한국   대만   중국   일본 
Атлантика океаны - Википедия Мазмунга ?т??

Атлантика океаны

Википедия дан
Атлантика океаны.

Атлантика океаны - (байыркы грек мифологиясында асманды желкесине к?т?р?п турган титан-алп - Атлантка карата коюлган) - чо?дугу жагынан жер ж?з?нд?г? (Тынч океандан кийин) 2-океан. Чыгышынан Европа ж-а Африка , батышынан Т?нд?к ж-а Т?шт?к Америка, Т?шт?г?н?н Антарктика м-н чектешет. Аянты де?издери м-н кошо (аралдарды кошпогондо) 91,6 млн км2, орточо тере?диги 3600 м, э? тере? жери 8742 м (Пуэрто-Рико кобулу), суусунун к?л?м? 329,7 млн км3.

Жээктери [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Т?нд?к жарым шарда жээктери ?т? булу?-буйткалуу. Мында Атлантика океанынын бардык де?издери ( Балтика , Т?нд?к , Жер Ортолук , Кара , Кариб ж. б.) ж-а ири булу?дары ( Бискайя , Гвинея ж. б.) жайгашкан. Атлантика океанынын маанил?? ?зг?ч?л?г? - Жер Ортолук де?издердин (батышында Мексика булу?у м-н Кариб де?изи , чыгышында Жер-Ортолук де?из) кургактыкка ми?деген км кирип турушунда. Т?шт?к жарым шардагы жээктеринде булу?-буйтка (де?издери: Уэдделл , Скотия, Лазарев) аз.

Аралдары [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Негизинен материктен б?л?н?п калган аралдар басымдуу: Британ , Ньюфаундленд , Чо? ж-а Кичи Антил, Канар , Жашыл тумшук , Фолкленд (Мальвин) аралдары. Жанар тоо аралдары ( Азор , Тристан-да-Кунья , Ыйык Елена ж. б.) м-н коралл (шуру) аралдары. ( Багама ж. б.) чектел?? гана аянтты ээлейт. Аралдарынын жалпы аянты 1070 ми? км2.

Океан т?б?н?н рельефи [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Океан т?б?н?н рельефи.

Атлантика океанынын жээктерин бойлой кууш тилкени т?з?п (Аргентина м-н Т?нд?к Американын жээгин ондогон км, Т?нд?к де?издин жээгинде ж?зд?г?н кмге чейин) материктик тайыздык (шельф) созулуп жатат. Анын сырткы чети негизинен 100 мден 500 мге чейинки тере?дикте жайгашкан. Материктик капталдары тик, суу астындагы каньондор м-н тилмеленген. Атлантика океанын т?нд?кт?н т?шт?кт? карай жээкке жарыш суу астындагы Атлантика Ортолук кырка тоосу кесип ?т?т. Океан бетинен кырка тоонун чокусуна чейинки тере?дик 3000 мдей. Атлантика Ортолук кыркатоонун батыш ж-а чыгыш тараптарында суу астындагы платолор (Бермуда, Риу-Гранди), кырка тоолор (Т?шт?к Антил ж. б.) ж-а д??с??л?р Лабрадор, Т?нд?к Африка, Гвиана, Бразилия, Кап, Африка-Антарктика ж. б. ири чу?курдуктарды (орточо тере?диги 3000 мден 7300 мге чейин) б?л?п турат.

Океан т?б?нд?г? ч?км?л?р [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Терриген ч?км?л?р? (шагыл таштан э? майда чопо же пелит б?рт?рч?л?р?н? чейинки) шельф, материктик каптал ж-а материк этегинде таралып, АКШ, Т?нд?к Бразилия, Аргентина, Антарктиданын жээктерин ке?ири тилке т?р?нд? курчап турат. Атлантика океанында акиташ тект?? органоген ч?км?л?р? (негизинен фораминифер же глобигерин баткактары) к?п таралып, Исландиядан (т?нд?кт?) 57-58° т?шт?к ке?дикке чейин океан т?б?н?н 67,5%ин ээлейт. Бардык чу?курдуктардын таманын кызыл чопо жаап жатат. Кен байлыктары: нефть, газ, темир-марганец конкрециясы ж. б.

Климаты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Атлантика океаны бардык климаттык алкактарда - экватордук климаттан субарктикалык (т?нд?кт?) ж-а антарктикалык климатка (т?шт?кт?) чейинки алкактарда жайгашкан. Атлантика океанынын ?ст?нд? атмосфералык басымдын т?рт борбору жайгашкан: Исландия ж-а Антарктика минимумдары, Т?нд?к Атлантика ж-а Т?шт?к Атлантика максимумдары. Алар башка жактагы атмосфералык басым м-н ?з ара аракетке келип, мел??н алкакта батыштан соккон катуу шамалды, субтропик ж-а тропик алкактарында т?нд?к-чыгыш ж-а т?шт?к-чыгыштан соккон шамалдарды (пассатты) пайда кылат. Т?шт?к жарым шардын мел??н алкагына ?т? катуу шамал, т?нд?к тропиктик ке?диктерге вест-индия ураганы деп аталган тропик шамалы м?н?зд??.

