Гендердик ролдор

Википедия дан

Гендердик рол ? адамдын жынысына таандык болгон ж?р?м-турумдун кандай т?рл?р? алгылыктуу, ылайыктуу же жагымдуу деп эсептелерин аныктоочу социалдык нормалардын комплекси. [1] Адамдын гендердик ролго ылайык келбеши ? гендердик конформсуздук деп аталат. Ар кайсы маданияттарда гендердик ролдор айырмаланып турат, ошол эле учурда жалпыга таандык окшоштуктар дагы бар. Гендердик ролдор жана алардын т?рл?р? кайсы де?гээлде биологиялык фактор менен аныкталат, кайсы де?гээлде коомчулук тараптан т?з?л?т деген бирдикт?? к?з караш жок. Жалпысынан гендердик ролдор биологиялык , когнитивдик жана социалдык факторлордун таасири астында ?н?г?п ж?р?п отурат.  

Теориясы [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Гендердин социалдык конструкциясы ? бул коомдо гендердин жана гендердик ролдордун ?к?м с?р?п жатканы ж?н?нд? социологиялык концепция. [2] Коом жана маданият гендердик ролдорду жаратат, анын уландысы катары бул ролдор конкретт?? жыныстагы адам ?ч?н идеалдуу же ылайыктуу ж?р?м-турум катары бекитилет. “Эркек кандай болушу керек?” деген суроого конкретт?? бир маданияттын же коомдун берген жообу ? социалдык конструктун негизи. Мисалы, к?пч?л?к маданияттар эркек ? ?й-б?л?с?н финансылык жактан камсыз кылууга милдетт?? деп тааныйт. Башка маданияттарда, мисалы, те? укуктуулук к?рс?тк?ч? жогору жана салттуу гендердик ролдор таасирин жоготуп бараткан коомдордо эркектин финансылык статусу, ж?нд?м? анчалык мааниге ээ болбошу м?мк?н. Айрым илимпоздор эркек менен аялдын ортосундагы ж?р?м-турумдун айырмачылыгы социалдык шарттуулук гана дешет. Ал эми башкалар ж?р?м-турумга ар кайсы де?гээлде к?п тараптуу биологиялык факторлор таасир этет, ошондой эле социалдык гипотезалар жыныстык ж?р?м-турумга олуттуу таасирин тийгизет деп бекемдешет.  

Биологиялык факторлор [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Эволюциялык психология ? гендердик дифференциацияны тукум куучулук катары карайт. [3] Гендердик ролдордун тукум куучулуктан жаралышы сексуалдык ?н?кт?шт? тандоо, репродуктивдик стратегия, ата-эненин тукум улоочулукка кошкон салымы жана эркектердин агрессивд??л?г?н? ?зг?ч? к???л буруу аркылуу анализделет. Бул к?з караштан караганда, заманбап гендердик ролдор ? адамдын ата-тегинин эркектер жана аялдардын репродуктивдик милдеттеринин айырмачылыктарына ийгиликт?? адаптациялануусунун натыйжасы. Эмпиристтик маалыматтар гендердик ?н?г??н?н биологиялык теориясынын негизги жоболорун четке кагат. К?пт?г?н изилд??ч?л?р биологиялык-ориентацияланган изилд??л?рд?н ыкмасын сындашат. [4] Анткен менен биологиялык теориялар популярдуу жана коомдо ке?ири тараган.          

Биологиялык детерминизм адамдын жана коомдун жашоосун толук бойдон биологиялык фактор аныктайт дейт. [5] Мисалы, назиктик ? бул табияттан аялга таандык, же эмоционалдуулук ? бул табияттан эркектерге жат нерсе деген к?з караш. Гендердик ролдор ?й-б?л?д? калыптана баштайт. Кыздар кичине кезинен: кыз деген назик, кыялкеч, алсыз, эмоционалдуу, сулуу, тыкан, камкор болушу керек деп тарбияланат. [4] [6] Балдарды, тескерисинче, к?чт??, чечкинд?? жана чыдамкай болууга, ыйлабоого, эмоциясын жашырууга ?йр?т?ш?т. Балдар кызгылт т?ст?? кийим кийбеши керек, кыздар тапанча эмес, куурчак ойнойт деген нормалар... К?т??н?н так ушул комплекси балдар менен кыздарда коомчулук “алгылыктуу”, “жагымдуу”, “ылайыктуу” деп тааныган гендердик ролдорду калыптандырат.  

