Чосон

Википедия дан

Чосон ??л?т? ( кор. 朝鮮 ) же Улуу Чосон ? Чыгыш Азиядагы 1948-жылга чейин ?к?м с?рг?н мамлекет. Корея жарым аралында, ага туташ материк б?л?г?нд? жакынкы аралдарда жайгашкан тарыхый мамлекет

Улуу Чосон
кор. 朝鮮

мамлекет
1392 ? 1897


Желек Герб
Ураан
≪光明天地≫
Гимн
≪大韓帝國 愛國歌≫
которулганда, ≪Улуу Корей Империясынын мекенчилдик гимни!≫
Борбор калаа Хансо? , азыркы Сеул
Тил корей тили
кытай вэньян тили
Дин конфуций окуусу
Акча бирдиги Мун (1423?1425)
Я? (1897?1902)
Аянт 220 748 км²
Калк 5,730,000 (1400)
13,300,000 (1907)
Сулале (династия) Ли ??л?т?
Ван
 - 1392?1398 (биринчи) Тхэжо
 - 1863?1897 (ая?кы) Кожон
?т??ч?л?к
Корё
Тхамна-гук
Корей Империясы

Тарыхы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Пхеньян шаарына жакын аймактардан табылган Комынмору, Кымпхари тургун жайлары, Тэхёндон ??к?р? ж. б. Корея жарым аралында палеолит доорунда эле адам жашагандыгын далилдейт. Б. з. ч. 1-кылымда Корея аймагында уруу союздары т?з?л?п, анын негизинде феодалдык мамлекеттер ? Когурё, Пэкче жана Силла (б. з. 1?7-кылымдар) пайда болгон.

6-кылымдын ортосунда Корей жарым аралына ?ст?мд?к кылуу ?ч?н бул мамлекеттердин ортосунда к?р?ш башталган. Силланын башкаруучулары Кытайдын Тан империясы менен келишим т?з?п, 660-ж. Пэкчени, 668-ж. Когурёни караткан. Бириккен Силла Кытай менен саясий, экономикалык жана маданий жактан тыгыз байланышта болуп, башкаруу жана жер иштет?? системасы кытай ?лг?с?нд? уюшулган. 8?9-кылымдарда конфуцийлик билим бер?? системасы ишке ашып, корей элдик тили жана маданияты калыптана баштаган. 9?10-кылымдарда Бириккен Силла мамлекетинде бытырандылык башталып, анын аймагында Тхэбон (901), Корё, Хупэкче (900) ж. б. мамлекеттер негизделген. 936-ж. Корё башкаруучусу Ван Гон ?лк?н? кайрадан бириктирген. 993, 1010?11-жылдары, 1018?19-жылдары Корёго жасаган кидандардын тынымсыз жортуулдарынын мизи майтарылган.

