한국   대만   중국   일본 
Айыл чарба - Википедия Мазмунга ?т??

Айыл чарба

Википедия дан
Айыл чарба.

Айыл чарба - мал чарба жана дыйканчылык азык-т?л?г?н алуу ?ч?н айыл чарба ?с?мд?кт?р?н ?ст?р?? жана мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак-аш, азыкт?л?к, ?н?р жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын к?зд?йт.

Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы , дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%и айыл жеринде жашашы аграномиялык ?лк? болушуна жана айыл чарбанын ?н?г?ш?н? шарт т?зг?н. Кыргызстандын айыл чарбасынын ?н?г??с?н тарыхый ?ч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалистик революциясына чейинки, СССР убагындагы жана эгеменд?? мамлекет учурундагы мезгилге б?л?п кароого болот. Алгачкы мезгилде социалистик-экономикалык шарттарга ылайык керект??л?рд? гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында негизги ?нд?р?ш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар - колхоз, совхоздордо ?нд?р?шт? пландуу т?рд? ?н?кт?р?? менен анын илимий техникалык прогресске таянган жа?ы материалдык-техникалык базасы т?з?лг?н. Капиталдык салымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кайрымдуулугуна, интенсивд?? технологияны ?нд?р?шк? киргиз??г? зор к???л бурулган. Чарбанын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын к?б?й?ш?, илимдин жана алды?кы тажрыйбанын жетишкендиктерин ?нд?р?шк? системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуулукту камсыз кылган. Айыл чарба ички д?? продукциянын 36-40%ин т?з?т, ?з ара тыгыз байланыштуу эки ири тармакка (дыйканчылык жана мал чарбасы) б?л?н?т. Дыйканчылык тармагына эгилме ?с?мд?кт?рд? ?ст?р??, башкача айтканда, дан, жашылча, жемиш, картошка, техникалык жана май алынуучу ?с?мд?кт?р, тоют ?с?мд?кт?р жана тамеки ?ст?р?? кирет. Айыл чарба ?с?мд?кт?р? коомдун ?нд?рг?ч к?чт?р?н ?рк?нд?т??д? зор роль ойнойт, себеби аларды ?ст?р?? айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу де?гээлин к?т?р?? менен азык-т?л?кт? кайра иштет??н? шарттайт. Мал чарбасына кой, бодомал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра ?н?кт?р?? материалдык, акча жана эмгек ресурстарын ургаалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын т?з??, мал чарбасын илгерилетип ?ст?р?? м?мк?н эмес, ал эми мал чарбасы ?з кезегинде дыйканчылыкка э? баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги ?нд?р?шт?к каражат жер болуп эсептелет. Айыл чарба ?нд?р?ш?н адистештир?? жана жайгаштыруу жердин ?зг?ч?л?г?н?, базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул ?зг?ч?л?к кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны ж?рг?з?? системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 млн га, жалпы жер аянтынын 54%и (10,797 млн га), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 млн гасы айдоо жер, 9,2 млн гасы жайыт жана 0,17 млн гасы табигый ч?п чабынды. 1991-жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз-совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жа?ы ?нд?р?шт?к система дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган. Натыйжада 2004-жылдын башында чарба ж?рг?з??ч? субъектилердин саны 267,8 ми?ди т?з?п, анын ичинде 266,0 ми? дыйкан жана фермер (99,3%), 1830 мамл. чарбалар жана ар кандай кооперативдер (0,7%) болгон. Эгерде Советтер Союзунун убагында айыл чарба азык-т?л?кт?р?н негизинен колхоз-совхоздор ?нд?рс?, реформанын натыйжасында айыл чарба продукцияларынын 5%и гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%и калктын к?м?кч? жана 63%и дыйкан-фермердик чарбаларда ?нд?р?л??д?. 2003-ж. айыл чарбанын д?? продукциясы 53565,2 млн. сомду т?з?п, анын ичинде дыйканчылыктын ?л?ш? 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон. 2003-жылдын 1-январына карата республтикада 9,2 млн га жайыт жердин 4,13 млн гасы жайкы, 2,95 млн гасы жазгы-к?зг? жана 2,1 млн гасы кышкы жайыт. Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан аны эл ижарага алуу жолу менен пайдаланышат. Ири жайыттар Аксай, Арпа, Суусамыр, Чо?алай, Чаткал, Кара-Кужур ?р??нд?р?нд? жана Ысык-К?л сырттарында. 1990-ж. ?лк?д?г? койдун саны 17,87 млн башты т?з?п (шарттуу т?рд?), бир гектар жайытка 1,94 баш туура келип, экологиялык жактан негизделген нормадан 2,2 эсеге к?п болгон, ал эми 2003-ж. шарттуу т?рд? кой 10,89 млн баш болуп, бир гектар жайытка 1,18 баш туура келген. Бирок, эл жашаган кыштактардын тегерегиндеги жайыттын бир гектарына 2,74 баш шарттуу кой туура келгендиктен, айлана-ч?йр?г? терс таасир тийгизбей, жайытты ырааттуу пайдалануу учурдун маанил?? маселеси. Республикада 2003-ж. 1,094 млн га бардык айдоо жердин ?с?мд?кт?р? (ми? га) 619,0 (56,5%); техникалык ?с?мд?кт?р - 147,2 (13,5%); картошка жана жашылча-бакча ?с?мд?кт?р - 124,1 (11,3%) жана тоют ?с?мд?кт?р? 203,6 ми? га (18,6%) аянтын ээлейт. Айыл чарбасынын д?? продукциясынын динамикасы, % м-н (1990 ? 2003-ж.):