Гидрологиялык режими [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Атмосфералык циркуляциясынын таасиринен Атлантика океанындагы ?ст??к? агымы субтропик ж-а тропик ке?диктеринде антициклондук, т?нд?к мел??н ж-а т?шт?к жогорку ке?диктерде циклон айлампаларын пайда кылат. Атлантика океанынын т?нд?к б?л?г?н?н м?н?зд?? белгилери - Гольфстрим деп аталган жылуу агымдар системасы. Т?нд?к антициклондук айлампанын батыш ж-а т?нд?к чет жакаларын Гольфстрим ж-а анын уландысы - Т?нд?к Атлантика агымы, чыгыш четин Канар муздак агымы, т?шт?к четин Т?нд?к Пассат жылуу агымы т?з?т. Т?нд?к циклондук айлампа Т?нд?к Атлантика ж-а Ирмингер жылуу, Лабрадор муздак агымдарынын таасиринен болот. Атлантика океанынын т?шт?к б?л?г?нд? антициклондук айлампа Т?шт?к Пассат ж-а Бразилия жылуу, Батыш Шамал ж-а Бенгал муздак агымдарынан пайда болот. Океан суусунун бетиндеги температура кышкысын февралда (Атлантика океанынын т?шт?к б?л?г?нд?г? температура августта): 28°Сден (экватордо) 6°Сге (60° т?нд?к ке?дикте) ж-а -1°Сге (60° т?шт?к ке?дикте) чейин; жайкысын августта (т?шт?к б?л?г?нд? февралда): 26°Сден (экватордо) 10°Сге (60° т?нд?к ке?дикте) ж-а 0°Сге (60° т?шт?к ке?дикте) чейин. Туздуулугу 34,0-37,3%о. Суунун э? тыгыздыгы т?нд?к-чыгышында ж-а т?шт?г?нд? 1027 кг/м3; экваторго карай суунун тыгыздыгы 1022,5 кг/м3ге чейин азаят. К?б?нч? суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 18 мге чейин, Фанди булу?унда); айрым жеринде 0,5-2,2 м.

Муздары [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Атлантика океанынын т?нд?к б?л?г?нд? муз мел??н алкактагы ички де?издерде гана (Балтика, Т?н. ж-а Азов, Ыйык Лаврентий булу?у) то?от. Океандын кургактыктан алыс б?л?г?н? муз ж-а айсбергдер Т?нд?к Муз океанынан (Гренландия жана Баффин де?издеринен) келет. Атлантика океанынын т?шт?к б?л?г?нд? муз жана айсберг Антарктиданын жээгинде жана Уэдделл де?изинде пайда болгон.

?с?мд?кт?р? жана жаныбарлары [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Globicephala melas .

Атлантика океанында ?с?мд?к жана жаныбарлардын 200 ми? т?р? бар. Планктондун кыйла массасын рак сымалдар - амфипод жана эуфаузинддер т?з?т. Эуфаузинддердин ичинен криль - муруттуу киттин (Антарктиданын жээктеринде к?п кездешет) негизги азыгы. Балыктын 15 ми?ден ашуун, кит менен калак буттуулардын 100д?й т?р? бар. Атлантика океанынын тропиктик б?л?г?н?н ?с?мд?к жана жаныбарлар д?йн?с? ар т?рд??, бирок сан жагынан (бир т?рд?г? ?с?мд?к жана жаныбарлардын саны) мел??н жана суук зоналардагыдан аз. Тропик алкагында океан т?б?нд?г? ?с?мд?кт?р негизинен жашыл ж-а кызыл балырлардан турат. Тропиктен тышкаркы т?нд?к б?л?г?нд? к?р?? балырлар басымдуу, океан т?б?н?н жумшак жерлеринде г?лд?? ?с?мд?к - зостера ?с?т. Тропиктен тышкары т?шт?к б?л?г?н?н литоралында кызыл, сублиторалында к?р?? балырлар басымдуу. Атлантика океанына ?т? м?н?зд?? жаныбарлар: тропик алкагында - радиолярия, сифонофор, медуза, краб, учуучу балык, акула, де?из ташбакасы, кашалот; мел??н ж-а суук алкактарда - калак буттуу рак сымалдар ж-а канат буттуу моллюска, сельдь, треска ж-а камбала балыктары, кит , жаргак буттуулар ж. б. Де?из канаттуулары сейрек кездешет. Антарктикада фрегат, альбатрос , пингвиндер ж. б.

Де?из промысели [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Д?йн?д? кармалган балыктын 2/5си Атлантика океанына туура келет. Промыселдик мааниси бар балыктын негизги т?рл?р?: сельдь, де?из окуну, мерлуза, тунец, треска. Балык кармалчу негизги аймактары - Т?нд?к де?издеги Доггер-банкасы, Ньюфаундленд аралынын жээгиндеги Чо? Ньюфаундленд банкасы. Жалпы балык кармоодо омурткасыздар (устрица, мидия, кальмар) м-н рак сымалдар (омар, краб) да кыйла мааниге ээ. Мексика булу?у м-н Кариб де?изинин, Т?нд?к де?изи м-н Бискайя булу?унун, Жер -Оортолук де?издин шельфтеринен нефть, Мексика булу?унан к?к?рт, Консепшен булу?унун ж-а Ньюфаундленд аралынын чыгыш жээктеринен темир рудасы (Уобана темир кени д?йн?д?г? э? ири кен), марганец (АКШ, Канада, Финляндия), Бразилия, АКШ жээктеринен илменит, циркон, рутил, Африканын т?шт?к-батышынан алмаз казылып алынат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов ?. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1