?лк?д? кол ?н?рч?л?к, соода ?н?г?п, монета чыгарылган. 992-ж. конфуцийлик жогорку мектеп ачылган. 12-кылымдын 1-жарымынан Корё начарлай баштаган. 1170-ж. аскер т??к?р?ш?н?н кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер т?р?л?р?н?н колуна ?тк?н. 1231?59-жылдары Корёну мо?голдордун Юань династиясы караткан. 1356-ж. ван Конмин мо?голдорду ?лк?д?н кууп чыккан, бирок алар узак убакыт Корёго таасир тийгизип турган. 1392-ж. кытайлардын колдоосуна ээ болгон аскер башчысы Ли Сон Ге жа?ы Ли династиясын негиздеп, ал башкарган мамлекет Чосон (≪Та?кы сер??н ?лк?≫) деп аталган. Борбору Хансон шаарына (азыркы Сеул шаары) к?ч?р?лг?н. 15-кылымдын 1-жарымында Улуу Сежон башкарган мезгилде мамлекет г?лд?п, корей фонетикалык алфавити чоным (окумуштуулар Чон Нин Джи жана Сон Сам Мун) т?з?л?п, китеп чыгаруу ?н?кк?н. 16-кылымдын башында чосон ак с??кт?р?н?н бийлик ?ч?н ?з ара к?р?ш? курчуп, 1580-ж. ?км?тк? каршы бир нече топ т?з?лг?н. Имчжин согушу (1592?98) да борбордук бийликтин кризисин к?ч?тк?н. Корей эли боштондук согушка к?т?р?л?п, япон баскынчыларын талкалаган. 1627-ж. жана 1636-жылдарда маньчжурлар Кореяга кол салып, 1637-ж. Цинь династиясынын вассалына айландырган. 18-кылымдын 2-жарымында Кореянын экономикалык ?н?г?ш? токтогон. Жерлер ак с??кт?рд?н колуна ?т?п, эз?? к?ч?г?н, дыйкандардын социалдык абалы начарлаган, 1811?12-жылдары Пхёнан провинциясында, 1813-, 1815-, 1833-жылдары Сеулда дыйкандардын к?т?р?л?шт?р? чыккан.

