Ашкеназдар

Википедия дан

Ашкеназдар , ашкиназдар - еврейлердин этностук тобу. Саны 9 млн адам (2004). Идиш тилинде с?йл?ш?т. К?пч?л?г? иудаизм динин тутушат. Ашкеназдар 1-2-ми? жылдыкта роман, арамей жана славян тилд?? еврей улуттарынын негизинде Рейндин орто?ку алабында, Дунайдын жогорку жана чыгыш Альпы зоналарында калыптанып, немец тилин кабыл алышкан. 12-15-кылымда ашкеназдардын негизги б?л?г? Польша жана Улуу Литва княздыгынын аймактарына, чыгышы Киев Русуна отурукташып, славян тилд?? кенаиттер тобу менен ассимиляцияланышкан. Алар лытвактар (Литва, Белоруссия, чыгыш Польшада), пойли (Польшада), курлендер (Латвияда), галыцианер (Галицияда), волын-подолдук жана валах-бессарабиялык еврейлер (Украина, Молдавия, Румыния, Трансильвания) жана башка субэтностук топторго б?л?н?т. Иудаисттик дин нормаларына ылайык эркектер узун кофта (лапсердан), башына кара т?ст?? баш кийим (ярмолка) кийишип, жээгине мех бастырып тигилген (штраймл) ак-кара же ак-к?к т?ст?г? атайын шалы-жоолук жамынышып, сакалдарын жана бир тутам чач (пейсы) коё беришкен. Аялдар башына жоолук салынышкан. Тамак-ашы ун, эт, балык азыктары. Ашкеназдардын тукумдары Израилде 50% жана диаспордогу еврейлер 80% ти т?з?т.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов ?. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967?14? 046?1