Инфракызыл нурлануу

Википедия дан

Инфракызыл нурлануу , инфракызыл нур ? электр-магниттик нурлануунун бир б?л?м?. Анын толкун узундугу (l) 0,74 мкмден 1 ммге чейин. Инфракызыл нурланууну 1800-ж. англ. илимпоз В. Гершель ачкан. Бул нур жарыктын кызыл нурунан (0,74 мкм) кийин турат жана к?зг? к?р?нб?йт. Мисалы, К?нд?н нурлануу энергпясынын 50%и, ал эми кызытма лампанын 95%ке жакыны инфракызыл нурлануу болуп эсептелет. Инфракызыл нурлануунун спектры аны пайда кылган булактын табиятына жараша сызыктуу, тилкел?? же туташ болот. Д??л?кк?н атом же пон сызыктуу спектр, ал эми термел?? жана айлануу кыймылындагы д??л?кк?н молекулалар тилке т?р?нд?г? спектрди пайда кылат. Кызытылган катуу жана суюк заттар туташ спектр, ал эми т?м?нк? температурадагы (800 Кден т?м?н) катуу зат дээрлик инфракызыл нур чыгарат. Аныктоочу жана ?лч??ч? курал, кара?гыда к?р??г? м?мк?нд?к бер??ч? д?рб?, ракета же снарядды учуп бараткан нерсеге багыттоочу система, адамдын сезгенген органын аныктоочу курал (тепловизор), сызыктуу спектрл?? лазер, жогорку басымдагы сымап чырагы жана башкалар приборлор инфракызыл нурланууга негизделген. Алар илимий изилд??, техникада жана медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]