19-кылымдын ортосунан Кореяга чет мамлекеттер кызыга баштаган. Корея 1876-ж. Япония, 1882-ж. АКШ, 1883-ж. Улуу Британия жана Германия, 1884-ж. Италия жана Россия, 1886-ж. Франция менен басмырлаган те? укуксуз келишимдерине кол койгон. Натыйжада эл массасынын чет элдиктерге жана ?км?тк? каршы нааразылыгы к?ч?п, 1882-ж. 23-июлда Сеулда ири к?т?р?л?ш чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдаланып, ?лк?н?н ички иштерине кийлигишип, ?з бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугуна нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884-ж. декабрда мамлекеттик т??к?р?ш жасаган. Бирок эки к?нд?н кийин, бийликти кайра кытайлар тартып алган. 1885-ж. апрелде Кытай менен Япония Тянь-цзинь келишимине кол коюшуп, Корея аймагынан япон жана кытай аскерлери чыгарылган. 1890-жылдары ?лк?н?н экономикасында чет элдиктер, биринчи иретте япон соодагерлери жана ишкерлер маанил?? роль ойногон. Чет элдик соодагерлер корей базарын ?зд?р?н?н товарлары менен толтуруп, ?лк?д?н айыл-чарба азыктарын (к?р?ч, буурчак), ошондой эле алтын, к?м?шт?рд? ташып кетип турушкан. 1893?94-жылдары чет элдик зомбулукка жана ?км?тк? каршы дыйкандардын к?т?р?л?ш? чыккан. 1894-ж. июнда Корей ?км?т? к?т?р?л?шт? басыш ?ч?н Кытайдан жардам сураган. Япония Кытай бийлигин Тянь-цзинь келишимин бузду деп к?н??л?п, 1894-ж. 25-июлда Асан аймагында кытай аскер кемелерине кол салган. 1894?95-жылдары Кытай-япон согушу Симоносеки келишимине (1895) кол коюу менен аяктап, Кытай Кореянын ?ст?н?н болгон сюзерендиктен баш тартып, Японияга Ляодун жарым аралын берген. Орус-япон согушунун (1904?05) убагында Япония Кореяны караткан. 1905-ж. 17-ноябрдагы протекторат ж?н?нд?г? келишимге ылайык Корея Японияга толук к?з каранды болуп, башка мамлекеттер менен ?з алдынча алака ж?рг?з?? укугунан айрылган. ?км?т япон генералдык резиденти ? Ито Хиробуминин к?з?м?л?н? ?тк?н. Протекторат режимине каршы корей элинин куралдуу к?р?ш? к?ч?г?н, бирок алардын негизги к?чт?р? Япония бийлигинен талкаланган. 1910-ж. 22-августта Корея императорунун тактан кетиши япон императорунун пайдасына чечилген. Корея Япония империясынын курамына кирген. ?лк?д?г? мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги, ошондой эле Корея армиясы жана флоту генерал-губернатордун колуна ?тк?н. 1911?18-жылдары япон бийлиги айыл-чарба тармагында бир катар ?зг?рт??л?рд? киргизип, жер каттоо ж?рг?зг?н. Япония ?км?т? Кореяга аскердик-полициялык режим орноткон. Япон тили мамлекеттик тилге айланып, саясий уюмдарга, илимий, маданий жана спорт коомдоруна катышууга корейлерге тыюу салынган. Япония ?ст?мд?г?н? каршы Кореяда улуттук-боштондук кыймыл к?ч?п, ар кандай саясий уюмдар т?з?л?п, партизандык отряддар калыптанган. Россиядагы Октябрь революциясынын (1917) таасири астында Кореяда Япония саясатына жооп катары Биринчи март элдик кыймылы ке?ири жайылган. 1919-ж. 1-мартта Сеулда массалык демонстрациялар башталып, аларды япон полициясы к?ч менен баскан. 1919-ж. апрелде Шанхайда жашаган корей эмигранттарынын Корей улуттук конгресси деп аталган чогулушунда Корей Республикасы (Тэхан мингук) жарыяланып, саясатчы Ли Сын Ман жетектеген ≪?км?т≫ т?з?лг?н. 1920-жылдары Кореяда алгачкы жумушчу жана профсоюз уюмдары пайда болуп, 1925-ж. Корея Компартиясы (КП) т?з?лг?н. Маньчжурия жана Кытай аймактарында партизандык отряддар (лидерлери Ким Ир Сен ж. б.) уюшулуп (кийин бул отряд Кытай Кызыл армиясынын 32-корпусуна айланган), Кытайдын элдик-революциячыл к?чт?р? менен бирге япон баскынчыларына каршы к?р?ш?п, бир нече жолу же?иштерге жеткен. Берлин (Потсдам) конференциясында (1945) союздаш мамлекеттер Япониянын капитуляциясын жана Корей мамлекетинин эгемендигинин калыбына келтирилишин талап кылышкан. Советтик жана америкалык аскерлердин биргелешкен к?чт?р? Корей жарым аралын бошотууга киришкен. 1945-ж. августта СССРдин Тынч океан флоту менен 25-армиянын 2-Ыраакы Чыгыш фронтунун бириккен к?чт?р? Корея аймактарына кирген. АКШнын сунушу менен Корей жарым аралы 38-параллель боюнча т?нд?к жана т?шт?к зонага б?л?нг?н. Бирок Кореянын т?нд?г?н? АКШ армиясы 1945-ж. 8-сентябрда согуш аракеттери токтогондо кире баштаган. 1945-ж. 8-октябрда Т?нд?к Кореянын 5 провинциясынын элдик комитеттеринин ?к?лд?р? жолугуп, убактылуу башкаруу органы ? 5 провинциянын административдик бюросун т?зг?н. 1945-ж. 10-октябрда Т?нд?к Корея ?к?лд?р?н?н жыйынында Корея КПнин т?нд?к-корей уюштуруу бюросу т?з?лг?н. 1946-ж. августта КП Т?нд?кт? Жа?ы элдик партия (1946-ж. негизделген), т?шт?кт? Элдик жана Жа?ы элдик партия (1945-ж. негизделген) менен биригип, Т?нд?к Корея Эмгек партиясы жана Т?шт?к Корея Эмгек партиясы болуп т?з?лг?н. 1946-ж. февралда элдик бийликтин жогорку органы ? Т?нд?к Корея Убактылуу элдик комитети т?з?лг?н. 1945?48-жылдары Т?нд?к Кореяда жер реформасы ж?рг?з?л?п, транспорт, ?н?р-жай, байланыш, банк, тышкы соода ж. б. улутташтырылган. Т?шт?к Кореяда америкалык аскер администрациясы элдик комитеттердин ишмердигине жана реформалардын ж?р?ш?н? тоскоолдук кылып, консервативдик саясий к?чт?р менен кызматташкан. 1948-ж. 10-майда Т?шт?к Кореянын Улуттук чогулушуна шайлоо ?тк?р?л?п, 15-августта Корея Республикасы жарыяланып, борбору Сеул шаары болгон. Америкалык аскер администрациясы Кореядагы ?з?н?н ыйгарым укугун Ли Сын Манга тапшырган. 1948-ж. 9-сентябрда Т?нд?к Кореяда Ким Ир Сен жетектеген Корей Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) т?з?лг?н. Конституция боюнча КЭДРдин борбору Сеул эсептелген, бирок иш ж?з?нд? Пхеньян шаары борбор болуп калган.

