Франсиско Хосе де Гойя-и-Лусьентес
(1746, Фуэндетодос, Сарагосага жакын ? 1828, Бордо) ? испан живописчиси жана гравёру. 1760-ж. Сарагоса шаарында Х. Лусан-и-Мартинестен окуган. 1773-ж. Мадриддеги Ф. Байонун ?н?рканасында иштейт. 1776?80 жана 1786?91-ж. дубалга жабыштырылуучу кагаздарды чыгара турган королдук ишкана ?ч?н 60тан ашык панно жасайт. Г. бул чыгармаларында (“Идиш сатуучу”, “Мадрид базары”, 1778, “Жараланган ташчы”, 1786-ж. б.) ошол учурда испан искусствосуна к?чт?? таасир тийгизген барокконун ыксыз салтанаттуу жана классицизмдин кургак салттарына демократизм духун каршы коёт. 1780-жылдардан тартып чебер портретчи катары таанылат. Г. 1785-ж. Мадрид с?р?т академиясына вице-директор, ал эми 1795-жылдан ошол академияда живопись б?л?м?н? директор. 1786-жылдан тартып королдун сарайында иштейт. Бул мезгилде Г. графикага ?зг?ч? кызыга баштайт. 1790?1800-ж. Г-нын портрет искусствосунун бийик чокусуна жеткен мезгили болот: “Капричос” (1797?98), “Согуш кырсыктары” (1810?20) деген атактуу офорттор сериясын жаратат. Мунун биринчисинде испан коомунун саясый жана нравалык негиздерин ашкерелесе, экинчисинде наполеондук баскынчыларга каршы к?р?ш?п жаткан испан элинин тагдыры философиялык жактан чагылдырылган.