한국   대만   중국   일본 
Ян ван Эйк - Википедия Мазмунга ?т??

Ян ван Эйк

Википедия дан

Ян ван Эйк (1390 же 1385-жылы чен, Маастрихтке жакын 22 же 23.6.1441, Брюгге) нидерланд живописчиси. Нидерландагы Кайра жаралуу искусствосун баштоочулардын бири. 1425-жылдан бургунд герцогу Филипп Добрыйдын аксарай с?р?тч?с? болгон. 1427-жылы Испанияга, 1428-29-жылы Португалияга келген. 1430-жылдан Брюггеде жашаган. Baн Эйктин атактуу чыгармасы ≪Гент алтары≫. Чыгарманы живописчи Хуберт баштаган жана 1432-жылы Ян б?т?рг?н (Хуберт Яндын улуу агасы, 1420-жылы Гентте иштеген, 1426-жылы ?лг?н). ≪Гент алтары≫ (1430-32 же 1423-32, Генттеги Т?нд?к Бавона собору) нидерланд искусствосунун тарыхында жа?ы доорду ачкан. Baн Эйктин чыгармачылык бийиктикке жетишине алтардын монумент композициялары (≪Канцлер Ролендин мадоннасы≫, 1436-жыл чен, Лувр; ≪Каноник ван дер Паленин мадоннасы≫, 1436, Муниципалдык с?р?т галереясы, Брюгге) ?б?лг? болгон. Композицияларында пейзаж, интерьер, натюрморт, портреттик с?р?тт?р маанил?? орунда. С?р?тт?г? майда б?л?кч?л?р жана б?т?нд?к бир-бирине органикалык т?рд? байланышкан: архитектуралык б?л?кч?л?р, буюмдардын жайгаштырылышы, г?лд?п жаткан ?с?мд?кт?р, асыл таштар жана кездемелер, Кудай эненин к?рк?м кийимдери жана ага табынып жаткан адамдардын келбеттери ?т? чеберчилик менен тартылган. Baн Эйк Ян биринчилерден болуп ийкемд?? май живописин жана тунук боёк катмарларын колдонгон. Живопистин бул ыкмасы д?йн?л?к живопистин тарыхында чо? мааниге ээ болгон. В. Э. Европада алгачкылардан болуп портрет жанрында чо? чебер аталган (≪Тимофей≫, 1432; ≪Кызыл баш кийимчен адам≫, 1433, эк?? те? Улуттук галереяда, Лондон; С?р?тч?н?н жубайы Маргарет ван Эйктин портрети, 1439, Муниципалдык с?р?т гал., Брюгге), Европада алгачкылардан болуп эки кишиден турган портретти тарткан (≪Жубайлар Арнольфинилердин портрети≫, 1434, Улуттук гал., Лондон). Baн Эйктин искусствосу нидерландык эле эмес, италян чеберлерине да (Антонелло да Мессина жана башка) таасирин тийгизген.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]