Гендердик ролдор жана маданият [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Заманбап коомдо адамдарды 2 топко: эркектер жана аялдар деп б?лг?н бинардык гендердик систем ?ст?мд?к кылат. [7] Бул системге карата адамдын т?р?лг?нд?г? жынысы менен гендердик ролу, гендердик идентт??л?г? жана сексуалдык ориентациясы шайкеш ж?р?ш? керек. Бирок антропологиялык изилд??л?р к?рс?тк?нд?й, мындай шайкештикти орнотуу д?йн? боюнча универсалдуу эмес: к?пт?г?н маданияттарда биологиялык, ошол эле анатомиялык жыныс гендердик ролдорду аныктоодо маанил?? ролду ээлебейт. [8] Т?нд?к америкалык айрым маданияттарда 3 же 4 гендер жана гендердик ролдор бар: алар ?ч?нч? жыныс, “эки жан д?йн?л?? адам” [9] же бердаштар деп белгил??. Ал эми Батыш африкалык йоруба маданиятында гендер маанил?? социалдык категория эмес. Социалдык ролдор биринчи кезекте адамдын жаш курагына жана уруусуна карап аныкталат. [10] Ат?г?л бири-бирине абдан жакын деген маданияттарда да гендердик ролдор айырмаланган учурлар бар. Мисалы, Батыштын орто класстагы катмарында 1950-жылдардан тарта аялдардын гендердик ролу ? ?й кожойкелик эле. Ушул эле коомдо ?йд?н тышкары ишт?? ? жумушчу класстагы аялдар ?ч?н гендердик ролдун кадимки элементи болчу. [11]

8-март маршында "Чай куюу аялдын милдети эмес" чакырыгы.

Жалпылап караганда к?пч?л?к патриархалдык маданияттарда гендердик ролдордун табияты окшош: аялдын негизги ролу ? очок ээси болуу, тукум улоо жана бала тарбиялоо. Эркектин ролу ? ?й-б?л?н? коргоо, финансылык жактан камсыздоо. Эркектер к?чт??, чечкинд??, агрессивд??, бийлик ж?рг?з??г? шыктуу, ал эми аялдар алсыз, бир??г? таянып жашаган, сезимтал, назик жан деген элестет?? бекем орногон. Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин доценти Осауленко ?з?н?н “Кадимки укуктагы мусулмандык диний нормалардын гендердик аспекттери” деген эмгегинде Исламдагы гендердик ролдогу айрым адилетсиз сезилген жагдайларга токтолот. “Исламда аялдын к?й??с?н?н к?з?н? ч?п салуусуна катуу тыюу салынары, мындай жорук ?ч?н аялга катаал жаза берилери эскертилет. Эркектер ?ч?н дагы ойноштук кылууга тыюу салынат, бирок бул ?ч?н эркектерге эч кандай жаза каралган эмес: башка бир??н?н менчигине кол салуу катары гана каралат” дейт окумуштуу. Гендердик ролдор ?зг?р?п жатканына карабастан кыз кандай учур болбосун бир??г? (эркекке: атасына, агасына, инисине же досуна) таянышы керек, турмуштагы аял сыртта иштебей ?йд? отурганы туура деген к?з караш жоюла элек.

Медиада аялдарга сексуалдык объект жана ?й кожойкеси катары, эркектерге башкаруучу катары басым жасалат. 2000-жылдары Россияда популярдуу 3 телеканалдын жарнамалык роликтерине анализ ж?рг?з?лд?. Жарнамада аялдар к?б?нч? ырахаттануунун объектти катары (24,7 пайыз), ?й-б?л?н?н очок ээси катары (17,3 пайыз), модель катары (16 пайыз), жубай катары (12,9 пайыз), эне катары (10,4 пайыз) жана 4 гана пайыз ишкер аялдын образы катары к?рс?т?лг?н. Ал эми эркектер к?б?нч? саясий ишмер жана жетекчи катары чагылдырылары аныкталган.  

Гендердик ролдордун ?зг?р?ш? [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер к?р?ш? боюнча д?йн?н?н 2 жолку чемпиону.

