Харбин

Википедия дан

Харбин - Кытайдын т?нд?к-чыгышындагы шаар.

Хэйлунцзян провинциясынын адм. борбору. Сунгари дарыянын боюндагы порточо Калкы 3,4 млн (2010; агломерациясы менен 5 млн). Ири жол тоому жана темир жол т?й?н?. Аэропорту бар. Метрополитен курулууда. Т?нд?к-Чыгыш Кытайдын негизги соода, ?н?р жай, илимий жана маданий борбору. Жогорку технология боюнча илимий-изилд?? иштери ж?рг?з?л?п турат. Машина куруу (электр энергетика жабдуулары, вертолёт, же?ил самолёт, автомобиль, электроника ж. б.), металлургия, химиялык, нефтьхимиялык, жыгаччылык, текстиль (негизинен кендир кездемелер токулат), тамак-аш ж. б. ?н?р жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (Харбин политехникалык университети ж. б.), музейлер (Илимий-техникалык, Хэйлунцзян), театрлар (а. и. опера, драма), эс алуу парктары ж. б. бар. Кытайдагы саркеч кийимдеринин башкы борбору. 1898-ж. Россия ? Чыгыш Кытай т. ж-нун курулушуна байланыштуу салынган. Темир жолдун карамагындагы жол бойлогон тилке жерде жарандык башкармалык жана сакчылар штабы жайгашкан. Улуу Октябрь революциясынан кийин орус эмигранттарынын борборлорунун бири болгон. 1932-45-ж. япондор басып алган. Харбинди Кызыл Армия 1945 -ж. августта бошотуп, Кытайга кайтарган. Туризм ?н?кк?н.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • ≪Кыргызстан≫. Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. ?. А. Асанов. К 97. Б.: ≪Кыргыз энциклопедиясы≫ башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4