Иприт

Википедия дан

Иприт (b,b¢-дихлордиэтилсульфид, Эйч Ди, НD), S(CH2CH2Cl)2, алифаттык тиоэфир, сарымсак жыттуу, т?сс?з, май сымал суюктук (техникалык И. к?р?? т?ст??); мол. масс. 159,08; балкып эр?? t 145оС; кайноо t 217оС (ажыроо м-н); d420 1,2741; nD20 1,5293; Сууда начар эрийт (0,08 %, 20оС), орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Хим. жактан туруктуу, 1700С жогорку темп-рада ажырайт. Нуклеофилдик реагенттер менен (NuН) т?м?нк? схема б-ча аракеттенет:

S(CH2CH2Cl)2 + 2NuH ® S(CH2CH2Nu)2 +2HCl Суусу жок ч?йр?д? дивинилсульфиддер алынышы менен дегидрохлордонушу м?мк?н. Суу менен жай гидролизденет. Суусуз ч?йр?л?рд? тиосульфаттар, карбон к-талары туздары алкоголяттар жана феноляттар менен реакцияга кирип, уулуу эмес продуктуларды пайда кылуу менен о?ой реакцияга кирет. Сульфоксид жана сульфонго чейин окистенет. К?чт?? окистендиргичтер (мис., щелочтуу жана щелочтуу металлдар гипохлориттери, хлораминдери И. мол-сынын толук деструкцияланышына алып келет жана анын дегазациясы ?ч?н колдонулат. И. - ууландыруучу зат. Ал ар тараптуу физиологиялык таасирге ээ. Организм жалпы уулануусунун себеби, гексокиназа ферментинин И. таасиринде жок болушу, углеводдук зат алмашуунун жана биоэнергетикалык процесстери бузулушу болуп эсептелет. И. алкилдештир?? таасири анын мутагендик касиеттерин т?ш?нд?р?т. И. организмге буу, аэрозоль жана тамчы т?р?нд? таасир этип, зыян келтирип, терини жаралантуучу И. минималдык дозасы 0,1 г/cм2 . Тери аркылуу таасир эт??д? 70 мг/кг дозасы ?л?мг? алып келет. Биринчи жолу И. Германия тарабынан ууландыруучу зат катары 1917-ж. Бельгиянын Ипр ш-нда (ошол ?ч?н Иприт деп аталат) колдонулган. И. сактануу ?ч?н противогаз жана атайын терини сактоо каражаттары колдонулат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]