Лусон аралы

Википедия дан
Лусон.

Лусон аралы ? Филиппин архипелагынын э? чо? аралы. Аянты 105,6 ми? км 2 . Жээктери батышында жана т?шт?г?нд? булу?-буйткалуу. Рельефине тоолордун, тоо аралык жана жээк т?зд?кт?р?н?н татаал айкалышы м?н?зд??. Бийиктиги 2934 мге жеткен ( Пулог чокусу ) тоолор басымдуу. Аракеттеги жанартоолору (Майон жана башка) бар. Климаты субэкватордук муссондук; тез-тез тайфун болуп турат. Айлык орточо температурасы т?нд?г?нд?г? т?зд?кт?рд? 23?25?С, т?шт?г?нд? 27?29?С. Жылдык жаан-чачындын ?лч?м? 2000?3000 мм. Дайыма жашыл жана жалбырагы к?б?лм? тропик токою, ?р??нд?р?нд? саванна ?с?мд?кт?р? ?с?т. Жээк ойду?дарында жана тоо аралык ?р??нд?р?нд? эл жыш отурукташкан. Шалы, кокос пальмасы, тамеки, ж?г?р?, абака ?ст?р?л?т. Алтын , хромит , жез жана темир кенташтары бар. Лусондо Филиппиндин борбору ? Манила шаары орун алган.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов ?. А., Б.: ≪Кыргыз энциклопедиясы≫ башкы редакциясы, 2014. ISBN 978?9967?14-111-7