к?з карандылыгы к?ч?г?н. АКШнын 1956-57-ж. нефть чыгуучу 1 млн га жерди концессияга алышы, айрым социалдык катмарлардын, асыресе улуттук буржуазиянын нааразылыгын туудурган. Куралдуу к?т?р?л?шт?н натыйжасында 1958-ж. аскердик хунтанын башчысы Хименес бийликтен кулап, бурж. демократия калыбына келтирилди, саясий партиялар ачыкка чыкты. Р. Бетанкурдун ?км?т? (1959-64) АКШнын монополиялары менен кайра келише баштаган. Президент Р. Леони (1964-68) Р. Бетанкурдун саясатын уланткан. Социал-христиан партиясынын (1946-ж. негизделген) ?к?л? Р. Кальдеранын ?км?т? (1969-73) ?лк?н?н улуттук м?д??с?н сактоо ?ч?н бир катар чаралар ж?рг?з?п, экономикада мамлекеттик сектордун ролун к?ч?тк?н. Демократиялык аракет партиясынын (1941-ж. негпзделген) ?к?л? К. Андрес Перес 1974-жылдын мартында президенттикке шайланды. 1975-ж. ?км?т нефть жана кен ?нд?р?? тармагын мамлекеттик менчикке алган. 80-жылдардагы экономикалык жана финансы кризиси ?км?тт? катуу ?н?мд?? саясатын ж?рг?з??г? мажбурлаган. 1988-ж. президент болуп дайындалган К. А. Перестин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) тарабынан сунушталган либералдык методдордун жардамы менен реформа ж?рг?з?? аракети баалардын ?с?ш?н? жана массалык жумушсуздукка алып келген. 1992-ж. 4-февралда подполковник У. Чавес жетектеген офицердик жашыруун уюмдун т??к?р?ш жасоо аракети ийгиликсиз аяктап, катышуучулары камакка алынган. Бирок венесуэлалыктардын ?км?тт?н саясатына каршылык к?рс?т??с? улантыла берген. 1993-ж. президент Перес коррупцияга аралашкан деп к?н??л?н?п, парламенттин чечими менен бийликтен четтетилген. Андан кийин президенттикке шайланган К. Родригестин ?км?т?н?н ?лк?н? кризистен чыгаруу аракети да натыйжа алып келген эмес. 1998-ж. президент болуп У. Чавес шайланган. 2000-ж. ?лк?н?н аталышы Венесуэла Боливар Республикасы (С. Боливардын урматына) деп ?зг?рт?лг?н. У. Чавестин ?км?т? эконом. жана соцпалдык ч?йр?д? мамлекеттин ролун бекемд?? саясатын ж?рг?з?п, агрардык реформа башталган. 2002-ж. апрелде Чавестин каршылаштары мамл. т??к?р?ш жасоого аракеттенишип, бирок калктын массалык каршылыгына дуушар болушкан. 2005-жылдан тартып ал ?лк?д? ≪венесуэлалык социализмди ≫ курууну камсыз кылууга багытталган социалдык ишканалар деп аталган ишканаларды т?зг?н. Эларалык аренада Чавестин ?км?т? АКШнын Кубаны блокадалоосуна каршы чыгып, мамлекеттердин ортосундагы те? укуктуу мамилелерди орнотуу ?ч?н чыгууда. 2005-жылдын 5-декабрында Улуттук ассамблеяга болгон шайлоодо Чавести колдогон патриоттук к?чт?р Бешинчи республика ?ч?н Кыймылга биригишип, 89% (167 орундун 114?) добушка ээ болуу менен ишенимд?? же?ишке жетпшишти.

