Танк

Википедия дан
Танк (Т-90).

Танк ( англ.   tank ? ≪бак≫, ≪цистерна≫, ≪резервуар≫) ? толук сооттолгон гусеницалуу аскер машинасы. Танк ?т? кыймылдуу келип, ар кандай буталарды кыйратууга жана тоскоолдуктардан ?т??г? ж?нд?мд??. Биринчи жолу сооттолгон унаалардын долбоорун 1911?15-жылдары Россияда В. Д. Менделеев, A. А. Пороховщиков, Улуу Британияда Де Моль (1912) ж. б. сунуш кылган. Азыркы танктын негизги б?л?кт?р?: броняланган тулкусу, башня, куралдар комплекси, кыймылга келтиргич, башкаруу системасы, электр жабдуу, ж?р?? б?л?г?, ?рт жана атом куралына каршы система. Башняда негизги курал ( замбирек ) орнотулган. Ал кол жана электр же гидравикалык кыймылга келтиргич менен айландырылат. Башня же тулку ок ?тп?с легирленген болоттон жасалат. Танктын негизги аткыч куралы ? замбирек, кошумчасы ? 2 же андан ашык зениттик пулемёт. Азыркы танктарга найы сайлуу же жылма, калибри 105тен 125 ммте чейинки замбирек орнотулат. Замбиректин комплексине броня тешкич, кумулятивд??, калибрл??, подкалибрл??, ошондой эле курулмаларды жана душмандардын аскерин кыйраткыч жарылгыч заттары бар снаряддар кирет. К?п колдонулган 120 мм калибрл?? снарядга 4?7 кг т?т?нс?з дары керектелип, калибрл?? снаряддын алгачкы ылдамдыгы 800?1000, подкалибрл??н?к? 1400?1800 м/cгe жетет. Горизонталь жана вертикаль тегиздикте атуунун тактыгы (т?зд?г?) стаблизатордун жардамы менен ж?нд?л?т, ал эми атайын приборлорду пайдалануу менен т?нд? да даана атууга болот. Танктын жылчыксыз жабылуусу (герметизация) 2 м тере?диктеги суудан, ал эми атайын жабдуу менен жабдылышы тере? cyy кечмелердин т?б?н?н ?т??г? м?мк?нд?к берет. Жер бетинде багыт алуу ?ч?н навигациялык аппаратура, курс к?рс?тк?ч электрондук эсепт?? жана автоматтык курсту картага т?ш?рг?ч приборлор колдонулат. Танктын оор, же?ил, сууда с?зг?ч, тоскоолдон ?тм? ж. б. т?рл?р? бар. Азыркы учурда Россиянын армиясы Т-64БВ, Т-72М, Т-80, Т-90; америкалыктар ≪Абрамс≫; француздар ≪Леклерк≫; немецтер ≪Леопард-2≫ ж. б. сыяктуу танктар менен куралданган.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]