한국   대만   중국   일본 
Демократтык социализм - Википедия Мазмунга ?т??

Демократтык социализм

Википедия дан

Демократтык социализм ? Социалисттик Интернационалдын расмий идеологиялык жана саясий доктринасы .

Демократтык социализм термини ХIХ к. аягында Германия, Австрия жана Улуу Британия жумушчу кыймылында пайда болгон. Демократтык социализм идеясы II Интернационалдын теоретиктери тарабынан, биринчи кезекте Э. Бернштейн жана ≪ австромарксизмдин ≫ ?к?лд?р? тарабынан иштелип чыккан.

Демократтык социализм концепциясынын башкы тезиси социализмдин принциптери (капиталисттик эз??г? каршы к?р?ш, социалдык адилетт??л?к) менен либерализмдин баалуулуктарын бириктир?? жана анын негизинде прогрессивд?? социалдык-экономикалык жана саясий реформаларды ж?рг?з?? жолу менен адилетт?? коомдук т?з?л?шк? жет?? болуп саналат. ?з алдына саясий бийликти басып алуу жана пролетарий диктатурасын орнотууну максат кылып койгон II Интернационалдын большевиктик агымы менен демократтык социализм принциптери дайыма кармашып келген.

1917 ж. Россиядагы революциядан кийин демократтык социализм СССРде орногон коомдук т?з?л?шк? альтернатива катары карап келген. Демократтык социализмдин ке?ири концепциясы биринчи жолу Социнтерндин I Конгрессинде (Франкфурт, 1951 ж.) иштелип чыккан. Ага ылайык келечектеги социалисттик коом демократтык каражаттар менен т?з?лг?н эркин коом катары с?р?тт?лг?н. ≪Эркиндиксиз социализм болбойт. Социализм демократия аркылуу гана ишке ашырылышы м?мк?н, демократияны камсыз кылуу социализм аркылуу гана болушу м?мк?н≫, ? деп айтылат Франкфурт декларациясында.

Демократтык социализм концепциясына ылайык демократия ? бул элдин башкаруусу, ал т?м?нк?л?рд? камсыз кылат:

  • ар бир адамдын жеке турмушуна мамлекеттин мыйзамсыз кийлигиш??с?н?н коргоо;
  • саясий эркиндиктер;
  • к?пч?л?кт?н башкаруусу жана азчылыктын укугун сыйлоо;
  • мыйзам алдында бардык граждандардын те?диги;
  • маданий автономия укугу ж. б.

Акыркы мезгилдерде бир катар социал-демократтык партиялар ≪уюмдашылган≫ же ≪башкарылма≫ рынок концепциясын иштеп чыгышты. Демократтык социализмдин идеологдорунун сунуштарында жумушсуздукту азайтуунун жолдору к?рс?т?л??д?.

70?80-ж. к?ч алган глобалдык к?йг?йл?рд?н таасири астында демократтык социализм концепциясы экологиялык программа менен толукталды. Социал-демократия идеясы жана демократтык социализм принциптери Кыргызстандагы саясий партиялардын ?зг?ч? Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын программалык документтерине да кирди.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8