Фенноскандия

Википедия дан

Фенноскандия - Т?нд?к Европада гы табигый аймак.

Фенноскандияны Балтика , Т?нд?к , Норвег , Баренц , Ак де?издер чулгайт. Скандинав , Кола жарым аралдарынын жана чектеш аймактарды (Финн булу?у, Ладога жана Онега к?лд?р?н жана Ак денизди туташтырган шарттуу сызыктын т?нд?к-батыш тарабын) камтыйт. Аянты 1,5 млн км2дей. Рельефинде пенеплендешкен тайпак тоолор басымдуу. Ирилери: Скандинавия (э? бийик жери 2469 м, Гальхёпигген чокусу), Хибин, Норланд. Фенноскандиянын к?п б?л?г?н?н климаты мел??н (батышында де?издик, чыгышында континенттик). Скандинавия тоосунун батыш капталдарында жаан-чачын 2000-3000 ммте чейин жааса, чыгышында 400-500 мм. Дарыяларынын суусу мол, босоголуу. К?лд?р жана саздар арбын. Аймагынын У2 б?л?г?н?н к?б?н токой ( тайга , т?шт?г?нд? ара лаш жана жазы жалбырактуу токой) ээлейт. Т?нд?г?нд? жана тоолорунда тундра ?с?мд?кт?р? ?с?т. Темир (Швеция, Норвегия), жез , никель , апатит (РФ), хромит (Финляндия), полиметалл кендери бар. Фенноскандиянын аймагында Швеция , Норвегия , Финляндия мамлекеттери, Россиянын (Кола ж. а., Карелия) бир б?л?г? жайгашкан.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • ≪Кыргызстан≫. Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. ?. А. Асанов. К 97. Б.: ≪Кыргыз энциклопедиясы≫ башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4