한국   대만   중국   일본 
Этнология - Википедия Мазмунга ?т??

Этнология

Википедия дан

Этнология - ( грек . ethnos - эл, logos - окуу) - ке?ири мааниде этностордун теги, негизги белгилери, ?з ара мамилелеринин формалары жана типтери, материалдык жана руханий маданиятынын ?зг?ч?л?кт?р?, этностук ?з?н-?з? а?доо сезимин, этноско ыйгаруучулук маселелери менен бирге, к?нд?л?к жашоо-тиричилигинин т?рд?? акспектилерин изилд??ч? илим.

Так маанисинде, ал баяндап жазуучу этнографиядан айырмаланып теориялык изилд?? болуп саналат. Эки илимдин те? объектиси - этнос, бирок предметтери ар т?рд??. Этнологиянын негизги предмети болуп этногенездин тигил же бул т?ш?нд?рм?с?н? таянган этнос теориясы эсептелет. Ушундай негизде этнология этностордун тегин, алардын негизги м?н?зд?м?с?н, этностор аралык мамилелерди гана эмес, ошондой эле этносоциалдык, этносаясий, этнопсихологиялык, этнолингвистикалык ж.б. процесстер менен мамилелерди изилдейт. ?з предметине ылайык этнология, археология , антропология , дин изилд??, жалпы тарых, культурология, фольклористика , лингвистика , тил илими ж.б. илимдер менен тыгыз байланышта. Ошондон улам, этнологияда социологиялык, политологиялык, демографиялык, статистикалык ж.б. изилд?? методдорунун ке?ири спектри колдонулат.

Этнологияда башкы нерсе колдо бар эмпирикалык маалыматтарды илимий анализд?? жана теориялык жалпылоо болуп саналат. Этнологиянын максаты - коомдун этноулуттук ч?йр?с? ж?н?нд?г? билимди жа?ы теориялык тыянактар менен байытуу, практикалык мааниси бар конкретт?? милдеттерди чеч?? болуп саналат. Д?йн?н?н к?пт?г?н ?лк?л?р?н?н турмушунда этностук фактордун ролу ?ск?н азыркы мезгилде этнология таанып бил??ч?л?к, теориялык жана практикалык жактан чо? мааниге ээ болууда. Этнологдордун теориялык тыянактары жана практикалык сунуштары азыркы татаал этностук процесстерди а?дап бил??г?, улуттар аралык конфликттердин себептерин т?ш?н??г? жана ж?нг? салуу жолдорун табууга, этностор аралык мамилелерди оптималдаштырууга к?м?кт?ш?п жатат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер с?зд?г?. - Бишкек: Кыргыз-Т?рк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2 .