Адабияты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Корея адабияты б. з. башындагы байыркы корей фольклорунан башталат. 19-кылымга чейин расмий ханмун тилинде (кытай тилинин корейлешкен формасында) жана корей тилинде жаралган. Корей тилиндеги адабияттын байыркы ?лг?с? ? чакан ырлар ? хянга (7?11-кылымдар). Бул мезгилдеги чыгармалардын к?пч?л?г? сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр т?з?л?ш?н?н эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9-кылым) чо? салым кошкон. Корё мамлекети мезгилинде кытай тилиндеги проза жана поэзия биринчи планга чыккан. Ким Бу Сектин ≪?ч мамлекеттин тарыхый баяны≫ (1145) деген конфуцийчил хроникасы, пхэсоль жанрында Ли Ин Нонун, Ли Гю Бонун жана Ли Же Хёндун лирикалары маанил?? роль ойногон. Чосон мезгилинде улуттук маданиятка басым жасалып, поэзия менен проза улуттук тилде ?н?кк?н. Поэзияда сижо (?ч сап ырлар; Юн Сон До) жа каса (поэмалар Чон Чхол) жанрлары ?н?кк?н. 19-кылымдын акыры ? 20-кылымдын башында кытай тилинен баш тарткан жана агартуучулук идеясын да?азалаган ≪жа?ы адабият≫ пайда болгон. Корей тилиндеги проза поэзиядан кийин пайда болгон (Ман Жундун романдары, 17-кылым). 20-жылдары адабияттын мааниси тууралуу талаш-тартыш келип чыккан: агартуучу, прозачы Ли Гван Су адабиятты ?г?т-насыят каражаты катары эсептесе, кыска а?геменин чебери Ким Дон Ин адабияты, ≪Таза искусство≫ деп т?ш?нг?н. Адабиятта ар кандай багыттар: модернизм (акын, жазуучу Ли Сандын чыгармалары) ≪жа?ы багыт мектеби≫ (Чхве Со Ханин а?гемелери, Ли Сан Хванын ырлары) пайда болгон. Пролетар жазуучулардын Корея ассоциациясы (Ли Ги Ен, Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) т?з?лг?н.

