Гибралтар

Википедия дан
Гибралтар.

Гибралтар ? Улуу Британиянын Пиреней жарым аралынын т?шт?г?нд?г? ээлиги (1713жылдан). Гибралтар кысыгында ; аскалуу жарым аралды жана Пиреней жарым аралын аска менен туташтырган кумдуу мойнокту камтыйт. Испаниядан бейтарап зона аркылуу б?л?н?т. Аянты 6,5 км 2 . Калкы 29,2 ми? (1999). Расмий тили англис тили. Чарбасы Улуу Британиянын аскер-де?из жана аскер-аба базаларын, транзиттик портту жана чет элдик туристтерди тейл??г? байланыштуу. Сырттан алынган продукциянын 1 / 2 нефть. Док, кампа, мунай сактагычтар, калкты жана горнизонду тейл??ч? тамак-аш ?н?р жайы жана кеме о?доочу ишканалары бар.

Гибралтар.

Г. Кальпе деген аталыш менен байыркы гректерге жана римдиктерге белгил?? болгон. 8-кылымда Гибралтарда арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб же?ип алуучусу Тарик ибн Сеиддин ысымынан) деп аталган. Гибралтар 1309?33-ж. жана 1462-ж. Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы жана Орто Чыгышты колониялоо ?ч?н таяныч пункту катары пайдаланган. Гибралтарды кайтарып алуу ?ч?н Испаниянын 18-кылымдагы аракеттерине жол берб?? максатында Улуу Британия 1- жана 2-д?йн?л?к согуштардын убагында Гибралтарды ?з?н?н кубаттуу согуш базасына айландырган. 1969-ж. май айында Гибралтардын жа?ы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Гибралтардагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-ж. 30-июлдагы шайлоодо Гибралтардын коалициялык ?км?т? т?з?лг?н. 1980-жылкы Англия-Испания келишимине ылайык (келишим 1985-ж. к?ч?н? кирген) гибралтарлыктар Испанияда, испандар Гибралтарда те? укуктуулукту, алар бири-бирине эркин кирип чыгууга м?мк?нд?к алган.

Булактар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]