한국   대만   중국   일본 
Бангалор - Википедия Мазмунга ?т??

Бангалор

Википедия дан
Бангалор.

Бангалор шаары , Бангалур, Бенгалуру - Индиянын т?шт?г?нд?г? шаар. Карнатака штатынын администрациялык борбору. Калкы 4,9 млн (2005; шаар айланасы менен 6,1 млн). Калкынын саны боюнча ?лк?д?г? 3-шаар. Декан б?кс? тоосунда, 900 м бийиктикте жайгашкаи. Жолдор тоому. Аэропорту бар. 1537-ж. негизделген. Шаарда Гави Гандхарешвара жана Басаваи аска бетине салынган храмдар (16-к.), Ыйык Мария (1875-82), Ыйык Андрей (1867), Ыйык Франциско Ксаверия (1911) чирк??л?р? сакталган. Бангалор т?шт?к. Индиядагы кришнаиттер кыймылынын (Кришна храмы, 1997) чордону. ?лк?н?н ири ?н?ржай, илим жана маданий, 1969-жылдан космосту изилд??н?н индустриялык борбору. Илим-изилд?? институттары, университет (1964), айыл чарба ун-ти (1964), Индия илимий институту (так жана техника илимдери; 1909), борбордук китепкана (1914), мамлекеттик музей (1866) бар. Эларалык авиакосмос техникасы к?рг?зм?с? (2 жылда 1 жолу) ?тк?р?л?п турат. Станок жана авиа куруу заводдору, электр-техника, фармацевтика, тамак-аш, текстиль (жибек, кебез-кездеме ?н?ржайынын борбору), жыгаччылык ?н?ржайлары бар.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • ≪Кыргызстан≫. Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4