Коомдун ?зг?р?ш? ? гендердик ролдорду да ?зг?рт?т. 21-кылым жа?ы ?й-б?л? структуралары, билим бер??, массалык маалымат каражаттары жана башка к?пт?г?н факторлордон улам гендердик ролдордун кескин ?зг?рг?н убагы. Тарых бою жубайларга белгил?? бир коомдук функциялар ж?кт?лг?н. Аялдар ?й иштери жана бала тарбиялоо менен алектенч?, эркектер болсо камсыздоочу ролун аткарчу. Бирок азыр ролдор ?зг?р??д?, заманбап аялдар жашоонун бардык ч?йр?с?нд?: саясатта, бизнесте, илимде, спортто, маданиятта ийгилик жаратып жатышат. Европада эркектердин жа?ы т?р?лг?н баласын кароо ?ч?н декреттик ?рг??г? чыгышы б?г?н нормалдуу к?р?н?ш. [12] Бул коомдордо “?йд? бала багып отурган ата ?з?н бактысыз сезбеши керек, ал эми карьера жасап ийгилик жаратып жаткан аял аялдык касиети жок же ?й-б?л?с?н арткы планга калтырды деген жеме укпоого тийиш” деген идеология иштейт. Кыргызстанда аталардын декреттик ?рг??г? чыгуу м?мк?нч?л?г? дагы каралган, бирок бул практика к?п учурда иш ордун жоготуп албоо ?ч?н колдонулуп келатканын белгилейт Клара Сооронкулова . [13] Чыгыш коомунда салттуу гендердик ролдор салыштырмалуу жай болсо дагы ?зг?р??г? учурап келатат. Аялдар к?п бала т?р?? жана ?й иштери менен гана чектел??н? улам четке с?р??д?. Кыргызстанда жыл сайын ?тк?р?лг?н аялдар укуктары ?ч?н марштар “Келин ? кул эмес”, “Чай куюуга милдетт?? эмесмин”, “Кааласам т?р?йм, каалабасам жок” деген ураандар менен коштолуп келатат. Бул маселеде кызыкчылыктардын тикелей карама-каршы чыкканын ачыктаган окуя Кыргызстанда 2022-жылы болду: Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова к?р?шт? Д?йн? чемпиону аталып, б?т?нд?й республика с?й?н?п жаткан учурда белгил?? диний ишмер ?з?бек Чотонов спортчу кыздын денеге чапташкан формасы ?ч?н “уят” деп чыкты. Салттуу гендердик ролдор аялдын эле эмес, эркектин да ?н?г??с?н? тоскоол болууда дешет адистер. Эркек жакшы жумушта иштеши керек, к?п акча табышы шарт, физикалык жактан к?чт?? болууга тийиш деген т?ш?н?к бекем орноп калгандыктан бул нормаларга ылайык келбеген учурда к?пч?л?к эркектер стресске кабылышат. [14] Мисалы, “?й-б?л?мд? татыктуу бага албай жатам” деген ой эзиши м?мк?н.  

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  1. Levesque R.J.R. (2011) Sex Roles and Gender Roles. In: Levesque R.J.R. (eds) Encyclopedia of Adolescence. (англ.). Springer, New York, NY. ISBN 978-1-4419-1695-2.
  2. Lindsey, Linda L. The sociology of gender // Gender roles: a sociological perspective. (англ.). Boston: Pearson, 2015. ? С. 4. ? ISBN 9780205899685.. ? ≪Гендер белгил?? бир социалдык контексттер аркылуу эркек жана аял менен байланышкан социалдык, маданий жана психологиялык сапаттарды билдирет. Секс бизди эркек же аял кылат; гендер бизди маскулиндик же фемининдик кылат. Жыныс - бул ыйгарылган статус, анткени адам аны менен т?р?л?т, бирок гендер - жетишилген статус, анткени аны ?йр?н?? керек.≫.
  3. Archer, J. Sex differences in social behavior: Are the social role and evolutionary explanations compatible? (англ.) // American Psychologist. ? 1996. ? № 51. ? С. 909?917.
  4. 4.0 4.1 Bussey, K., Bandura, A. Social cognitive theory of gender development and differentiation (англ.) // Psychological review. ? 1999. ? Т. 106, № 4. ? С. 676?713.      
  5. "When Is Biology Destiny? Biological Determinism and Social Responsibility". Philosophy of Science. 70 (5): 1184?1194. doi:10.1086/377399. JSTOR 10.1086/377399.
  6. O'Reilly, P. The Impact of Sex-Role Stereotyping on Human Development (англ.). // Monograph. ? 1988. ? Т. 3, № 1.
  7. Rosenblum, Darren. 'Trapped' in Sing-Sing: Transgendered Prisoners Caught in the Gender Binarism (англ.) // Michigan Journal of Gender & Law. ? 2000. ? No. 6.
  8. Nanda, Serena. Gender Diversity: Crosscultural Variations. ? Waveland Pr Inc, 1999. ? ISBN 978-1577660743.
  9. Roscoe, Will. Changing Ones: Third and Fourth Genders in Native North America. Palgrave Macmillan, 1998 ISBN 0-312-22479-6
  10. Oyewumi, Oyeronke. Conceptualizing gender: the eurocentric foundations of feminist concepts and the challenge of African epistemologies (англ.). // Jenda: a Journal of Culture and African Woman Studies. ? 2002. ? Т. 2.
  11. B. Hooks. Rethinking the Nature of Work // Feminist Theory: From Margin to Center. (англ.). Pluto Press, 2000. ? ISBN 9780745316635.
  12. Maternity and Paternity at work: Law and practice across the world Where do fathers get more leave? https://www.ilo.org/global/about-the-ilo/multimedia/maps-and-charts/WCMS_241699/lang--en/index.htm Кир?? к?н?: бугу айынын 10, 2022.
  13. А. Касмалиева, Декретные отпуска среди мужчин-прокуроров набирают популярность (орус.). Чын куран дын 15, 2016 // Кир?? к?н? бугу айынын 11, 2022.
  14. Алешина  Ю.Е.,  Лекторская  Е.В.  (1989). Ролевой  конфликт  работающей  женщины. Вопросы психологии (5), 80-88.