Генерал (эск.кыр. сангын)
- (лат. generalis жалпы, башкы дегенден) Куралдуу К?чт?рд?н жогорку башкаруучу курамына тиешел?? аскердик наам же чин. Генерал чини 1-жолу 16-кылымда Францияда пайда болгон. Рев-яга чейин орус армиясында Генерал-майор, Генерал-лейтенант, инфантерия (ж?? аскер) Генералы, атчандар Генералы, артиллерия Генералы, инженер-генерал, Генерал фельдмаршал деген чиндер болгон.
СССР
Жогорку Советинин Президиумунун Указы боюнча (1940-ж. 7-май) Советтик Армияда Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армия Генералы деген наамдар, ошондой эле куралдуу к?чт?рд?н тиешел?? т?р?н? карай бул наамдарга кошулуп айтылчу кошумча аталыш (мисалы, авиациянын Генерал-майору) белгиленген. КРде Генерал-майор, Генерал-лейтенант, Генерал-полковник, армиянын Генералы деген наамдар сакталган. Бул наамдар
КРдин
Президентинин Указы менен ыйгарылат.