한국   대만   중국   일본 
Басма иши - Википедия Мазмунга ?т??

Басма иши

Википедия дан

Басма иши - китеп , гезит, журнал, альманах , альбом, нота, жылбаян, буклет ж. б. басууга даярдоочу, басып чыгаруучу жана аларды керект??ч?л?рг? жеткир??н? уюштуруучу маданий-?нд?р?шт?к тармак. Чыгарган продукциясынын т?р?н? карата китеп, гезит-журнал ж.б. басуу жана тандап алган багытына жараша илимий, окуу педогогика куралдарды, к?рк?м адабият, анын ичинде балдар адабияты, маалыматтама басылма басуу болуп б?л?н?т. Кол жазма т?р?нд?г? алгачкы басылмалар ?ч?н жыгачтын кабыгы, терпенин бети пайдаланылган, кийинчерээк кагазга к?ч?р?л?п т?ш?р?лг?н. Китеп ?н?р? менен алектенген (к?ч?рм?ч?, с?р?тч?, калыптоочу, нускоочу) адистер топтошуп, басма уюмун т?з? баштаган. Жыгачтан оюлган калып менен китепти к?б?йт?п басуу жумуштары 8?9-кылымда Кытайда ишке ашырылып, ≪Жакут сутра≫ аттуу алгачкы китеп басылган. 14-кылымда куйма ариптерди пайдаланган басмаканалар пайда болгон. Ал эми Европада басма иши 15-кылымда башталган. Байыркы Египеттин (б. з. ч. 25-кылым) папирус т?рг?кт?р? китеп чыгаруунун алгачкы жана ж?н?к?й ?лг?с? болгон. Ал жазуу ?ч?н материал катары б. з. ч. 5-кылымда Грекияга, кийин Римге ?тк?н. Биринчи э? ж?н?к?й басма иши 9-кылымда калыптанып, ал тамгаларды жыгач тактайга оюлуп жасалган калыптардан кагазга к?ч?р?п т?ш?р?? жолу менен башталган. Кийин чопо, коло ж. б. металлдардын аралашмасынан даярдалган куйма ариптер пайда болгон. Европадагы э? алгачкы басма ишине немис ойлоп табуучусу Иоганн Гутенберг негиз салган. Ал 1445-ж. жыгачтан ж?н?к?й басма станогун жасап, андан саатына 100 тамга тер?? менен, 42 саптан турган э? биринчи китеп латын библиясын басып чыгаруу менен, полиграфия ?нд?р?ш?н? жол ачкан. Россияда биринчи басмакана 1564-ж. ачылган. Аны ту?гуч орус китеп чыгаруучулары Иван Фёдоров менен Пётр Мстиславец башкарып, алгачкы орус китеби ≪Апостолду≫ басып чыгарган. 16-17-кылымда Франция, Германия, Венеция, Нидерланд ж. б. Европа ?лк?л?р?нд? к?пт?г?н жеке менчик басмалар иштей баштаган. 18-19-кылымда басма менен басмакана иши биригип, китеп чыгаруу ыкчам ?с?п, тамга жана сап куюучу тер?? машиналары, тез басуучу басма аспаптары, фотоцинкография, фототер?? ж. б. ыкмалар ойлонуп табылган. Полиграфиялык машина куруу заводдору, ондогон жа?ы басмаканалар ишке киргизилип, илим изилд?? жана полиграфиялык окуу жайлары ачылган. Кыргыз тилиндеги э? алгачкы басылган тексттер 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон, 1861-ж. ≪Манас≫ эпосунун айрым б?л?мд?р? В. Радлов, Ч. Валиханов, Д. Алмаши тарабынан китеп тексти катары ?з?нч? басып чыгарылган. И. Арабаевдин демилгеси менен Молдо Кылычтын ≪Кысса Зилзаласы≫ (1911) Казан шаарындагы басмаканадан жарык к?рг?н. 1885-ж. Лейпцигден басылган В. Радловдун ≪Т?нд?к т?рк урууларынын элдик адабиятынын ?лг?л?р?≫ китебинде бир нече кошоктордун кыргызча тексттери берилген. И. Арабаев менен X. Сарсекеевдпн кыргыз, казак балдары ?ч?н ≪Алип-бежаки т?т? окуу≫ аттуу ту?гуч окуу китеби (1911, Уфа), И. Арабаевдин ≪Жазуу ?рн?кт?р?≫: сулуу жазуунун ?лг?л?р? (1912, Оренбург), О. Сыдыковдун кыргыздын санжыра-тарыхы ж?н?нд?г? ≪Муктасар тарых Кыргызия≫ (1913), ≪Тарых кыргыз Шадмания≫ (1914, Уфа) китептери жарык к?рг?н. Бул басылмалар кыргыз китеп басуу ишиндеги алгачкы кадамдар катары бааланат. 1924-ж. ту?гуч кыргыз алфавити т?з?л?п, Т?ркстан эл агартуу комиссариатынын Кара кыргыз илим комиссиясынын чечими менен И. Арабаевдин ≪Алиппе≫, К. Тыныстановдун 1-баскычтагы класстар ?ч?н ≪Окуу китеби≫ Ташкенден басылып чыккан. Булар кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу максатында Совет доорунда жарык к?