Мбабане

Википедия дан

Мбабане ? Свазиленд Королдугунун борбору. Хохо округунун административдик борбору. ?лк?н?н т?нд?к-батышында, Ажыдаар тоосунун этегинде, Мдимба б?кс? тоосунда, де?из де?гээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 62,0 ми? (2010). ТАРдын т?нд?к-батышы жана Манзини шаары (андан ары Мапуту, Мозамбик) менен автомобиль жолу аркылуу байланышат. Мбабанеге калк 18-кылымда эле отурукташа баштаган. 19-кылымдын аягында свази элинин жол башчысы Мбандзенинин резиденциясына жакын жерде негизделген. 1899?1902-жылдары Улуу Британияга к?з каранды болуп келген. 1903?68-жылдары Британиянын Свазилен протекторатынын административдик , 1968-жылдан Свазиленддин борбору. Тамак-аш, тиг??, металл иштет??, айыл чарба азыктарын (бал камыш, ж?г?р?, цитрус ?с?мд?кт?р?) иштет??ч? ?н?р жай ишканалары иштейт. Университеттин кампусу, фонд биржасы бар. Мбабанеге жакын жерде асбест иштетилет. Жыл сайын свази элинин каада-салты менен коштолгон инквала, умланга бий фестивалдары жана элдик майрамдар ?тк?р?л?п турат. Млилване табигый паркы (Т?шт?к Африканын экзотика фаунасынын ?к?лд?р? ? керик, крокодил, жираф, зебра ж. б. мекендейт) уюштурулган. Туризм ?н?г??д?.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]