Архитектура жана с?р?т искусствосу [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Б. з. ч. 1-кылымдагы к?р?ст?нд?рд? (дольмендер, ?к?к формасындагы м?рз?л?р ж. б.) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамлекетинин башкаруучулары менен ак с??кт?рд?н 4?7-кылымдардагы к?р?ст?нд?р? к?пч?л?г? байыркы борбор Куннэсондун жана 5-кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. К?р?ст?нд?р эки типке б?л?н?т: тепкич т?р?нд?г? таш пирамидалар жана имаратты к??мп турган коргон д?б?л?р. Алардын дубалдары менен шыптары с?р?тт?р менен кооздолгон. Кореянын 8-кылымда Силла мамлекетине биригиши анын маданиятын жа?ы бийиктикке к?т?рг?н. Шаарлар курула баштаган. 4?6-кылымдарда Кореяда буддизмдин таралышы менен храм ансамблдери пайда болгон: 8-кылымда Кёнжуда Соккурам ??к?р храмы, Пульгукс комплекси (14-кылымда кайра курулган), Таботхап менен Соккатхап пагодалары менен курулган. 7?10-кылымдардагы Корея скульптурасында Индия менен Кытайдын будда оюу-чий??л?р? образдардын жандуулугу менен формалардын ийкемд??л?г?н айкалыштырган (Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи ? Соккурам храмы, 8-кылым). Кёнжудагы к?р?ст?нд?рд?н жанынан табылган жоокерлердин, айбанаттардын ж. б. таш эстеликтери сомдолгон монументт??л?г? менен айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдонмо ?н?р?н? таш жана металл иштет??, жибек токуучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук буласы менен ч?пт? эш?? ж. б. м?н?зд??, Корё мамлекетинин доорунда (918?1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны к?б?йг?н (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас храмынын 7 ярустуу пагодасы, 11-кылым), салттык 4 кырдуу пагодалар менен катар 6?8 кырлуу курулуштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, 11?12-кылымдар) салынган. Стилдик жактан да к?п т?рд?? болгон. Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент скульптурасы мыкты ?н?г?п, тушь жана суу боёк живописи ке?ири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо ??рч?г?н. С?р?т искусствосун ?н?кт?р??д? 14-кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олуттуу роль ойноп, живопись академиясынын кызматын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде к?рк?м маданиятка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храмдардын к?б? Чосон мезгилинин экинчи жарымында тургузулган. Падыша сарайларын курууда бай жасалга менен зор салтанаттуулук айкалыштырылып (Кёнбоккун ак сарай комплекси,1395, 1592-ж. ?ртт?л?п, 19-кылымдын 2-жарымында калыбына келтирилген; Чхандоккун комплекси, 1405?12, 1592-ж. бузулган, 1607?10-жылдары калыбына келтирилген), ландшафт композициялуу бак-парктарды т?з??г? к?п к???л б?л?нг?н (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак). Чосон мезгилиндеги Корея живописинин тарыхын 3 мезгилге ? эрте (1392?1550), ортонку (1550? 1700) жана со?ку (экиге б?л?н?т), 1700?1850, 1850?1910) чосон мезгилдерине б?л?п карашат. Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу жана уулу Ми Южен, Ан Гён, Кан Хи Ан ж. б. белгил?? болсо, ортонку мезгилдин ири чеберлери Ли Жин, Ким Мён-чук ж. б. болгон. ≪Г?л-чымчык≫ (хваджохва) жанрында к?п с?р?тч?л?р ийгиликт?? иштешкен. 18-кылымда ?н?кк?н пейзаж живописи ? чингён сансухва багытында (чыныгы к?р?н?шт?г? пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До ж. б. иштеген. Со?ку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живопистин пайда болушуна негиз т?з?шк?н. Жасалга-колдонмо ?н?р?нд? мурункудай эле карапанын ролу зор болгон. Негизи бардык эле с?р?тч?л?р ≪г?л-чымчык≫ жанрында иштешкен. 19-кылымдын аягында май боёк живописи техникасы менен иштеген алгачкы с?р?тч? Токиодогу к?рк?м искусство окуу жайын б?т?рг?н Ко Хи Дон болгон. 19-кылымдын аягы ? 20-кылымдын башында Корея искусствосуна Батыштын к?рк?м салттары кире баштап, европалык стилдеги имараттар курулган.

Музыкасы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Корея улуттук музыкасы 4-кылымдан калыптана баштаган. К?п аспаптарды (комунго ж. б.) жасаган Ван Санака (6-кылым), ырчы жана 200д?й композициянын автору, каягым аспабын кураган Урыктын (6-кылымдын аягы) чыгармачылыгы ал кез ?ч?н маанил?? болгон. 14?16-кылымдарда борбордо чо? оркестр, хор оюн к?рс?т?п, к?р?н?кт?? музыканттар иштеген. Корея музыкасынын ?н?г?ш?н? Пак Ен (15-кылым) к?п салым кошкон. Ал ту?гуч музыкалык окуу жайын негиздеп, байыркы аспаптарды классификациялап, ?з? да элдик музыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-ж. нота жазуунун ?з?нч? системасы т?з?лг?нд?кт?н, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен 16-кылымдын 2-жарымынан музыка ?р?ш албай, негизинен элдик ырлар гана ?н?кк?н. 19-кылымда пхансоринин обону боюнча ?н таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик музыкалык драма (чхангык) ?с?п, кийин улуттук операга айланган. 20-кылымда европалык музыка кире баштаган, бирок 1910-ж. башталган япон колониячылыгы 1945-ж. чейин музыкалык маданияттын ?с?ш?н? кедерги болгон. 1920-ж. батыштын белгил?? музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-ж. Пхеньянда биринчи Корея симфониялык оркестри т?з?лг?н.

Театры [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Орто кылымда театрдын калыптанышына элдик ырчылар менен жомокчулардын ?н?р? т?ртк? берген. 15-кылымда бий жана драмалык элементтер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры 10-кылымдагы буддалык мистериянын элементтерин киргизген. 17-кылымда европалык ярмарка театрларын жакындашкан кыдырма труппалар ке?ири белгил?? болгон. Алар музыкалык оркестр менен парадды баштап чыгышкан. Хвагык с?йл?ш?? театры музыканы жана бийди пайдаланган. 19-кылымда Кореянын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори ? жомокчулар искусствосунун негизинде чхангык музыкалык театры пайда болгон. 1908-ж. Сеулда ≪Вонгакса≫ театры уюшулгандан Корея театрынын тарыхы башталат. Анын т?з??ч?с? Ли Ин Жик байыркы улуттук салт менен европалык бийдин техникасын бириктир??г? аракеттенген. Батыш театрын жайылтуучу жана актёрдук билим алууну киргизген Хён Чол Япониядан окугандан кийин 1920-ж. Сеулда театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын т?з?п, анда европалык жана кореялык пьесаларды койгон. 1923-ж. Япониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда ≪Тоулхе≫ театрын уюштурган (1932-ж. чейин иштеген). Япониядан билим алган режиссёр Хон Хе Сон 1931-ж. Сеулда ≪Спектаклди изилд??≫ аттуу театрын ачкан. Кореяны балет ?н?р? менен алгач 1926-жылдан Кореяда иштеген япон бийчиси, Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография ?н?р?н?н андан аркы ?н?г?ш? Цой Сын Хинин ысымына байланыштуу Ал 1926-ж. Сеулда корей элдик жана батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-ж. ачылган.

Киносу [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Биринчи кино 1903-ж. к?рс?т?лг?н. Ошол эле жылы Сеулда чет мамлекеттик кинолорду к?рс?т??ч? кинотеатр ачылган. Улуттук кинематографияда биринчи фильм ≪С?й?шк?нд?рд?н ай астындагы анты≫ болгон (1923, режиссор Юн Пэк Нам. Кино ?н?р?н?н телчигиши япон баскынчыларынын к?з?м?л?нд? ж?рг?н. 1920-жылдардын башында тартылган ≪Чхунхян ж?н?нд? баян≫ фильми маанил?? окуя катары таанылган. ?нс?з кинонун ири чебери актёр жана режиссор Ун Гю (≪Ариран≫, 1926) болгон. Биринчи ?нд?? фильм ? ≪Чхунхян ж?н?нд? баяндын≫ жа?ы версиясы (1935, режиссор Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягында тыкыр к?з?м?л кинону кризиске учуратып, к?пт?г?н кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-ж. корей тилинде кино тартууга тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]