Экономикасы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Ички д?? продукциясынын (ИДП) к?л?м? 161,7 млрд долларды т?з?т; киши башына б?л?шт?рг?нд? 6400 доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу ?с??с? 8,3% (2005). ?н?ржайы ИДПнин 48,2% ин, тейл?? ч?йр?с? 47,2%пн, айыл жана токой чарбалары, балык уулоо 4,6%пн т?з?т (2005). Венесуэлада нефть жана нефть продуктуларын, темир кен ташынын концентраттарын, болот, боксит, глинозём жана алгачкы алюминийди ?нд?р?? ?н?кк?н; аларга караганда машина куруу, же?ил жана токой ?н?р жайлары артта калган. Туризм, айрыкча пляж туризми активд?? ?н?кк?н (жылына 600 ми?ден ашуун турист келет; туризмден т?шк?н киреше 700 млн долларды т?з?т). Венесуэланын э? жакшы пляждары Кариб де?изинин жээгинде, Ла-Гуайра аймагында жайгашкан. Венесуэланын экономикасынын негизин нефть ?н?р жайы т?з?т. Нефть ?нд?р?? боюнча Латын Америкасында 2-орунда (Мексикадан кийин), д?йн?д? 6-8-орунда. Нефть куур аркылуу Венесуэла булу?ундагы де?из портторуна ташылат. Нефть иштет??ч? заводдорунун кубаттуулугу боюнча (59 млн тдай) Венесуэла Латын Америкасында Бразилия менен Мексикадан кийин 3-орунда турат. Табигый газ ?нд?р?? боюнча Венесуэла Латын Америкасында 3-орунда (Мексика менен Аргентинадан кийин) турат. Венесуэла к?м?рд?н запасы боюнча Латын Америкасында экинчи (Колумбиядан кийин), к?м?р казып алуу боюнча ?ч?нч? (жылына 8,5 млн тдай; Колумбия менен Бразилиядан кийин) орунда. К?м?рд?н басымдуу б?л?г? экспортко чыгарылат. Венесуэланын электр-энергетика тармагы ?н?кк?н. Электр станцияларынын кубаттуулугу 21,23 МВт (2002). 2004-ж. 87,6 млрд кВт/с электр энергиясы ?нд?р?лг?н, анын пайдаланылганы 81,5 млрд кВт/с электр энергиясынын 65%ке жакыны ГЭСке таандык. ?н?р жайынын негизги тармактарынын бири кара металлургия. Венесуэлада темир кен таштарынын ири запасы бар. Алар негизинен ачык жол менен карьерден казып алынат. Т?ст?? металлургияда боксит жана алюминий ?нд?р?л?т. Химия ?н?р жайынын негизги тармагы нефть-химия. Ири нефть-химия комплекстери: Эль-Табласо (Сулия штатында, пластмасса, жер семирткичтер), Ансоатеги (Ансоатеги штатында, метанол), Морон (Карабобо штатында жер семирткич, к?к?рт кислотасы, жардыргыч заттар). Башка тармактардан фармацевтика, парфюмерия-косметика, фотохимия ?н?кк?н. Машпна куруу ?н?р жайынын тармактары же?ил машина куруу (негизинен автомобиль кураштыруу, автомобиль кыймылдаткычтарын жана тетиктерин жасоо), трактор куруу, электр-техникалык жабдуулары, айыл чарба техникасы, аспаптарды жана тиричилик электр-приборлорун ?нд?р??. Тамак-аш, текстиль, булгаары-буткийим, жыгаччылык жана эмерек ?н?р жай тармактарына жалпы ?н?р жай наркынын 1 / 3 и туура келет. ?лк?н?н жалпы аянтынан 24,6%ин айыл чарбага жарактуу жери т?зс?, анын ичинде 14,8% айдоо жерлер, 3,2% бак-дарактар, 82,% жайыт. Айдоо жерлеринин 2 / 3 си ?лк?н?н к?т?р??к? жана тоолуу т?нд?к б?л?г?нд? жайгашкан. Айыл чарбанын негизги товардык ?с?мд?кт?р?: кофе, какао, балкамыш. К?т?р??к? жана тоолуу аймактарда акж?г?р?, маниок, ямс, картошка, т?? буурчак жана буурчак, жашылча, банан, кокос пальмасы (Кариб де?изинин жээгинде), цитрус ?с?мд?кт?р?, ананас, манго, папайя ж. б. ?ст?р?л?т. Мал чарбасынын негизги тармагы уй чарбасы (айрыкча эт багытындагы;) негизинен Льяностун табигый ?ск?л?? ч?п ?с?мд?кт?? жайыттарында ?н?кк?н. Валенсия к?л?н?н ойду?уна эт-с?т багытында уй чарбасы м?н?зд??. ?с?мд?к ?ст?р??ч?л?к м?н?зд?? райондордо, ири шаарлардын тегерегинде чочко (5,4 млндой баш) жана ?йкуштары, д?б?-д??с??л?? жана тоолуу жайыттарда кой, эчки асыралат. Балык (жылына 0,5 млн одай; макрель, кефаль, сардина, тунец, сельдь, де?из окуну) Кариб де?изинин жээк сууларынан, лангуст жана краб Кариб де?изинен, креветка (негизинен экспорттолот) Венесуэла булу?унан кармалат. Транспорттун негизги т?р? автомобиль. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 96,2 ми? км, анын ичинде 32,3 ми? км асфальтталган (2004). Негизги автомагистралдары (Баркисимето Валенсия Маракай Каракас Лос-Текес; Барселона Эль-Тигре) ?лк?н?н т?нд?г?нд?г? ири шаарларды бири-бири менен, де?из портторун (Каракас Ла-Гуайра, Баркисимето Пуэрто-Кабельо ж. б.), ошондой эле ?лк?н?н чыгыш б?л?г?нд?г? ири борборлорду Сьюдад-Боливар Сьюдад-Гуаяна шаарлар менен байланыштырат. Темир жолу начар ?н?кк?н; анын узундугу 682 км (2004). Де?из транспорттору аркылуу (сырткы сооданын 90%тен ашыгы) сыртка нефть жана нефть продуктулары, кенташ концентраттары жана металлдар ташылат. Тармактанган куур транспорту бар: нефть куурунун узундугу 6370 км, нефть продуктуларыныкы 480 км, табигый газдыкы 4010 км. ?лк?д? 369 аэропорт бар (2004). Ири 10 эларалык аэропорту Майкетия, Валенсия, Баркисимето, Маракайбо шаарында жайгашкан. Экспортунда нефть жана нефть продуктулары, металл (болот, алюминий), химиялык товарлар басымдуу; ошондой эле минералдык сырьёлор, айыл чарба продукцияларынан тропик м?м?-жемиштери (манго, ананас), кофе, какао, кант чыгарылат. Негизги сатып алуучулары: АКШ, Колумбия, Мексика, Эквадор. Импортук ?н?р жай жабдууларын, химиялык товарларды, транспорт каражаттарын, азык-т?л?к жана ?с?мд?к продукцияларын, кагаз жана башкаларды, АКШдан, Бразилиядан, Колумбиядан, Германиядан, Япониядан алат.

