Ромашка
(
лат.
Matricaria
,
L.
1753) ?
татаал г?лд??л?р тукумундагы
бир жылдык
?с?мд?к
уруусу
.
Анча бийик эмес, жыттуу. Сабагы бутактуу, г?л? майда, чети ак, ортосу сары. 50д?й
т?р?
Евразияда
,
Африкада
белгил??.
Болгария
,
Румыния
,
Польша
ж. б. ?лк?л?рд? эгилет.
Ромашканын г?л? дарылыкка колдонулат. Курамында эфир майы, белок, азулен, глюкозид, С витамини, каротин ж. б. бар.
К?рд??, жумшак топуракта жакшы ?с?т. Кыргызстандын бардык жеринде кездешет.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.