Пабло Пикассо

Википедия дан
Pablo Picasso (1962)

Пикассо (?з аты-ж?н? ? Руис-и-Пикассо) Пабло (1881, Испания, Малага ? 1973, Франция, Мужен) ? француз с?р?тч?с?, ата-теги испан. Адегенде атасынан (Х. Руис), кийин Ла-Корунья (1894?95), Барселона (1895-жылдан) жана Мадрид шаарларындагы асем искусство мектептеринен таалим алган. 1904-жылдан Парижде жашаган. Алгачкы маанил?? чыгармалары: “Жакыр карыя менен бала” (1903), “Шар ?ст?нд?г? кыз” (1905). 1907-ж. П. реалисттик салттан чектеп, авангардизм жана кубизм багытына оогон (“Желп??р кармаган аял”, 1909 жана А. Волларддын портрети, 1910). 1910-жылдардын ортосунан неоклассицизм (“Булак боюндагы ?ч аял”, 1921; “Эне жана ымыркай”, 1922) ?лг?с?нд?, 1910-жылдын аягында карапайым адамдарды (“Балыкчы”, 1918; “Дем алып отурган дыйкандар”, 1919), 30-жылдардын 2-жарымында буржуазиялык кысымдан запкы чеккендерди (“Ыйлап жаткан аял”, 1937; “Мышык менен чымчык”, 1939) тарткан. Кийин Франциянын Элдик фронтунун к?р?н?кт?? ишмери катары “Генерал Франконун тилеги жана калптары” (1937) деген сериясында фашизмдин ма?ызын ашкерелеген. Экинчи д?йн?л?к согуш (1939-45) кезинде фашист немец аскерлер басып алган Францияда калып, Каршылык к?рс?т?? кыймылына катышкан. “Тынчтык к?г?чк?н?” с?р?т?нд? (тушь, 1947), “Тынчтык” жана “Согуш” панносунда (1952) П-нун гумандуу к?з караштары даана байкалат. 40-жылдардын акырынан П-нун чыгармачылыгы к?п кырдуу ?н?кк?н. Ал станоктук живописте, скульптурада (“Козу кармаган адам”, коло, 1944), карапа жасоодо (2000дей буюм), ?зг?ч? графикада (с?р?т, офорт, линогравюра, литография жана башкалар) белсемд?? иштеген. П-нун чыгармачылыгы XX кылымдагы искусствонун бардык т?р?н? зор таасири тийген жана тийгиз??д?. П. 1950-ж. Тынчтыктын Б?тк?л д?йн?л?к советине шайланган. Тынчтыктын Эл аралык сыйлыгынын (1950) жана “Элдер ортосунда тынчтыкты чы?даганы ?ч?н” Эл аралык Лениндик сыйлыгынын (1962) лауреаты.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]