Жылдар Млн сом 1990-ж-га, %
1990 52161,9 100,0
1991 46945,7 90,0
1992 44363,7 85,1
1993 40016,1 76,7
1994 32613,1 62.5
1995 31960,8 61,3
1996 36850,8 70,6
1997 41346,6 79,3
1998 42545,7 81,6
1999 46034,4 88,3
2000 47231,3 90,5
2001 50679,2 97,2
2002 52250,3 100,2
2003 4253,8 104,0

Дан эгиндеринин т?ш?мд??л?г? ар гектарынан 27,3 ц, кант кызылчасыныкы - 260,3 ц; пахтаныкы - 26,1 ц; тамекиники - 24,1 ц; картошконыкы - 155,0 ц жана жашылчалардыкы - 178 цди т?з?т. ?р?нч?л?к - дыйканчылыкты ?н?кт?р? ?ч?н негизи. 1991-93-жылдарда объективд?? жана субъективд?? себептерден ?р?нч?л?к чарбалар жоюла баштаган, ал эми 1995-ж. кайра жанданып 46, ал эми 2004-ж. республикада ?р?нч?л?к чарбалардын саны 223к? жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, ≪Жа?ы пахта≫ эксперименттик чарба, Кара-Суу районундагы пахтачылык тажрыйба, Ак-Суу районундагы Ысык-К?л тажрыйба, ?зг?нд?г? ≪Тамеки≫ илимий ?нд?р?шт?к станциялары жогорку категориядагы ?р?нч?л?к чарбалар, буларда жа?ы сорттор чыгарылып, райондоштуруу боюнча селекциялык иштер ж?рг?з?л?т. 2004-жылдын 1-январына карата республикада 1003,4 ми? мал, анын ичинде 538,5 ми?и уй, 3677,3 ми?и кой-эчки, 340,2 ми?и жылкы, 82,8 ми?и чочко жана 4332,2 ми?и ?й канаттуулары болгон.

Айыл чарба ?с?мд?кт?р?н?н д?? жыйымынын динамикасы (1990 - 2003-ж.), ми?:

А.ч.?с?мд?кт?р? 1990 1993 1995 1997 2000 2003
Дан 1572,2 1507,7 913,3 1618,9 1568,7 1670,5
Кант кызылча 1,7 220,2 107,4 205,5 449,8 812,2
Пахта чийки заты 80,9 49,2 71,5 62,4 87,9 105,9
Тамеки 52,9 48,6 17,6 25,7 34,6 8,7
Картошка 342,6 308,3 431,6 678,0 1045,6 1308,2
Жашылча 404,8 259,3 318,4 478,7 746,8 678,0

2002-ж. КР эт жана с?т ?нд?р?? боюнча шериктеш ?лк?л?рд?н ичинде алтынчы, Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээлеген. ?лк?б?зд?н к?з карандысыздыгынын алгачкы жылдарында мал чарбасы жана анын азык-т?л?кт?р?н ?нд?р?? де?гээли т?м?нд?п кеткен, ал эми 1995-жылдан кийин гана бул тармактагы абал турукташып, ?с?? темпи камсыз болууда. 2003-ж. бир саан уйдан орточо с?т саап алуу 2154 кг, бир койдун орточо ж?н кыркымы 3,5 кг жана бир мекияндан алынган жумуртка 118 даананы т?зг?н. Асылдандыруу иши - мал чарбасынын негизи. Б?г?нк? к?нд? мал чарба фермасында, калктын короосунда жергиликт?? табигый климаттык шартка жакшы к?н?кк?н, жогорку азыктуу койдун кыргыз уя? ж?нд??, тяншань, алай, уйдун алатоо, олуяата, жылкынын кыргыздын жа?ы, эчкинин тыбыт жана ж?н бер??ч?, тооктун кыргыз тукумдары ?ст?р?л??д?. Мал чарба продукцпяларын ?нд?р??н?н дпнамикасы (1990-2003-жж.), ми?:

Продуктулар 1990 1993 1995 1997 2000 2003
Эт (союлган салмак) 254,0 214,3 179,9 186,3 196,1 200,9
С?т 1185,0 946,0 864,2 910,9 1105,2 1191,8
Ж?н 39,0 31,2 14,8 11,4 11,7 11,6
Жумуртка (млн даана) 717,0 388,9 146,7 163,8 207,4 267,6

Асыл тукум мал чарбасын 228 чарба ж?рг?з??ч? субъект т?з?т. Айыл чарбаны пландоо жана ке?еш бер?? жактан камсыз кылуу ?ч?н агрардык илим жана консулътациялык кызмат борбору, анын карамагындагы т?рт илимий-изилд?? институттары, айылдык ке?еш бер?? кызматы окутуу-ке?еш бер?? борбору менен тыгыз байланышта иш ж?рг?з?ш?т. Кыргыз агрардык университети жана техникумдар агро-?н?р жай комплекси ?ч?н жогорку жана атайын орто билимд?? адистерди даярдашат.

Колдонулган адабияттар [ т?з?т?? | булагын т?з?т?? ]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов ?. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1