Хейердал Тур

Википедия дан
Thor Heyerdahl (1967)

Хейердал Тур (6. 10. 1914, Ларвик -18. 4. 2002, Алассио, Италия ) - норвег илимпозу, саякатчы жана жазуучу. Осло университетинде окуган (193338).

Экинчи д?йн?л?к согуш мезгилинде Норвег каршылык к?рс?т?? кыймылына катышкан. 1947 -ж. 5 жолдошу менен ≪Кон-Тики≫ калкыма салы менен Тынч океанды кесип, Перудан Туамоту архипелагына с?з?п ?тк?н. 1953-ж. Галапагос а-на, 1955-56-ж. Пасхи, Рапа-Ити жана Маркиз а-на экспедиция уюштуруп, археологиялык изилд??л?рд? ж?рг?зг?н. 1969 жана 1970-ж. ≪Ра≫ жана ≪Ра-2≫ папирус кайыгы менен Марокконун батыш жээгинен Американын жээгине карай экспедицияга чыккан. Хейердал 1978-ж. ≪Ра-2≫ экипажын кайра чогултуп, байыркы шумерлердин Месопотамиядан дениз жолу аркылуу Африка ж. б. жерлер менен катташуу м?мк?нд?г?н далилдеш ?ч?н ≪Тигрис≫ кайыгы менен Перс булу?унан Карачи (Пакистан) шаарына, андан Аден булунуна с?з?п келген. Бул экспедицияларга советтик врач Ю. А. Сенкевич да катышкан. Эфиопия-Сомали согушуна байланыштуу АКШнын согуш кемелери менен самолёттору к?п ж?рг?нд?г?н? нааразылык катары Баб-Эль-Мандеп кысыгына жакын жерде ≪Тигристи≫ ?ртт?п жиберип, X. жана экипаж м?ч?л?р? мекендерине кайткан. Хейердалдын саякат, экспедициялар ж?н?нд? жазган кызыктуу жана романтикага бай илимий-к?рк?м китептери элге ке?ири белгил??.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • ≪Кыргызстан≫. Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. ?. А. Асанов. К 97. Б.: ≪Кыргыз энциклопедиясы≫ башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4