Илбирс

Википедия дан
Илбирс, Барс
Коргоо абалы
Илимий классификация
д?йн?с? : Айбанаттар
тиби : Хордалуулар
классы : С?т эм??ч?л?р
т?рк?м? : Жырткычтар
тукуму : Мышык сымалдуулар
тукумчасы : Pantherinae
уруусу : Uncia (талаштуу)
Gray, 1854 [2]
т?р? : U. uncia
Биноминалдык аталышы
Uncia uncia
( Schreber , 1775)
subspecies

see text

Range map
Синонимдери

Илбирс же Барс ( латынча Panthera uncia , башка классификацияда - лат. Uncia uncia ) ? мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чо? мышыктар ( Panthera ) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык к?рс?тк?чт?р?н?н комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилд??л?р илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. [4] [5] [6]

Турпаты [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см. [7] [8] Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. [9] . Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см. [10] Ж?н?н?н т?с? к?г?лт?р-бозомуктан саргыч-к???рт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.

Жашоо аймагы жана саны [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, де?из де?гээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Ооганстанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана ?збекстанда таралган. [11] Илбирстин жашаган жерлерине жет?? кыйын болгондуктан алардын жашоосунун к?пт?г?н учуралары толук маалым эмес.

Б?тк?л д?йн?л?к жапайы жаратылыштын фондунун маалыматтарына ылайык т?рд?н жалпы саны бардык жашоо ареалдарынын алкагында 3500 - 7500 чейин [12] . Дагы 200 чамалуу илбирс д?йн? ?лк?л?р?н?н зоопарктарында кармалып капаста тукумдашат [12] .

?лк? Аймагы,
аянты (км²) [13]
Эсептелген саны
(божомолдуу) [1] . [13]
Эсептелген жылы
Ооганстан 50 000 100?200 2003
Бутан 15 000 100?200 1994
Кытай 1 100 000 2000?5000 1998
Индия 75 000 200?600 1994
Казакстан 50 000 180?200 2001
Кыргызстан 105 000 150?500 2001
Монголия 101 000 500?1000 2000
Непал 30 000 300?500 [14] 2009
Пакистан 80 000 200?420 2003
Орусия 60 000 [12] 150?200 [12] 2003
Тажикстан 100 000 180?220 2003
?збекстан 10 000 20?50 2003

Илбирстер Кыргызстанда [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Илбирс.

Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары ХХ кылымда Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010-жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.

Кыргызстан илбирстер к?п жашаган ?лк?л?рд?н катарына кирет. 2013-ж. Кыргызстанда 307 илбирс бар. Ысык-К?л облусунда ? 129, Нарын облусунда ? 23, Чуй облусунда ? 52, Талас облусунда ? 24, Жалал-Абад облусунда ? 52, Ош жана Баткен облустарында ? 27. [15]

Кыргызстанда илбирсттер Тескей Ала-Тоодо , Кыргыз Ала-Тоосунда , Талас Ала-Тоосунда , Чаткал , Какшаал-Тоо , Фергана жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет. [16] Илбирстер Беш-Арал коругунда , Ысык-К?л коругунда , Нарын коругунда , Сары-Челек биосфералык коругунда, Сарычат-Эркештам коругунда жана Ала-Арча улуттук сейил багында кезигет. [17] Ананьево айылындагы NABU кайра кубаттандыруу борборунда 5 илбирс бар (09.2013).

Илбирстин кууту [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Илбирстин кууту баардык эле мышыктар уруусуна кир??ч?л?р сыяктуу эле бирдин айынан - жалган куран айларында ж?р?т. 3-4 жаштарында жетилип куутка катышат, 95-105 к?нд?й балдарын к?т?р?т. Ургаачысы татаал адам о?ойлук менен жетпеген, аскалардын жапалак арча, бадал менен капталган ??к?рл?рд? май айында 2-3 баласын тууйт, алардын салм. 350-400 г га чейин болот.

Илбириске а?чылык [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Илбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун бил?? ?ч?н ага жыл бою к?з салуусу ж?р??л?р? керек. Мындай адамдарды элде ≪илбирс кармоочулар≫ деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармооочулар чо?дорун капкан менен кармашып, балдарын ??к?рл?рд?н алышып сатышат.

Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай ж?р?т. Бул т?рд?н мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет.

Шилтемелер [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  1. 1.0 1.1 Jackson, R., Mallon, D., McCarthy, T., Chundaway, R.A. & Habib, B. (2008). Panthera uncia . In: IUCN 2008. IUCN Red List of Threatened Species. Downloaded on 9 October 2008. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "iucn" defined multiple times with different content
  2. Калып:ITIS
  3. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named msw3
  4. Davis, B.W.; Li G., Murphy W.J (2010 Jul). "Supermatrix and species tree methods resolve phylogenetic relationships within the big cats, Panthera (Carnivora: Felidae)". Molecular Phylogenetic Evolution 56 (56): 64?76.
  5. http://www.sciencedirect.com/science/article/pii/S1055790310000473
  6. https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pubmed/20138224
  7. a b c d e f g h i j k Sunquist, Mel; Sunquist, Fiona (2002). Wild cats of the World. Chicago: University of Chicago Press. pp. 377?394. ISBN 0-226-77999-8 .
  8. "Snow Leopard Fact Sheet". Snow Leopard Trust. 2008. Retrieved 2008-10-23.
  9. Boitani, Luigi, Simon & Schuster's Guide to Mammals. Simon & Schuster/Touchstone Books (1984), ISBN 978-0-671-42805-1
  10. Ошол эл жерде
  11. International Snow Leopard Trust and Snow Leopard Network. Стратегия развития снежных барсов. Итоговая версия. США, Сиэтл, 2007
  12. 12.0 12.1 12.2 12.3 архив к?ч?рм?с? . Текшерилген к?н? 6 -май (бугу) 2013. Т?п булактан архивделген к?н? 4 -март (жалган куран) 2016 .
  13. 13.0 13.1 Animal Info ? Snow Leopard
  14. WWF International, 300?400 snow leopards estimated to be found in Nepal , 27. Juli 2009 . Текшерилген к?н? 24 -август (баш оона) 2021. Т?п булактан архивделген к?н? 5 -декабрь (бештин айы) 2019 .
  15. Кыргыз Республикасынын ?км?т?н? караштуу курчап турган ч?йр?н? коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги (жеткиликсиз шилтеме)
  16. Кыргыз Республикасынын ?км?т?н? караштуу курчап турган ч?йр?н? коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги (жеткиликсиз шилтеме)
  17. International Snow Leopard Trust and Snow Leopard Network. Стратегия развития снежных барсов. Итоговая версия. США, Сиэтл, 2007