한국   대만   중국   일본 
Дарыя - Википедия Мазмунга ?т??

Дарыя

Википедия дан
Нарын .
Ver?uva ( Литва ).
Ч?й суусу

Дарыя, ?з?н ? дайра, ?з?н, суу, жаан-чачын, м??г? жана булактардан топтолгон суунун ?з? калыптандырган нук менен табигый ?зг?лт?кс?з агымы; чо? ?з?н суу. Дарыянын пайда болушу климаттык , орография жана геоморфология шарттарына байланыштуу. Дарыя алабынын аянты , узундугу, туурасы, нугунун тере?диги, суусунун де?гээли, ылдамдыгы, чыгымы жана башка менен м?н?зд?л?т. Орто?ку ке?диктерде жаан-чачындын ?лч?м? 250 мм, субтропиктерде 500 мм, тропиктерде 700?1000 ммге жеткенде гана дарыя пайда болот. Дарыянын калыптанышы ?ч?н жер бетинде сууну бир нукка топтой турган алап (к. Дарыя алабы) жана нук ?т??ч? жерлердин э?кейиштиги зарыл. Дарыянын башталышы ? башат, б?тк?н жери (океан, де?из, к?л, башка дарыяга куйган жери) ? чат деп аталат. Суу агып жаткан сай ? нук, кум-таш чайкап калган тайыздык ? сайроон, суу ташыганда жайпаган жээктеги т?з?? ? жайылма, жээктеги жардын ?ст? ? кашат, ага келип кошулган суулар ? куйма делет. Дарыянын узундугу бир нече кмден ми?деген кмге, туурасы бир нече мден бир канча кмге, алабынын аянты ми? деген км2ге жетет. Д?йн?д?г? э? узун дарыя ? бул Нил (узундугу 6671 км), Евразияда ? Янцзы (узундугу 5800 км), КМШда ? Обь (узундугу Иртыш дарыясы менен 5570 км). Д?йн?д?г? суусу э? мол дарыя ? Т?шт?к Америкадагы Амазонка . Кыргызстандагы э? узун дарыя ? Ч?й (жалпы узундугу 1030 км), э? чо? жана суусу мол ? Нарын .

Дарыя жер бетиндеги суунун айлануусунда негизги ролду ойнойт. Бир жылда агып ?тк?н дарыя сууларынын ?лч?м? 41700 км3ге жетет, бул кургактыкка т?шк?н жаан-чачындын 35% т?з?т. Жер шарындагы нымдуу жана тоолуу аймактардагы дарыя суусу мол болсо, ысык жана ч?лд?? аймактарда ?т? аз болот. Дарыяларды гидрология илими изилдейт. Дарыялардын адамдын жашоосу жана анын чарбачылыгы ?ч?н мааниси ?т? чо?. Кээ бир дарыялар кеме ж?р??г?, сал агызууга пайдаланылат; суу сактагычтар, ГЭС жана башка курулат; ?н?р жайды, калкты, айыл чарбаны суу менен камсыз кылат; андан балык кармалат. Дарыянын жайылмаларындагы топурак к?рд?? болгондуктан, мол т?ш?м алынат. Айрым дарыялардын нугунда жана кашатында алтын, платина, алмаз, касситерит, рутил жана башка баалуу металлдардын чачынды кендери болот.

Дарыя алабы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Дарыя жана анын куймаларынын суулары жыйналган жер бетинин б?л?г?. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер ?ст?нд?г? жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын ?лч?м? катары жер ?ст?нд?г? аянт гана алынат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфераралык жаан-чачынды алардын ?р??нд?р?н?н капталдарына карай каршы эки багытка б?лг?н суу б?лг?ч кырлар аркылуу ?т?т. Дарыя алабынын формасы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык т?з?л?ш?н? карата ар т?рд?? болот.

Дарыя ?р??н? , суу ?р??н? [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Дарыя суусунун жемиришинен улам пайда болгон рельефтин формасы. ?р??н дарыя аккан багыт боюнча (башатынан чатына чейин) узунунан созулуп жатат. Андай ?р??нд?р дарыянын нугун, жайылмасын, тектирлерин жана жээктерин камтыйт. Дарыя ?р??нд?р? айыл чарба эгиндерин ?ст?р??г? пайдаланылат; анда калктуу пункттар да болот.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Чеботарев А. И. Общая гидрология (воды суши). Л., 1960; Апполов Б. А. Учение о реках. М., 1963; Шульц В. Л. Реки Средней Азии. Л., 1965.