Крым конференциясы

Википедия дан

Крым конференциясы ( 1945 ), Ялта конференциясы ? Экинчи д?йн?л?к согушта (1939?1945) союздаш 3 мамлекеттин ( СССР , АКШ жана Улуу Британия ) ?км?т башчыларынын ( И.Сталин , Ф.Рузвельт , У.Черчиль ), тышкы иштер министрлеринин, штаб начальниктеринин ж. б. ке?ешчилердин катышуусу менен ?тк?р?лг?н конференция. 4?11-февралда Ялтада ( Крым ) ?тк?н. Крым конференциясына фашисттик Германияны толук талкалоо максатында союздаш 3 мамлекеттин согуш пландары макулдашылган, согуш б?тк?нд?н кийин бекем тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту уюштурууда союздаштардын макулдашкан саясатынын негизги принциптери белгиленген. Крым конференциясынын катышуучулары Германиянын кы?к этпей багынып бер??с?н?н шартын ишке ашыруу жана жалпы саясат ж?н?нд? келишишкен. ?ч мамлекеттин куралдуу к?чт?р? Германияда ?з?нч? оккупациялык зонаны ээлейт деп макулдашылган. ?ч мамлекеттин башчылары германдык милитаризм менен улутчулдукту жок кылууну жана Германия келечекте тынчтыкты бузууга жол бербегидей гарантия т?з??н? билдиришкен. Крым конференциясы согушта союздаш ?лк?л?рг? келтирген зыяны ?ч?н Германиядан кун алуу керек деп тапкан. Элдердин ортосундагы тынчтыкты сактоо максатында конференция Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) т?з?? ж?н?нд? чечимге келген. Крым конференциясы ≪Бошотулган Европа ж?н?нд? декларация≫ кабыл алып, Польшанын чек аралары тууралуу бир катар чечимдер чыгаргышкан. Жалпы тынчтыкты камсыз кылуу максатында СССР Крым конференциясында Европада согуш б?т?р? менен 2?3 айдан кийин белгил?? шартта милитаристтик Жапонияга каршы согушка кир??г? макулдугун берген.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]