Владимир Ленин

Википедия дан
(≪ Ленин (Ульянов), Владимир Ильич ?≫? барагынан багытталды)
Ленин (1920).

Ленин (Ульянов) Владимир Ильич (10 (22). 4.1870, Симбирск, азыркы Ульяновск ? 21. 1. 1924, Москва губерниясы Горки кыштагы) ? орустун коомдук-саясий ишмери, Советтик Союздук коммунисттик партиясын жана Совет мамлекетин негизд??ч?, Совет ?км?т?н?н алгачкы жетекчиси (1917?24), К. Маркс , Ф. Энгельс тарабынан негизделген коммунизм ж?н?нд? илимий-теориялык окуунун улантуучусу.

1887-ж. Симбирск гимназиясын алтын медаль менен б?т?р?п, 1887-ж. Казан университетинин юридикалык факультетине ?тк?н. Ошол эле жылы декабрь айында студенттердин революциячыл жыйындарына катышканы ?ч?н университеттен чыгарылып, Казан губерниясынын Кокушкино кыштагына айдалган. 1891-ж. Санкт-Петербург университетинин укук факультетине экзаменди экстерн тапшырып, Самарада адвокаттын жардамчысы болуп иштеген. 1893-ж. Петербургга келип, марксисттик ийримдерге катышкан. Анын т?зд?н-т?з демилгеси жана жетекчилиги менен 1895-ж. к?з?нд? Петербург шаарындагы марксисттик ийримдер бир уюмга ? ≪Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу ?ч?н к?р?ш союзуна≫ бириккен. Падышалык бийликке каршы кыймылдарга катышып, бийликти кулатууга ?нд?г?н? ?ч?н 1895-ж. декабрда камакка алынып, 1897-ж. Енисей губерниясынын Шушенский кыштагына 3 жылга с?рг?нг? айдалган. С?рг?нд?н кийин 1900-ж. чет ?лк?г? кет??г? мажбур болуп, В. Г. Плеханов, П. Б. Аксельрод, В. И. Засулич, Ю. О. Мартов жана А. Н. Потресов менен бирге ≪Искра≫ гезитин чыгара башташкан. 1900-ж. декабрь айында ≪Искра≫ гезитине басылган бир макаласын ≪Ленин≫ деген псевдоним менен чыгарып, бул анын т?б?л?к ысмына айланган (мындан тышкары В. Ильин, В. Фрей, Ив. Петров, К. Тулин, Карпов жана башка псевдонимдери болгон). 1903-ж. РСДРПнин 2-съездинде (Брюссель, Лондон) добуш бер??д? социал-демократиялык кыймыл большевиктер (к?п добуш бергендер) жана меньшевиктер болуп б?л?н?п, мындан ары большевиктер партиясын Ленин, меньшевиктерди Мартов жетектей баштаган. 1904-ж. Лениндин демилгеси жана жетекчилиги менен Женевада большевиктердин биринчи ≪Вперёд≫ гезити (1904?05) чыгарыла баштаган. Бул мезгилде Ленин РСДРП БКнын курамынан чыгарылган (7 (20).2. 1905). 1905-ж. 8 (21)-ноябрда Ленин эмиграциядан Петербургга келип, большевиктер партиясын куралдуу к?т?р?л?шк? даярдоо планынын ?ст?нд? иштеп, ≪Жа?ы турмуш≫ гезитин чыгара баштаган. Полициянын куугунтугуна байланыштуу 1906?08-ж. кайрадан чет ?лк?л?рд? ( Финляндия , Швейцария , Франция ) эмиграцияда болгон.

