한국   대만   중국   일본 
Виллемстад - Википедия Мазмунга ?т??

Виллемстад

Википедия дан
Виллемстад.

Виллемстад - Антил аралдары (Нидерланддык) административдик борбору. Калкы 98,3 ми? (2006). Кюрасао аралынын т?шт?к-батыш жээгинде. Кариб де?изинин т?шт?г?нд?г? ири порт; Скоттегат табигый жабык гаванында жайгашкан; де?из менен канал аркылуу (эки к?п?р?с? бар) туташат. Океан кемелери да токтойт (Батыш жарым шардагы э? ири кургак док; нефть сактоочу жайы да бар). Эл аралык аэропорту бар. 1527-ж. испандар негиздеген, 1634-ж. нидерланддар басып алган. 17-18-к. Кариб де?изинин алабындагы кул соодалоонун башкы борборлорунун бири болгон. 18-кылымдагы черепица менен жабылган голландиялык ?йл?р фонтандары менен, Амстердам форту (?км?т резиденциясы; 1635), губернатор сарайы, ратуша, чирк?? (1769), кул соодалоочу эски базар, калкыма базар (тент менен жабылган кайыктар), Батыш Жарым шардагы байыркы Микве синагогасы (1732) сакталган. Шаардын тарыхый б?л?г? Б?тк?л д?йн?л?к мурастын тизмесине кирген. Университет (1732), музейлер (Кюрасао, нумизматика, почта, улуттук археологиялык, антропология, де?из ж. б.) бар. Виллемстад офшор бизнесинин жана чет элдик туризмдин борбору. Нефть ажыратуучу завод (негизинен Венесуэладан алат) иштейт.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]