Пифагор

Википедия дан

Пифагор Самосский ( б.-грек. Πυθαγ?ρα? ? Σ?μιο? , лат. Pythagoras ; б.з.ч. 570?490-жж.) ? байыркы грек философу жана математиги , пифагорчулар деген диний-философиялык мектептин негизд??ч?с?. " Философия " с?з?н алгач колдонгон жана Антика доорунун атактуу философу болгон адам.

?м?р баяны [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Пифагордун ?м?р? жана чыгармачылыгы ж?н?нд? ишенимд?? маалыматтар анчалык к?п сакталган эмес. ?м?р?н?н кыйла б?л?г?н Самос аралында ?тк?р?т, ошондуктан аны самостук Пифагор деп да аташат. Андан кийин Поликрат деген тирандын тушунда Т?шт?к Италиядагы Кратон шаарына к?ч?п келет да, ал жерде пифагориялык союзду (?з?нч? бир диний жамаатты) т?з?т. ?з?н?н тарапкерлеринин жана жолун жолдоочулардын арасында зор кадыр-баркка ээ болгон (≪Ал ?з? айтты≫ деген лакап кепке айланган). Пифагордун ысмына байланышкан к?пт?г?н легендалар бар, алар анын окуусун б?л?п к?рс?т??н? кыйындатып турат. ?з?н?н саясый к?з карашы боюнча Пифагор аристократтардын тарабында турган. Ал ≪тартип≫ ж?н?нд? окууну иштеп чыгып, бул тартипти коомдук турмушта аристократтардын бийлиги гана камсыз кыла алат деп эсептеген. Демократия ? тартиптин бузулушу. Х.Т. чейинки V кылымдын башы ченде пифагордук союз демократия тарабынан талкаланып ташталат, бирок пифагореизмдин таасири жана таралышы дагы эки кылым бою олуттуу бойдон кала берген. Айрым нерселерди ? сууну, абаны, отту жаратылыш кубулуштарынын т?пк? негизи деп эсептешкен ионийлик ойчулдарга карама-каршы Пифагор бардык нерселердин негизи сан деп эсептеген, анын пикири боюнча, сан Ааламда жана коомдо тартипти т?з?п турган пайдубал. Ошондуктан д?йн?н? таанып-бил?? ? ошол д?йн?н? башкарып турган сандарды таанып-бил?? дегенди билдирет. Пифагордун си?ирген чо? эмгеги мына ушунда турат, чындыгында ал айлана-ч?йр?д?г? д?йн?н?н сандык тарабынын мааниси ж?н?нд?г? маселени биринчи жолу койгон. Геометрияны ?н?кт?р??д? да Пифагор к?п нерселерди иштеген. Пифагордук теорема деп аталган теореманы (гипотенузанын квадраты катеттердин квадраттарынын суммасына барабар) Пифагорго таандык кылышат. Бардык сандарды Пифагор жуп жана жуп эмес сандарга б?л?т. Бирдикти бардык сандардын негизи катарында таанып, аны жуп ? жуп эмес сан катарында караган. Бирдик дегенибиз ? бул бизди курчап турган д?йн?н?н т?пбашаты жана негизи катарында чыгуучу ыйык монада. Ошентип, сан бардык нерселердин реалдуу ма?ызы катарында чыгат. Пифагор жана пифагорчулар сан теориясынын негизин т?пт?ш?п, арифметиканын принциптерин иштеп чыгышкан. Ошол эле убакта санга ?ст?мд?к кылуучу маани бер?? санды абсолютташтырууга, сандардын мистикасына алып келген. Диоген Лаэртский пифагорчулардын к?з карашын мындайча с?р?тт?п жазат: ≪Бардык нерселердин башталышы ? бирдик сан, бирдикке себеп катарында нерсе т?р?нд?г? белгисиз экилик тийишт??, бирдик менен белгисиз экиликтен сан келип чыгат, сандардан ? чекит, чекиттерден ? сызыктар, алардан ? жалпак фигуралар, жалпактардан ? к?л?мд?? фигуралар, алардан сезим аркылуу кабылдана турган телолор келип чыгат, телолордо т?рт негиз: от, суу, топурак жана аба бар, алар б?т?нд?й аралашып, ?зг?р?л?п-айланып, жандуу а?-сезимд??, шар т?р?нд?г? д?йн?н? жаратат, анын борборунда жер турат, жер да шар т?р?нд? жана анын бардык тарабында калк жайгашкан≫ . Пифагорчулар, ошондой эле, музыканын, скульптуранын жана архитектуранын теорияларын да иштеп чыгышкан. Алар имараттардын жана скульптуралык топтун айрым б?л?кт?р?н?н туура катышы ? ≪алтын кесинди≫ проблемасы жагында к?рк?м искусство теориясына ?з?л?р?н?н олуттуу салымын кошушкан (≪алтын кесиндинин≫ эрежеси: эгерде АС кесиндиси В чекитинде б?л?нс?, АВ кесиндисинин ВСга болгон катышы АСнын бардык кесиндисинин ВСга болгон катышы да дал ошондой болууга тийиш). Пифагордун сан теориясы анын карама-каршылык ж?н?нд?г? окуусу менен байланышкан, бул окуу боюнча бардык нерселер карама-каршылыктардан турат: о? ? сол, эркектик ? аялдык, кыймыл ? кыймылсыздык, т?з ? кыйшык, жарык ? кара?гы, жакшылык ? жамандык жана д.у.с. Пифагор ?ч?н ≪чек менен чексиздикти≫ карама-каршы коюу ?зг?ч? мааниге ээ болгон: чек ? бул от, ал эми чексиздик ? аба. Анын пикири боюнча, д?йн? от менен абанын (боштуктун) ?з ара аракетинен улам бар болуп турат. Пифагордун к?з карашында анын диний, саясый жана этикалык концепциялары, анын жан жана дене ж?н?нд?г? т?ш?н?г? ?зг?ч? тармакты т?з?т. Адамдын жаны эч качан ?лб?йт, ал убактылуу гана ?л? турган денеде жашап турат да, дене ?лг?нд?н кийин башка денеге к?ч?т, жа?ы т?рг? ээ болот (метемпсихоз). Мында, адам ?з?н?н ?тк?нд?г? бардык инкарнацияларын унутпайт деп эсептелинет. Пифагор башкы этикалык максат катарсис ? тазалануу болуп саналат деп эсептейт, бул тазалануу дене ?ч?н вегетарианчылык аркылуу ж?р?т, ал эми жан ?ч?н негизги музыкалык интервалдарда к?р?н??ч? космостун гармониялык структурасын кабылдоо аркылуу ж?р?т. Пифагорчулук Х.Т.ч. VI кылымдан III кылымга чейин жашап турат.


Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Л. В. Блинников. Философтордун кыскача с?зд?г?. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine