Мубарак Хосни Сейид

Википедия дан

Мубарак Хосни Сейид [4. 5. 1928-жылы туулган, Минуфия губерниясы, Шибин ал-Кум округу (марказы), Кафр аль-Мусайлаха кыштагы] ? аскер жана саясий ишмер, армиянын генерал-лейтенанты (1974). Египеттин 4-президенти (1981?2011). 1949-жылы Каирдеги Аскер академиясын (1949), Аскер-аба академиясын (1951), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясынын штабдык окутуу курсун (1965) б?тк?н. 1952?59-жылы Каирдеги Аскер-аба академиясында окутуучу болуп иштеген. 1959-жылы Кыргызстанга келип, Токмок шаарындагы учкуч аскердик окуу жайында стажировкада болгон. 1960?65-жылы авиац. полктун, 1965?69-жылы авиабазанын командачысы, 1969?72-жылы Египет ААКтын штабынын начальниги, 1973?75-жылы авиациянын башкы маршалы, 1975?81-жылы Египеттин вице-президенти, 1981-жылы Египеттин президенттигине шайланган. Улуттук-демократиялык партиянын вице-т?рагасы (1978). Улуттук-демократиялык партиянын генералдык секретары (1981?82), 1982-жылдан т?рагасы. 1991-жылы Перс булу?ундагы согушта АКШны колдоп, Иракка каршы 40 ми? кишиден турган аскер контингентин жиберген, бирок 2003-жылы аскер жибер??д?н баш тарткан. Мубарактын мезгилинде инфраструктура ?н?кт?р?л? баштаган. 1987-жылы Африка аймагы боюнча биринчи метро Каирде ачылган. Ошондой эле Мубарак коррупция жана жумушсуздук менен к?р?ш?п, Египеттин экономикасын жогорулатуу ?ч?н аракеттерди жасаган. 2011-жылы элдик к?т?р?л?шт?н негизинде бийликтен кеткен.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]