한국   대만   중국   일본 
Балет - Википедия Мазмунга ?т??

Балет

Википедия дан
Балет.

Балет - (фр. ballet, итал. balletto) ыргактуу кыймыл-аракет жана бий каражаттары аркылуу айтылуучу ойду, чыгарманын мазмунун угуучу-к?р??ч?л?рг? жеткире алган сахна ?н?р?. Жалпы драматургиялык пландын (сценарийдин) негизинде балет музыканы, хореографияны (бий, пантомима), с?р?т ?н?р?н (декорация, костюмдар, жарык бер?? ж. б.) ?з?н? камтыйт. Азыркы европ. Б. Кайра жаралуу доорунда пайда болгон. Ту?гуч балет спектакли Италияда 15-16-кылымда, Францияда 16- кылымдын 2-жарымында (Б. Бальтазаринин ≪Королеванын комедия балети≫, 1581) жаралган. 18-кылымда Англияда, Австрияда, кийиичерээк Францияда ?залдынча сахна ?н?р? катары толук калыптанган жана таанылган. Россияда 1730-жылдан сахнада балет оюндары ?зг?лт?кс?з коюла баштайт. Франция менен Россиядагы балет ?н?р?н?н табылгалары романтикалуу балеттин жаралышын шарттайт. Бара-бара бийдин жа?ы т?рл?р?, аялдардын аяк учу менен бийлеши пайда болот. Ушул багыттагы балеттик спектаклдердин бири Адандын ≪Жизель≫ балети (1841). Балет 19-20-кылымында алды?кы ?лк?л?рд? улуттук маданияттын ?н?кк?н т?р?н? айланат. Композитор-симфониячылардын балет ?н?р?н? кайрылуусу маанил?? к?р?н?ш болгон, мисалы, П. И. Чайковскийдин ≪Уйкудагы сулуу≫ (1890), ≪Щелкунчик≫ (1892; Л. Иванов менен бирге), А. Глазуновдун ≪Раймонда≫ (1898) балеттеринде музыкадагы ойлор менен сезимдер бий аркылуу туюнтулган. Б. Асафьевдин (≪Париж жалыны≫, ≪Бахчисарай фонтаны≫), Р. М. Глиэрдин (≪Кызыл г?л≫),А. И. Хачатуряидын (≪Гаянэ≫, ≪Спартак≫), С. С. Прокофьевдин (≪Ромео жана Жульетта≫), А. Крейндин (≪Лауренсия≫), К. Караевдин (≪Жети сулуу≫) чыгармалары балет ?н?р?н ?н?кт?р??г? чо? салым кошту. Кыргызда балет ?н?р? классикалык бийди ?зд?шт?р??н?н, эл турмушун жана ?рп-адатын ?йр?н??н?н негизинде келип чыккан. Кыргыздын ту?гуч бийлери 1937-ж. ≪Алтын кыз≫ музыкалык драмасында жана ≪Айч?р?к≫ операсында (1939; балетмейстер Н. С. Холфин) колдонулган. ≪Анар≫ балети (1940) кыргыздын улуттук балет ?н?р?н?н саамалыгы. Кыргыз балетинин ?с?ш?н? бийчилер Б. Бейшеналиева , Р. Чокоева, Ч. Базарбаев, А. Токомбаева ж. б. зор салым кошкон. Бий мугалимдерин жана балетмейстерлерди Москвадагы А. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институту, Ленинграддагы Н. Римский-Корсаков атындагы консерватория, Кыргызстанда Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореография окуу жайы даярдайт.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • Кыргызстан ≫. Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4