IMDb

Википедия дан
IMDb логотиби

IMDb ( Internet Movie Database деп чечмеленет) ? тасмаларга, телебер??л?рг? жана видео оюндарга, анын ичинде актердук жана тасма тарткан топко, ойдон чыгарылган каармандарга, ?м?р баяндарга, кыскача мазмундарга, майда-ч?йд? маалыматтарга жана ой-пикирлерге байланышкан маалыматтардын онлайн базасы. Ал Amazonдун туунду компаниясы IMDb.com, Inc. тарабынан иштейт. 2017-жылдын июнуна карата IMDbнин базасында болжол менен 4.4 млн аталыш (анын ичинде эпизоддор да бар), 8 миллион киши тууралуу маалымат, ошондой эле 75 млн катталган колдонуучусу бар.

Сайт катталган колдонуучуларга жа?ы материалдарды киргиз??г? жана мурда болгон маалыматтарга ?зг?рт??л?рд? кошууга м?мк?нч?л?к берет. Бардык маалыматтар жарыкка чыкканга чейин текшерилсе да система кыянат пайдаланууларга ачык болуп, маал-маалы менен каталардын катталганы белгиленген. Колдонуучулар 1ден 10го чейинки шкала боюнча ар бир тасмага баа бере алышат . Топтолгон баалардын орточо саны ар аталыштын жанында к?рс?т?л?п турат. Ал ?ч?н добуш бер??н?н бурмаланып кетпешин алдын алып турган онлайн чыпкалар пайдаланылат. Ошондой эле, бул сайт ырасталган колдонуучулар ?ч?н баарлашуу т?рм?кт?р?н ишке берген, бирок IMDb 2017-жылдын 20-февралында биротоло жаап салган.

Интернет байланышы бар кайсы гана адам болбосун IMDb порталындагы тасмалардын жана ?н?рпоздордун барактарын к?р? алышат. Ал эми сайттагы маалыматтарга салым кошуу ?ч?н катталуу жараяны милдеттендирилген. Катталган колдонуучу ?з?н? сайттын атын тандап, профилдик баракка ээ болот. Бул профилдик барак катталган колдонуучу качантан бери м?ч? болуп келатканы, колдонуучунун жеке тасма рейти?дери (эгерде колдонуучу алар к?рс?т?лс?н деп тандаган болсо), ошондой эле кошкон салымына жараша ыйгарылган т?ш белгилер тууралуу маалыматтарды к?рс?т?т. Бул т?ш белгилер жалпы кошкон салымдан тарта, с?р?т, майда-ч?йд?, ?м?р баян жана башка сыяктуу эркин категорияларга чейинки маалыматтарды камтыйт. Эгерде катталган колдонуучу же кирген окурман к???л ачуу ?н?р-жайында болгусу келсе жана жана IMDb барагына ээ болсо, ал колдонуучу/окурман IMDbPROго жазылып, ошол барагына с?р?тт?рд? кошо алат.

Тарыхы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Шилтемелер [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]