Бирюзов Сергей Семенович
(1904- 1964) - Советтик Союз. Маршалы (1955), Советтик Союздун Баатыры (1958), Югославиянын Элдик Баатыры (1964).
1926
-жылдан КПССтин м?ч?с?. 1922-жылдан Советтик Армиянын катарында. ББАК атындагы Аскердик мектепти (
1926
) жана Фрунзе атындагы Аскердик академияны (1937) б?т?рг?н.
1941
-ж. июлдан Улуу Ата Мекендик согушта 132-дивизиянын командачысы.
1942 ж. Брянск, Сталинград, Т?шт?к жана 3-4-Украина фронтторунда штабдын начальниги,
1944
-ж. Яссы - Кишинёв операциясына жана 37-армия менен Югославияны бошотууга катышкан. Согуштан кийин Болгарияда аскердик жетекчи кызматтарда иштеди. 1947-жылдан Приморск аскердик округунда командачы, 1955-жылдш коргоо министринин орун басары,
1962
-жылдан Ракеталык аскерлердин башкы командачысы, 1963-жылдын апрелинен Ген штабдын начальниги. КПСС БКнын м?ч?с? (1961), СССР Жогорку Советинин (2, 4-6-шайл. ) депутаты, 5 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени ж. б. жогорку сыйлыктар менен сыйланган.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.