рг?н алгачкы окуу китептери катары тарыхка кирди жана китеп басып чыгаруу ишинин алгачкы тажрыйбасы катары бааланат. 1925-ж. Тоголок Молдонун ≪Насыят≫, К. Тыныстановдун ≪Касым ырларынын жыйнагы≫, Молдо Кылычтын ≪Буудайык≫, Боогачынын ≪Секетбай≫ ж. б. чыгармалары Москвадан жарык к?рг?н. Ушул эле жылы Россиядагы 1-революциянын 20 жылдыгына карата партиянын Кыргыз облустук комитетинин атайын тапшыруусу менен К. Тыныстанов тарабынан кыргызчаланган ≪?зг?р?ш ырлары≫ аттуу ырлар жыйнагы басылган жана ал кыргыз жазма адабият тарыхындагы 1-котормо басылма катары бааланат. К. Баялинов менен 3. Лилинанын ≪Ленин биздин окутуучубуз≫ аттуу жана Пишпектин басмаканасынан 8 китеп жарык к?рг?н. Москва, Ташкен, Пишпек шаарларынан чыгарылган китептердин саны 30га жетип, алардын жалпы нускасы 100 ми? ди т?зг?н. Бул Кыргызстандагы басма ишинин уюштурууга ишенимд?? негиз т?з?п, 1926-ж. 24-январда Кыргыз мамлекеттик басма башкармалыгынын 1-жыйынында ≪Кыргызмамбас≫ негизделген. Алгачкы жылы 26 наамдагы китеп чыгарылып, жалпы нускасы 65 ми? 700 болгон. 1925-26-ж. негизинен к?рк?м адабият, окуу куралдары, саясый жана таалим-тарбиялык маанидеги басылмалар жарык к?рг?н . Бул чыгармалар элдин кат-сабатын ачууда, билим жана таалим-тарбия бер??д?, агартуу иштерин ж?рг?з??д? баа жеткис акыл азыгы катары кызмат ?т?г?н. Мындай басылмаларды чыгарууда Москванын китеп басмалары да маанил?? роль ойногон. 1926-ж. февралда Москвада СССР элдеринин борбор басмасында кыргыз б?л?м? т?з?л?п, ал узак жылдар бою кыргыз китептерин чыгарып турган жана анда К. Баялинов, У. Абдукаимов, 3. Бектенов, А. Токомбаев ??д?? белгил?? адамдар эмгектенишкен. Кыргыз акындарынын Т. Жолдошев т?зг?н ≪Кызыл г?л≫ аттуу ырлар жыйнагы 1927-ж. Москвадан 2 ми? нускада жарык к?рг?н. Аталган жыйнакка С. Карачев, О. Ысабеков, Ш. К?к?нов, Б. Кененсарпев, Б. Калпаков, К. Баялинов, А. Токомбаев ж. б. таланттуу акындардын ырлары кирген. Ал эми Кыргызстандын ?з?нд? 1927-28-ж. К. Тыныстановдун ≪Окуу-жазуу бил≫, ≪Эне тили≫, К. Карасаевдин ≪Сабат ачкыч≫ жана И. Арабаев менен бирдикте чо?дор ?ч?н ≪Жа?ылык≫ деген окуу китептери, А. Токомбаевдин ≪Ленин тууралуу≫ ырлар жыйнагы, К. Баялиновдун ≪Т?лк? менен суур≫, ≪Чабалекей менен жылан≫ сыяктуу балдарга арналып жазылган китептери жа?ы латын ариби менен басып чыгарылган. 1928-30-ж. китеп чыгаруу ишинин техникалык ?нд?р?шт?к негизи ке?ейип, басылмаларды сапаттуу чыгаруу иши жолго коюлган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары чет тилдерде да жарык к?р? баштаган. Мисалы К. Баялиновдун ≪Ажар≫ повести француз, англис жана немис тилдеринде жарык к?рг?н. 1934-ж. гезит-журнал басууга адистешкен ≪Кызыл Кыргызстан≫ басмасы т?з?л?п, кийин ал ≪Ала-Тоо≫ (1964) басмасына айланган. Анда 1972-ж. чейин Кыргызстанда даярдалган бардык гезит-журналдар, кийин адабият жана агартуу тармагын камтыган ≪Ала-Тоо≫, ≪Литературный Кыргызстан≫, ≪Ден соолук≫ журналдары, ≪Кыргызстан маданияты≫ жумалыгы, ≪Мугалимдер газетасы≫ сыяктуу гезит-журналдар басылып турган. ≪Кыргызмамбастан≫ адистешкен басмалар ?с?п чыга баштайт, б. а. ≪Кыргызмамбастын≫ мектептер ?ч?н окуу китептерин, окуу куралдарын басмага даярдоочу б?л?м?н?н негизинде ≪Мектеп≫ басмасы т?з?лг?н (1953). Ал мектептер жана мектепке чейинки мекемелер, орто жана жогорку окуу жайлары ?ч?н окуу китептерин, педагогдор ?ч?н методикалык басылмаларды, балдар жана ?сп?р?мд?р ?ч?н таалим тарбиялык м?н?зд?г? к?рк?м адабият жана котормо китептерди чыгарып турган. Басып чыгарууга республикадагы тажрыйбалуу методисттер, мыкты мугалимдер, жогорку окуу жайынын окутуучулары, илим жана басма кызматкерлери, с?