1917-ж. Февраль революциясынан кийин Ленин эмиграциядан Петроградга кайтып келип, 4-апрелде социалистик революциянын же?иши ж?н?нд? с?йл?г?н (≪Апрель тезистери≫). 1917-ж. июль айында ?лк?д? кош бийлик жоюлуп, бийликке келген Убактылуу ?км?т Ленинди камакка алуу тууралуу буйрук берген. 1917-ж. 7-октябрда жашыруун т?рд? Выборгдон Петроградга келип, Смольныйда штаб уюштуруп, 24-октябрда башталган куралдуу к?т?р?л?шт? жетектеген. Советтердин б?тк?л россиялык 2-съездинде Л. ЭКСтин т?рагалыгына шайланып, 1918-жылдан жумушчу-дыйкандардын коргонуу советинин т?рагасы, Б?тк?л союздук БАК (ВЦИК) менен БАКтын (ЦИК) м?ч?с?н?н кызматын аткарган. 1918-ж. Германия менен Брест-Литовск тынчтык келишимин т?з??д? чо? салым кошкон. Мындан тышкары Лениндин жетекчилиги менен СССР мамлекети, Совет ?км?т?, Кызыл Армия (к. Советтик армия) жана башка т?з?лг?н жана жа?ы бийликти чы?доо ?ч?н ≪согуш коммунизми≫, жа?ы экономикалык саясат (НЭП) жана башка иш-чаралар ж?рг?з?лг?н. 1918?19-ж. Германия жана Австрия-Венгриядагы монархиялык бийликтин кулашын Ленин жана анын тарапкерлери д?йн?л?к пролетардык революциянын башталышы катары эсептешкен. Ленин башка мамлекеттерде революциялык процесстерди к?ч?т?? ?ч?н Коммунисттик интернационалды т?з??н? сунуштап, 1919-жылдын 2?6-июнунда Москвада ?тк?н Коммунисттик интернационалдын 1-конгрессинин ишин жетектеген. 1923-жылдан кийинки негизги эмгектерине ≪Эл достору деген эмне жана алар социал-демократтарга каршы кандай к?р?ш?п жатат≫ (1894), ≪Россияда капитализмдин ?н?г?ш?≫ (1899), ≪Эмне кылуу керек?≫ (1902), ≪Бир кадам алга, эки кадам артка≫ (1904), ≪Материализм жана эмпириокритицизм≫ (1909), ≪Империализм ? капитализмдин жогорку стадиясы≫ (1916), ≪Мамлекет жана революция≫ (1917), ≪Биздин революция ж?н?нд?≫, ≪Аз болсо да жакшы болсун≫ жана башка макалалары жана ≪Съездге кат≫, ≪Улуттар ж?н?нд?г? же “Автономиялаштыруу” ж?н?нд?г? маселеге карата≫ жана башкалар каттары кирет. Лениндин ?м?р таржымалын жана жасаган иштерин изилд?? ?ч?н РСФСРде жана СССРде атайын мекемелер т?з?лг?н: В. И. Ленин атындагы Коомдук-тарыхый музей (1919), Партиянын тарыхы алдындагы Лениндин музейи (1920), В. И. Ленин институту (1923; 1931- жылдан ВКП(б) БКнын алдындагы Маркс ? Энгельс ? Ленин институту, 1956-жылдан КПСС БКнын алдындагы Марксизм-Ленинизм институту), кийин Москвада ушул институттун алдында В. И. Лениндин Борбордук музейи ачылган. СССРде Ленин жашаган ?йл?р музейлерге айланган. Мындай ?й-музейлер Ульяновскиде (1923), Казанда (1937), Татарстан Республиканын Пестречинск районунун Ленино-Кокушкино айылында (1939), Куйбышевде (азыркы Самара, 1939), Шушенский кыштагында (1938) жана башка жерлерде ачылган. Лениндин эмгектери д?йн? ж?з?нд? э? к?п нускада жарык к?рг?н. СССРде Лениндин чыгармаларынын биринчи басылышы 1920?26-жылдары (1?20-т.) чыккан. Лениндин атынан Ленин чокусу , Ленин м??г?с? , Ленинакан платосу, Москвадагы Ленин (азыркы Воробьёвы) д??с??с?, Ленинград (Санкт-Петербург), Ульяновск, Ленинск, Ленинск-Кузнецк, Лениногорск, Ленинабад (азыркы Хожент), Ленинакан (азыркы Гюмри) шаарлары, к?пт?г?н кыштактар, Москва метрополитени жана башкалар аталган. Лениндин урматына Ленин ордени жана Ленин атындагы сыйлык т?з?лг?н.

Байланыштуу макалалар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]