Кумдук
? кумдардын цементтелишинен пайда болгон ч?км? тек. Мында кумдарды бириктирип камдаштыруучу заттарга чопо,
акиташ
, темир оксиди,
опал
,
халцедон
кирет. Минералдык курамына карата кварцтуу, аркоздуу, граувактуу т?рл?рг? б?л?н?т. К?з?н?кт?? болсо нефть, суу топтолот. Айрымдарында ири жез кендери жолугат. Курулуш ишинде, тегирмен таш жасоодо, кайрак ?ч?н колдонулат.