한국   대만   중국   일본 
Буряттар - Википедия Мазмунга ?т??

Буряттар

Википедия дан

Буряттар (?зд?р?н буряад деп аташат) ? Россиянын курамындагы Бурят Республиканын жергиликт?? калкы. Иркутск облусунун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу менен Чита облусунун Ага-Бурят автономия округдарында, ошондой эле Т?нд?к Мо?голия жана Т?нд?к Чыгыш Кытайда да жашашат. Жалпы саны 445,2 ми? адам (2002), анын ичинде Бурятияда 272,9 ми? адам. Бурят тилинде с?йл?ш?т, мо?гол жана орус тили да колдонулат. Дини христиан, ошондой эле будда динин жана шаманизмди тутушат. Буряттардын этностук негизин т?зг?н айрым уруулар Байкал аймагында байыртадан эле жашаган. Алар биздин заманга чейинки 3-кылымдын башталышында Борбордук Азия мамлекеттеринин (хунн, сяньби, жужан, т?рк жана башка) курамына кирген. 8?9-кылымда Байкал аймагы Уйгур хандыгынын бир б?л?г? болуп, мында курыкан жана байырку-байегу уруулары жашаган. Буряттар 11?13-кылымда Мо?гол мамлекетине кошулуп, анын саясий, чарбалык жана маданий турмушуна катышкан. Бурят (бурийат) этноними ж?н?нд? алгач мо?голдордун ≪К???лд? ыйык сактала турган жомоктор≫ (1240) деген жазма маалыматтарында эскерилет. Буряттар 17-кылымдын башталышында булагат, эхирит, хорин, хондогор урууларынын бириг??с?н?н негизинде калыптанган. Бул мезгилде буряттар Жу?гар хандыгынын курамында болгон. 17-кылымдын ортосунда Байкал аймагы Мо?голиядан б?л?н?п, Россиянын курамына кирген. Россия мамлекетт??л?г?н?н шартында ар т?рд?? топтор жана уруулардын консолидация процесси башталган. 19-кылымдын аягында бурят этносу т?з?лг?н. 1921-ж. Ыраакы Чыгыш Республиканын курамында Бурят-Мо?гол автономия облусу, 1922-ж. РСФСРдин курамында Бурят-Мо?гол автономия облусу, 1923-ж. Бурят-Мо?гол АССРи, 1958-ж. Бурят Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы, 1992-ж. Бурят Республикасы т?з?лг?н. Буряттар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балыкчылык менен кесиптенишип, к?чм?н турмуштагы буряттар жыгач жана кийизден жасалган алты жана сегиз кырдуу боз ?йл?рд? жашашкан. Алар бара-бара отурукташып, орустардын таасири менен жыгачтан жасалган ?йл?рд? курушуп, боз ?йл?рд? кошумча колдонушкан. Аялдар т?рд?? т?ст?г? кездемелерден кооздолуп жасалган к?йн?к кийип, эки ?р?м чачына алтын-к?м?шт?н жасалган асем буюмдарды тагынган. Эркектер тик жакалуу, к?рк?мд?л?п саймаланган узун к?йн?к кийип, белине к?м?ш кур, ал эми байлар жана нойондор жогорку социалдык абалын к?б?л?нд?рг?н атайын кафтан кийип, канжар, орден-медалдарды тагынган. Тамак-ашы негизинен эт, с?т, дан азыктары жана жер-жемиштер. С?тт?н жуурат, быштак, курут, май, каймак, айран, кымыз даярдашат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]