Маданияты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Венесуэлада жашаган индейлердин байыркы искусствосунан таш жана аска бетине т?ш?р?лг?н ар т?рд?? айбанаттар менен адамдардын келбетин чагылдырган с?р?тт?р сакталган. 16-18-кылымда кооз 3-нефт?? т?б?с? жыгач чирк??л?р, жыгач балкондуу, бышкан кыш, таштан салынган ?йл?р, шаарлар курула баштаган. 20-кылымдын ортосунда азыркы архитектуралык стилдеги комплекст?? жа?ы райондор, ансамблдер пайда болгон. 19-кылымда портреттик, жанрдык жана тарыхый с?р?тт?р (М. Товар-и-Товар, А. Мичелена, Т. Салас) жана скульптура (М. Гонсалес) ?н?г?т. 20-кылымдагы Венесуэла искусствосундагы реализм Т. Саластын тарыхый с?р?тт?р?н?н, Ф. Брандт, Р. Монастерьос, А. Реверондордун пейзаждарынан, П. А. Гонсалестин графикасынан айкын к?р?нд?. Живописчи Э. Полео, скульптор Ф. Нарваэс элдик стилдеги образдарды жаратышты. 20-кылымдын аягы - 21-кылымдын башында Венесуэла искусствосунда графика, карапа чо? мааниге ээ боло баштады.

