Костюшко Тадеуш Анжей Бонавентура

Википедия дан
≪Рацлавицанын салгылашуу≫;? Лука Вбицех кылкалеминен жаралган; Музей профессионалдык миниатюралык искусство Генрик Ян Доминиак

Костюшко Тадеуш Анжей Бонавентура (поляк тилинде Andrzej Tadeusz Bonawentura Ko?ciuszko; беларус тилинде Андрэй Тадэвуш Банавентура Касцюшка; 4. 2. 1746, Улуу Литва княздыгы, Брест воеводугу, Меречевщина кыштагы ? 15. 10. 1817, Швейцария, Золотурн, с??г? Вавелага коюлган) ? польшалык саясий жана аскер ишмери. Варшавадагы рыцар мектебин (1769), Париждеги аскер академиясын (1774) б?тк?н. 1776-ж. АКШ га кетип, Т?нд?к Америкадагы к?з карандысыздык ?ч?н согушка (1775?83) катышкан. Саратоганын алдындагы салгылашта (1777) америкалыктарга жардам берип, Вест-Пойнт форту ж. б. коргонуу курулуштарынын планын иштеп чыккан жана жетектеген, бригада генералы (1783) наамын алган. 1784-ж. Польшага кайтып келип, генерал-майор (1789), 1792-ж. орус аскерлерине каршы согушуп, генерал-лейтенант наамын алган. 1794-ж. Польша к?т?р?л?ш?н?н башталышы ж?н?нд? жарыялап, улуттук куралдуу к?чт?рд? жетектеп, Рацлавицанын алдындагы салгылашта орус аскерлерин талкалаган. 1794-ж. 10-октябрда Мацеёвицтин алдындагы салгылашта жарадар болуп, туткунга т?шк?н. 1796-ж. орус падышасы Павел I Т. Костюшкону (аны менен 12 ми? поляк) эркиндикке чыгарган. Т. Костюшко Россияга каршы к?р?шп??г? ант берип, АКШга кеткен. 1798-ж. Парижге кайтып, ?м?р?н?н акыркы жылдарын Швейцарияда ?тк?рг?н. Костюшконун ысмы 1943-ж. СССРде т?з?лг?н Польша аскеринин 1-ж?? аскерлер дивизиясына ыйгарылган. Польшада , АКШда Костюшкого эстелик коюлган. Австралиядагы э? бийик тоо (2230 м) Костюшконун атынан аталган.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]