р?тч?л?р катышып, окурмандардын татыктуу билим алуусуна салым кошушкан. 1964-ж. ≪Кыргызмамбас≫ саясий, социалдык-экономика, ?нд?р?шт?к-техникум, илимий-популярдуу жана к?рк?м адабияттарды чыгарууга адистештирилген ≪Кыргызстан≫ басмасы болуп кайра т?з?лг?н. Республикадагы илимий басылмаларды чыгарууну жакшыртуу максатында адистештирилген ≪Илим≫ басмасы негизделип (1955), анда Кыргызстандагы илимдин бардык багыттары боюнча Кыргыз ССР ИАнын институттарынын илимий ке?ештери тарабынан басууга сунуш кылынган китептер жарыкка чыгып турган. 1968-ж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы т?з?лг?н.1976-82-ж. кыргыз тарыхында 1-жолку улуттук-унпверсал ≪Кыргыз Совет Энциклопедиясынын≫ 6 томдугу (алфавиттик негизде), орус жана кыргыз тилдеринде ≪Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы≫ аттуу илим жалпылоо м?н?зд?г? энциклопедиянын атайын бир томдугу жарык к?рг?н. 4 томдон турган ≪Советтик энциклопедиялык с?зд?к≫, X. Карасаевдин ≪Орфографиялык с?зд?г?≫ жана бир катар предметтер боюнча терминдердин т?ш?нд?рм? с?зд?кт?р? басылган. Эгемендикке ээ болгондон кийин ≪Манас≫ энциклопедиясынын эки томдугу (1995), ≪Кыргызча-орусча с?зд?к≫, ≪Физика≫, ≪Химия≫, ≪Математика≫, ≪Айыл чарба≫ сыяктуу тармактык энциклопедиялар, Кыргызстандын облустарына жана Фрунзе шаарына арналган ≪Ош≫, ≪Ысык-К?л≫, ≪Ч?й≫, ≪Талас≫, ≪Нарын≫, ≪Фрунзе≫ региондук энциклопедиялары чыгарылган. 1999-ж. 12-февралда Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын функциясын ке?ейт?? жана статусун к?т?р??, ошону менен бирге кыргыз тилин ?н?кт?р??н?н практикалык зарыл маселелерин чеч?? максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болуп кайрадан т?з?л?п, мамлекеттик тилге т?зд?н-т?з тиешел?? окуу куралдары, ≪Кыргыз темир жолу≫, ≪Кыргыз милициясы≫, ≪Жалал-Абад≫ сыяктуу тармактык, региондук энциклопедиялар, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча с?зд?кт?р, илим тармактары боюнча терминдердин т?ш?нд?рм? с?зд?кт?р?, ≪Кыргызстан≫ аттуу энциклопедиянын обзордук тому эки тилде (кыргыз, орусча) басылып чыккан. Кыргызстандын басма ишинин ?н?г?ш?нд? ММКларынын, б. а. гезит-журналдардын чыгып туруусу да маанпл?? болгон. Райондук, облустук, республикалык гезиттер чыгарылып, басмаканалары иштеген. 1983-ж. Кыргызстанда 11 журнал, 69 гезит чыгып турган. 1989-ж. жалпы саны 114к? жеткен. 1988-ж. ≪Кыргызстан≫, ≪Мектеп≫ басмаларынын базасында адабий к?рк?м чыгармаларды, искусство, адабият таануу жана сын багытындагы китептерди чыгаруучу ≪Адабият≫ басмасы уюшулган. Анда кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары, элдик оозеки адабияттын ?лг?л?р?, чыгармачыл жаштардын ту?гуч жыйнактары, альманахтар басылып турган. Бул басмалар кыргыз басма ишин ?н?кт?р??г? зор салым кошушкан. Рынок экономикасына ?т?? менен полиграфия ?н?р жайынын т?з?м?н?н ?зг?р?ш? басмалар менен басмаканалар уюмдашып, акционердик коомдордун, ошондой эле жеке менчик басма жана басмаканалардын пайда болушун шарттады.≪Кыргызполиграфкомбинат≫ АК китеп чыгарса, ≪Учкун≫, ≪Эркин тоо≫ сыяктуу АКтар гезит-журналдар менен катар китеп чыгаруу ишин да колго алышты. Учурда ?з алдынча китеп, гезит-журнал, нота жана жарнама басылмаларын, буклет, плакат, конверт, календарь ж. б. басма продукцияларын чыгаруучу, ?нд?р?шт?к кубаттуулугу чектелген жогорку технологиядагы полиграфиялык чакан ишканалар иштеп жатат. Д. Андашев.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • ≪Кыргызстан≫. Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4