Финндер
(?зд?р?н суомалайсет деп аташат) - финн-угор эли,
Финляндиянын
негизги калкы.
Ошондой эле
АКШ
,
Швеция
,
Канада
,
Россия
,
Австралия
,
Улуу Британия
,
Эстония
,
Норвегияда
да жашашат. Жалпы саны 5430 ми? киши, а. и. Финляндияда 4,9 млндон ашык (2010).
Финн тилинде
с?йл?йт. Динге ишенгендери -
лютерандар
. Финндер этноними алгачкы жолу Птолемей географиясында кездешкен. Финндердин этностук негизин 8-кылымда азыркы Финляндия аймагына жер которуп келип, жергиликт?? саам калкы менен ассимиляцияланган байыркы прибалтика-финн уруулары т?зг?н.
Швеция
бийлигинде болуп, 1809-1917-ж.
Россия империясынын
курамына кирген. 19-кылымдын экинчи жарымында Финндер улутка айланган. Финндер
Октябрь революциясынан
(1917) кийин ?з?нч? мамлекет болуп б?л?нг?н. Салттуу кийимдери майрамдык-символикалык мааниде б?г?нк? к?нг? чейин сакталып калган. Аялдары - саймаланган к?йн?к, ак сарафан, юбка, же?сиз кофта, башына чепец кийип, алжапкыч тагынышат, Эркектери - к?йн?к, тизеге чейин ыштан, желет, к?рм?, кафтан кийишет. Тамак-ашы негизинен дан, с?т, балык.
- ≪Кыргызстан≫. Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. ?. А. Асанов. К 97. Б.: ≪Кыргыз энциклопедиясы≫ башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл.
ISBN 978-9967-14-125-4