한국   대만   중국   일본 
Ду Фу - Википедия Мазмунга ?т??

Ду Фу

Википедия дан

Ду Фу (712?770) ? кытай акыны . ≪Улуу сепил ?ч?н чабуул≫ (750) жана башка ырларында б?л?нд?р??ч? согуштарга каршы нааразылыгын билдирген. Анын ≪Сулуу ж?н?нд? ыры≫ падыша сарайындагылардын турмушун мыскылдайт. ≪Борбордон Фынсянга бараткандагы 500 с?зд?н турган ой толгоолор≫ (755) аттуу антифеодалдык поэмасында адам те?диги ж?н?нд?г? тилегин айткан. Ду Фу ? бийлик башындагылардын бетин ачкан ≪?ч башкаруучу≫ сыяктуу ке?ири белгил?? ыр циклдеринин, чебер жазылган пейзаждык ырлардын автору. Ал ?м?р?н?н акырында жалгыз жашап, жакырчылыкта ?лг?н. Анын ырлары кытай поэзиясынын ?н?г?ш?н? зор таасирин тийгизген. Кытайда аны ≪поэзиянын корифейи≫ деп аташат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов ?. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967?14? 046?1