Энергетиктердин к?н?
же
Энергетиктердин кесиптик майрамы
? Бул майрам энергетиктердин жумушу абдан к?б?йг?н учурга, жылдын э? кыска к?н?н? жана э? узун т?н?н? дал келет. Майрам 1966-жылы СССРдин Жогорку Ке?ешинин Президиумунун токтому менен 1920-жылы Б?тк?л Орусиялык Ке?ештин сегизинчи съездинде Орусияны электрификациялоо мамлекеттик планын кабыл алуу к?н?н? карата кабыл алынган. Бул планга ылайык, Орусия боюнча 20 жылуулук электр к?м?к чордондорун жана 10 суу к?м?к чордондорун куруу каралган. Анын ичинде ?ч?? Кыргызстанга курулмак, окумуштуулардын к???л?н биздин жергебиздеги суулардын к?р??г?с? бурган. 1920-жылдан баштап Кыргызстанда к?п эмес кубаттуулуктагы Ош ГЭС-1, Алам?д?н ГЭС, бир канча дизелдик электр станциялар курула баштаган.
1930-жылдарда Нарын дарыясынын бассейни изилдене баштаган. Жыйынтыгы абдан жакшы болуп, дарыяга жалпы кубаттуулугу 5,9дан 7,5 млн киловаттка чейин жыл сайын 30дан 52 млрд кВт/с иштет?? м?мк?нч?л?г? менен 22 каскаддуу ГЭС куруу м?мк?н экендиги аныкталган.
Ал эми Кыргыз мамлекетинде Энергетиктердин к?н? ?км?тт?н токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Белорусия, Армения, Казакстан жана Украина белгилейт.