Жиллиан Андерсон

Википедия дан

Жиллиан Ли Андерсон ( англ. Gillian Leigh Anderson, Британия империясынын ардактуу орденинин ээси; 1968-жылы 9-август) ? америкалык жана британиялык тасма, телек?рс?т?? жана сахна актрисасы, активист жана жазуучу. Актриса "Жашырын ?зд?к иштери" (англ. The X-Files) аталышындагы узак м??н?тк? созулган популярдуу телесериалда Федералдык иликт?? бюросунун атайын агенти Дана Скаллинин ролун аткаруу менен, ошондой эле "Шаттык жайы" (англ. The House of Mirth, 2000) тасмадагы бактысыз атактуу айым Лили Барттын ролу жана Би-Би-Си телеканалындагы "Кулоо" (англ. The Fall) аталышындагы кылмыштуулар ж?н?нд?г? телесериалында Стелла Гибсондун ролун аткаруусу менен атактуулукка жеткен. Андерсон прайм-тайм "Эмми" сыйлыгына, " Алтын глобус " сыйлыгына жана АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын эки номинацияларына ээ.

Сахнадагы чыгармачылык ишин баштаган со?, Андерсон д?йн?л?к атактуулукка "Жашырын ?зд?к иштери" аталышындагы америкалык илимий фантастикалык драма телесериалында Федералдык иликт?? бюросунун атайын агенти Дана Скаллинин ролун аткаруу аркылуу жеткен. Актрисанын роль аткарган драмалары: "К?чт?? кельт" (англ. The Mighty Celt, 2005), "Шотландиянын акыркы королу" (англ. The Last King of Scotland), "Жашырын бийчи" (англ. Shadow Dancer), "Вице-королдун ?й?" (англ. Viceroy's House) жана "Жашырын ?зд?к иштери" телесериалдын эки тасмасы, алар: "Жашырын ?зд?к иштери: Келечек ?ч?н к?р?ш??" (англ. The X-Files: Fight the Future) жана "Жашырын ?зд?к иштери: Ишенгим келет" (англ. The X-Files: I Want to Believe). Актриса ойногон башка телевизиондук долбоорлору: "Му?дуу ?й" (англ. Bleak House, 2005), "Ар бир адамдын ж?р?г?" (англ. Any Human Heart), "Чо? ?м?тт?р" (англ. Great Expectations), "Ганнибал" (англ. Hannibal) жана "Америка Кудайлары" (англ. American Gods).

Тасмаларда жана телек?рс?т??л?рд? пайда болгондон тышкары Андерсон ?з?н сахнада да сынап, сыйлыктарга жана сынчылар тарабынан жогору бааларга ээ болгон. Актрисанын сахнада аткарган оюндары: Theatre World Award сыйлыгынын "Жа?ы баштаган э? мыкты актриса" номинациясын алып келган "Жок болгон достор" (англ. Absent Friends) пьесасы, Лоуренс Оливье атындагы сыйлыгына талаперлиги коюлган "Куурчак ?й?" (англ. A Doll's House) пьесасы жана Evening Standard Theatre Award сыйлыгынын "Э? мыкты актриса" номинациясын жана экинчи Лоуренс Оливье атындагы сыйлыктын "Э? мыкты актриса" номинациясын алып келген "Ач к?зд?к трамвайы" (англ. A Streetcar Named Desire). Андерсон "Акыр заман" (англ. The EarthEnd Saga) романдын ?чилтигинин жана "Биз: Бардык жердеги аялдарга арналган манифест" (англ. WE: A Manifesto for Women Everywhere) аталышындагы жол к?рс?тк?ч китептин кош-жазуучусу.

Андерсон активд??л?к менен бир канча соопчулук жана гуманитардык уюмдарга жардам берип келет. Актриса Нейрофиброматоза тармагынын ардактуу ?к?л? жана Туруктуулук маселери боюнча иштеген т?шт?к африкалык жаштарга билим бер?? уюмдун кош-негизд??ч?с?. 2016-жылы Андерсон драмага си?ирген чо? эмгектери ?ч?н Британия империясынын э? ардактуу орденине татыган.

?м?р таржымалы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Жеке жашоосу [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Тартылган тасмалары [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Шилтемелер [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]