Театр [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

1600-ж. Каракаста биринчи театрлаштырылган оюн коюлган. 17-кылымда шаардын аянттарында жана чирк??л?рд? оюндар к?рс?т?лг?н. Биринчи театр имараты 1784-ж. Каракаста салынган. 17-18-кылымда к?б?нч? Лопе Ф. де Веги Карпьо, П. Кальдерон де ла Барки ж. б. испан драматургдарынын пьесалары коюлган. Вольтер, Мольер, Р. Б. Шеридан ж. б. авторлордун пьесалары которулган. 1853-ж. биринчи жолу Маракайбодо венесуэлалык автордун ≪Уятсыз, сара? жана жалкоо≫ деген комедиясы коюлган. X. А. Майтиндин, X. Помптун, Р. Агатинин драматургиясы романтизм агымында калыптанган. 20-к-дагы театр турмушу музыкалык комедия жанрынын г?лд?ш? менен байланыштуу. 1938-ж. драматургиясынын негизд??ч?с? С. Ренхифонун ≪Эл эмне ?ч?н ырдайт≫ драмасы жарык к?рг?н. 1952-ж. Ренхифо ≪Маскарас≫ труппасын уюштуруп, режиссер катары чыккан. Венесуэланын театр турмушунда Венесуэла театр ассоциациясынын (1954) уюштурулушу чо? мааниге ээ болгон. 1984-ж. Каракаста мамлекеттик театр Улуттук драма труппасы И. Чокрондун жетекчилиги менен уюшгурулган. 1983-ж. Каракаста ≪Сесар Ренхифо≫ Улуттук сахна искусствосунун мектеби ачылган. 1959-жылдан Улуттук театр фестивалдары, 1978-жылдан эл аралык театр фестивалдары ?тк?р?лг?н.

Кино искусствосу [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

1909-ж. Венесуэла биринчи кыска метраждуу ≪Каракастагы карнавал≫ фильми, 1913-ж. толук метраждуу ≪Камелия кармаган аял≫ фильми тартылган. Биринчи ?нд?? фильмдери ≪Табога≫ (1937), ≪Жарылуу≫ (1939). Фильмдердин арасынан аргентиналык жана Т?нд?к-амер. ?лг?д?г?, курч м?н?зд?г? ≪К?ч?д?н келген Хуан≫ фильми (1941) ?зг?ч?л?н?п турат. 1948-ж. б. латын америкалык ?лк?л?р менен бирдикте ≪Боливар фильм≫ студиясы уюштурулган. ≪Шайтан бул периште≫ (1949)жана ≪Исабель≫ яхтасы б?г?н кечинде келет≫ (1951 Канныдагы Эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы) фильмдери тартылган. М. Перес Хименестин диктатурасынын мезгилинде (195258) Венесуэла киносу тере? кризиске учураган. 1958-ж. реж. М. Бенасерраф жумушчулар тууралуу ≪Арайя≫ (Канныдагы Эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы) дарект?? фильмин тарткан. 1963-ж. улуттук кинонун биринчи фестивалы ?тк?н. 1960-ж. бир топ режиссёрлор ?лк?н?н турмушу ж?н?нд? маанил?? маселелерди козгогон фильмдер тартышкан. ≪Сизди караган шаар≫ жана ≪Балдар айтпайт≫ (реж. X. Э. Гедес, 1966, 1968), ≪Каракастын элеси≫ (реж. X. Борхес, 1968), ≪Венесуэла≫ (реж. X. Соле, 1969) ж. б. Эл аралык мааниге ээ болгон фильмдер: ≪?йл?н?? тою≫ (реж. Т. Урхельес, 1982), ≪Мен келатам≫ (реж. Ф. Рубартелли, 1984), ≪Айтып койгула, мени ?лт?р?шп?с?н≫ (реж. Ф. Сисо, 1984) ж. б. 20-21-кылымдын башындагы белгил?? режиссёрлору: К. Отейса (≪Ж?р?к ?я?≫, 1995), А. Альверо Мендос (≪Бир ?м?р жана эки тапшырма≫, 1996), Д. Рискес (≪Мануэла Саенс≫, 2000), Э. Шнайдер (≪Чегарадагы чекит≫, 2004).

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Булактар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  1. The World Factbook. Venezuela ( англисче )
  2. World Economic Outlook Database, October 2023 Edition. (Peru) ( англисче )
  3. Human Development Report 2023-24 ( англисче )

Тышкы шилтемелер [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]