Майами

Википедия дан

Майами ? АКШнын т?шт?к-чыгышындагы шаар. Флорида штатында. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 425,5 ми? (2010, шаар агломерациясында 5,1 млн, АКШнын 12 ири агломерациясынын бири). Эл аралык аэропорту бар. Де?из порту (жылына 7,4 млн тонна ж?к жана 4,1 млн ж?рг?нч? ташылган). 1895-жылы негизделген. Маанил?? соода-финансы борбору. Машина куруу (авиа, космос ракеталары), металл иштет??, радиоэлектроника, авиация, полиграфия, тиг??, тамак-аш?татымал ?н?р жай ишканалары, бир нече сигарет даярдоочу фабрикалар, медициналык жабдууларды жана аспаптарды чыгаруучу заводдор, зер буюмдар ?нд?р?ш? иштейт. Университеттер, опера театры, с?р?т музейи, океанариум бар. АКШнын аскер-де?из жана аба базасы. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. Шаардын айланасында жана шаарда 80ден ашык парк бар. Алигатор фермасы иштейт. Круиз саякатынын борбору. Жыл бою иштеген д?йн?д?г? э? ири климаттык курорттордун бири (жылына 5 млнго жакын турист келет). Туризм ?н?кк?н. АКШ спортунун борбору.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]